Саясий-экономикалык гана эмес, гуманитардык кризистин кучагында калган бул өлкөдө эки күн мурда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, жакынкы Кошмо Штаттар жана Түштүк Америка аймагындагы бир катар мамлекеттер анын бийлигин дароо тааныган.
Ал эми Орусия жана Түркия Николас Мадуронун бийликтен четтетилип жатышын “мыйзамсыз жана тышкы кийлигишүүнүн натыйжасы” деп эсептешет.
Венесуэлада аткаруу бийлигинин ыйгарымын алууга оң миңдеген адамдардын алдында ант берген Хуан Гуайдону утурумдук президент катары эң алгачкы болуп тааныган АКШнын администрациясы азыр кандай аракеттерди көрүп жатканын, 24-январда Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон журналисттерге айтып берди:
- Биз азыр Мадуронун легитимсиз режимин киреше булактарынан ажыратууга көңүл буруп жатабыз. Хуан Гуайдону Венесуэланын утурумдук конституциялык президенти деп тааныганыбызга байланыштуу өлкөнүн кирешеси мыйзамдуу өкмөткө кетиши керек деп санайбыз. Биз Түштүк Америкадагы бир катар өкмөттөр менен сүйлөшүп жатабыз, алардын басымдуусу жаңы конституциялык өкмөттү тааныды. Убактылуу президентке кеңири саясий колдоону көргөзүү үчүн Европадагы, ж.б. башка жерлердеги кесиптештер менен байланышып жатабыз. Мыйзамдуу, өкүлчүлүктүү жаңы өкмөттү бекемдөө үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Венесуэла бизге жакын жарым шарда турат. Менимче, бул жерде биздин өзгөчө жоопкерчилигибиз бар, - деди Болтон.
Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео Америка өлкөлөрү уюмунун Вашинтгтондо 24-январда болгон жыйында Николас Мадурону “мурдагы президент” деп атады. АКШ анын аракеттерин “мыйзамсыз, жараксыз” деп эсептей турганын, анын режими “моралдык жактан банкрот” болгонун белгиледи.
Помпео Венесуэланын күч түзүмдөрүн утурумдук президенттин коопсуздугун камсыздоого, кыянатчылыктарга барбоого чакырды. 23-январда болгон демонстрация учурунда бир нече киши өлүп, 100дөн ашуун адам жараат алганы тууралуу маалыматтар барын кошумчалады.
АКШ Венесуэланын элине 20 миллион доллардык гуманитардык жардам көргөзө турганын да билдирди.
35 жаштагы Хуан Гуайдо өзүн Венесуэланын утурумдук президенти катары 23-январда оппозиция жактоочуларынын Каракастагы ири митинги учурда жарыялаган.
Ал эми Николас Мадуро ушул эле күнү АКШ менен “саясий жана дипломатиялык мамилени үзгөнүн”, анын дипломатиялык жана консулдук кызматкерлеринин баары өлкөдөн 72 саат ичинде кетишин талап кылган.
25-январга карата Хуан Гуайдону утурумдук президент катары Венесуэланын айланасындагы өлкөлөрдөн АКШдан башка Канада, Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста- Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор тааныды.
Мексика, Боливия, Куба, Никарагуа Мадурого колдоо көргөзүп жатат.
Алыскы өлкөлөрдөн Мадурону Орусия, Иран, Сирия, Түркия колдоду. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Венесуэланын ички ишине кийлигишти" деп АКШны күнөөлөдү.
Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бейшемби күнү Анкарадан сүйлөгөндө буларга токтолду:
- Трамп мырзанын билдирүүсү демократияга ишенген адам катары менен нес кылды. Орусиядан келе жатканымда Мадурого телефон чалып, "антидемократиялык окуяларга жол бербе, бекем тур" деп айттым. Өлкөнүн эркине каршы белгилүү бир ыкмалар колдонулушун жактырбайм. Биз муну колдой албайбыз. Мен Мадуро эгер өзүн колдогондор менен бирге кетсе, бул оор мезгилди жеңет деп ишенем.
Европадан болсо Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант “Венесуэланы алдыга жылдыргыдай ылайыктуу адам” деп Хуан Гуайдого ишенерин айтып чыкты.
Ал эми Евробиримдиктин аткаруучу органы Еврокомиссиянын билдиргенине караганда өзүн убактылуу президент деп жарыялаган оппозиция лидерин тааный турганы тикелей көргөзүлгөн эмес, бирок Евробиримдик “демократиялык жол менен шайланган институт катары Улуттук ассамблеяны толук колдой турганы, анын бийлиги калыбына келип, урматталышы керек”, - деп санарын белгилеген.
Венесуэланын Жогорку сотунун төрагасы Майкл Морено, коргоо министри Владимир Падирино Лопез сот бийлиги жана армия президент катары Николас Мадурону коргой турганын 24-январда кайталашты.
Венесуэлалык илимпоз, Гарвард университетинин профессору Рикардо Хаусманн өлкө армиясы азыр ач-жылаңач экенин айтууда:
- Куралдуу күчтөр курсагы ачка бир нече жүз миң кишиден турат. Алардын үй-бүлөсү бар, алар да кечээ (23-январь) көчөгө чыгышты. Үч жүздөй офицер камакта отурат, алар кыйноого алынган.
Өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кризистин таасирин өзгөчө куралдуу күчтөрдүн ортоңку жана төмөнкү катмары сезип жатканын 24-январда Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун талдоочусу Аманда Лапо (Amanda Lapo) да жазды.
Талдоочу президент Николас Мадурго каршы “аймактык ачык кыймыл” оппозициянын өлкөдөгү башаламандыкты токтотуу аракетине жаңы дем бергенин эске салып, армиянын колдоосун алса, “чечүүчү артыкчылыкка ээ болорун” белгиледи.
Мурда айдоочу болуп иштеген Николас Мадуро бийликке 2013-жылы мурдагы президент Уго Чавестин көзү өткөндөн кийин келген. Эки апта мурда эле бийлигинин экинчи мөөнөтүнө расмий киришкен.
Солчул бийлик башкарган Венесуэла 2010-жылдан бери экономикалык жана саясий кризистин кучагында, акыркы жылдары каржылык жана гуманитардык да кризиске кабылды.
Тамак-аш жетишпей, өлкөнү гиперинфляция каптап, анын көрсөткүчү соңку бир жыл ичинде 1 миллион 300 пайызга чейин көтөрүлгөн.
Мекенине коңшулаш 16 мамлекетке качууга жана кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны 3 миллиондон ашкан. БУУ ушул айдын башында венесуэлалык качкындар менен мигранттардын муктаждыгы үчүн 2019-жылы кеминде 738 миллион доллар талап кылынарын жарыялаган. Бирок расмий Каракас өлкөдө гуманитардык кризис бар экенин моюнга алган эмес.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.