"Жаракага карабай үй салышты". Бишкектеги кооптуу курулуштар
Бишкектин Ынтымак конушунда көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Буга жергиликтүү тургундар нааразы. Жашоочулар жерде жарака барын, эки кабаттан өйдө үйлөрдү курууга мурда уруксат берилбегенин айтууда. Мындан тышкары мурда эле баш ооруга айланган суу, жарык, канализация, таштанды маселеси курчуйт деп кооптонушат. Бишкек шаарынын курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы борбор калаа боюнча көп кабаттуу 37 үй мыйзамсыз курулуп жатканын айтууда.