Орусиянын Мамлекеттик Думасы 21-июнда Федералдык күзөт кызматынын (ФСО) мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Ага ылайык, эми ФСО кайтарган аткаминерлери тууралуу маалыматты жашыра алат. Мындан тышкары да бир топ ыйгарым укуктар берилген.
Күзөт кызматы Орусияда президентти, премьер-министрди, эки спикерди баш кылып бир катар жогорку даражалуу аткаминерлерди кайтарат.
Мыйзамдын "президент баш болгон айрым аткаминерлерди жана алардын үй-бүлөсүн радикалдык, террордук топтордон коргоо үчүн алар тууралуу маалыматты жашыруу" деген бөлүгү талкуу жаратууда. Бирок Думанын коопсуздук жана антикоррупциялык комитетинин төрагасы Василий Пискарев өзгөрүү корголо тургандардын декларациясына таасир этпесин, болгону алардын жашаган, жүргөн жерлери жашырыларын айтууда.
Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөсү Франц Клинчевич мыйзамды коргоп чыкты:
- Өтө олуттуу мамлекеттик жоопкерчиликти моюнга алган кызмат адамдары бар. Бүгүнкү күндө коркунучтуу нерселер көп, өзгөчө үй-бүлө мүчөлөрү үчүн. Мыйзам жөн жерден чыккан жок. Ал учурдагы жетекчилерге байланышы жок. Федералдык мыйзам узак убакытка кабыл алынып, мамлекеттин турмушу менен байланышта экенин да түшүнгүлө. Тилекке каршы биз башка доордо жашап атабыз. 21-кылымдын чумасы – эл аралык терроризм жөнүндө айтып жатам. Мындай кылмыштуу системанын толтура азапка сала турган реалдуу каражаты да, байланыштары да бар.
Бирок “Азаттыктын” орус кызматы "жашыруундар арасында аткаминерлердин банк эсептери, өлкө ичиндеги да, сыртындагы да кыймылсыз мүлктөрү кирет" деп жазат.
Думадагы каршы добуш берген депутаттар мыйзам айрым аткаминерлердин мүлк-байлыгы тууралуу маалыматты журналисттерден, элден жашырууга жол ачат дешет.
“Трансперенси Интернешнл – Орусия" антикоррупциялык борборунун эксперттери да буга чейин бул мыйзам өлкө жетекчилиги тууралуу маалыматтардын такыр чыкпай калуусуна алып келерин эскерткен.
Демилгеге башка укук коргоочулар, активист, коомдук ишмерлер да каршы чыгышкан. Алардын бири Мамдуманын мурдагы депутаты Геннадий Гудков Күзөт кызматы президент уруксат берген адамдардын баарын кайтара берерин белгилеп, убагы келгенде мүлкү жашырылчулардын тизмесине көп аткаминер кирип кетерин айтууда. Ал ошондой эле өнүккөн дүйнө өлкөлөрүндө тескерисинче жетекчилер тууралуу бүт маалыматтар ачык экенине токтолду:
- Келгиле, Орусия менен Америка Кошмо Штаттарын салыштыралы. Ал өлкөнүн сыры, куралы, душманы, президенттерине кол салгысы келген радикалдуу элементтери да көп. Бирок биз Трамп менен Обама тууралуу баарын билебиз. Анын кыздары, үй-бүлөсү тууралуу баарын билип, сүрөт-видеолорун көрүп турабыз. Кайсы гана убакта болбосун алардын мүлк-кирешеси, туугандарынын байлыктары тууралуу маалымат ала алабыз. Ал эми Владимир Владимировичке байланыштуу ушулардын бирин билесизби? Жеке мен билбейм. Мындай жаап-жашыруу радикалдуу элементтер же террористтерден эмес. Бул элдин кызматчылары кантип жашарын элден жашыруу. Анткени кызматчылар кызмат кылган элинен миң эсе бай.
Ошентип каршы пикирлерге карабай үчүнчү окууда жактырылган мыйзам долбоору эми Федерация кеңешинде колдоо таап, президент кол коюшу керек. Бирок бийлик сынчылары калган институттардан деле тоскоолдуксуз өтөөрүнөн күмөн санашпайт. Анткени аны президент Владимир Путин өзү Думага сунуштаган.
- Менимче, президент мындай чечимдерди жеке өзү кабыл ала турган жалгыз фигура эмес. Айрым кишилер ага бул маселе боюнча көп кайрылышса керек. Анын үстүнө өзү деле жакын адамдары, башка аткаминерлердин жүзүн ачкан макала-жарыяларды көрүп жаткандыр. Ошонун баары кошул-ташыл болуп отуруп жашырууга убакыт келди деши мүмкүн, - дейт иликтөөчү журналист Роман Шлейнов.
Орусияда акыркы айларда премьер-министр Дмитрий Медведевдин мүлктөрү боюнча иликтөө жарыяланып, өлкөдө эки ирет ири антикоррупциялык митинг өткөнү маалым. Ага чейин да өкмөттөгү жогорку кызмат адамдарынын, өлкөнүн баш прокурорунун, губернаторлордун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыктары ашкереленип, чоң резонанс жараткан.