Президенттин башка жарлыктары менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков дайындалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы баш болгон бардык курамы 18-декабрда Жогорку Кеңеште ант берди.
Парламент депутаты Жанар Акаев Адылбек Касымалиевдин салык тармагындагы коррупциялык иштерге байланыштуу жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.
Ал төраганын орун басары болуп турганда салык тармагына жоопкер болгонун белгилеп, алдыда бул багыттагы аракеттерине кызыкты.
“Сиздин мурдагы жетекчиңиз (ред: Акылбек Жапаров) кызматтан кетти. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси салыктык акциз боюнча иштеги сумма 3 миллиард деп жатты эле, кечээ 30 миллиарддан ашты деди. Сиз дал ошол салыктын, экономиканын, финансы тармагынын куратору болгонсуз. Сиз башкарып турган учурда чоң суммадагы ката кетти, жоопкерчилик сизде да болушу керек деп эсептейм”, - деди Акаев.
Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын атынан жетекчи болуп келгенин эске салып, бул уюмда көйгөйлөр чечилбей турганын, мигранттарга байланыштуу, азык-түлүктөрдү импорттоодогу маселе курчуп келатканын кошумчалады.
Салык тармагында жаман окуя болгонун белгилеп, салык системасына эми түздөн-түз кароого мүмкүнчүлүк алганын, эми аймактагы инспекторлоруна чейин карап чыгып, түзүмдү оңдой турганын айтты.
“Керекпи, айлыгын көтөрөбүз, автоматташтыруу жагын, социалдык маселелерин чечип беребиз. Салыкчыга кандайдыр бир нерселерди алганга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Мага Садыр Нургожоевич да салык системасын өз калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди”.
Ал ЕАЭБ алкагында бардык жыйында кыргыз тараптын таламын талашып келгенин белгиледи.
Андан кийин жаңы өкмөт мүчөлөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды. Жаңы өкмөткө ийгилик каалады.
“Ачыгын айтып коюш керек бул жетишкендиктерге Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр барыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш аракеттеринен улам салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”.
Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын алдында Акылбек Жапаров бул кызматтан кеткени 16-декабрда белгилүү болгон.
- Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин Министрлер кабинетинин биринчи орун басары болуп турган. 64 жаштагы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград каржы-экономика институтунун экономист адистигин аяктаган. Эмгек жолун 1984-1988-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык ыкмалары боюнча илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп баштаган. 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеп, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда бошотулган. Ал кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу комментарий бере элек.
Касымалиевдин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп мурдагы экономика министри Данияр Амангелдиев дайындалган.
18-декабрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министри кызматын аткаруучу болуп дайындалган. Ал 2021-жылы Экономика министрлигинде инвестициялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийин тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген.
2024-жылы Сыдыков президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын кошумчалаган. 6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Мамлекеттик салык кызматындагы мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген. Бул иш боюнча УКМК Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын маалымдаган.
(Макала толукталат)
Шерине