1945–1949-жж. Нюрнберг соту
1945-жылы германдык нацизмдин үстүнөн жеңишке жетишкен антифашисттик ынтымакка кирген күчтөр Бавариянын Нюрнберг шаарында уюштурган сот жүрүмү XX кылымдагы алааматтуу согуш отун жандыргандарга каршы эл аралык коомчулуктун адилет жазасын камсыз кылууга тийиш болгон.
1945-жылы 20-ноябрда Нюрнберг шаарында башталган бул соттун жүрүшүндө германдык нацисттик режимдин туткунга түшкөн бир катар жогорку төбөлдөрү соттолгон. Бул эл аралык сот отурумдарынын алгачкы айлампасы 1946-жылдын 1-октябрына чейин созулган.
Нюрнбергдеги алгачкы сот айлампасында нацисттик 12 жетекчи өлүм жазасына кесилип, үч киши өмүр бою, төрт киши узак жылдарга эркинен ажыратылып, үч киши акталып чыккан. Андан кийин да 1946-жылдын ноябрынан 1949-жылдын апрелине чейин созулган башка да 12 сот ишин кароо жүзөгө ашырылган.
Нюрнберг соту кайсы бир мамлекеттин жетекчилери өз кылмыштары үчүн эл аралык сот жообуна тартылган адамзат тарыхындагы алгачкы өрнөк болуп калды. Антифашисттик шериктештер – АКШ, СССР, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү сот жообуна тартылып жаткан нацисттерди ачык суракка алышкан.
1946-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында соттун биринчи айлампасынын жыйынтыгы чыгып, сот өкүмдөрү угузулган.
Айтмакчы, өлүм жазасына кесилген 12 кишинин бири – нацисттик партиянын кеңсесинин башчысы Мартин Борман (17.6.1900 – 02.5.1945) сыртынан кесилген. Анын 1945-жылы эле өлгөндүгү тууралуу маалыматка ал кезде ишенишкен эмес. Анын сөөгү 1972-жылы Берлиндеги курулуш иштери маалында капысынан табылган. 1998-жылы ДНК текшерүүсүнүн негизинде бул сөөк Борманга таандыктыгы расмий далилденген. Кийин анын сөөгү өрттөлүп, күлү 1999-жылы 16-августта Балтика деңизине чачылган.
Өлүм жазасына өкүм кылынган Герман Гөринг (Hermann Göring) дарга асылаардан 3 саат мурда абакта уу ичип өлгөн.
Калган 10 нацисттик кылмышкер Нюрнберг абагындагы спорт залында дарга асылган. Алардын ичинен биринчи болуп мурдагы нацисттик тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентроп (Joachim von Ribbentrop) дарга тартылган. Ал тарыхта СССР менен гитлердик Германиянын “достугун” жана Чыгыш Европадагы бир катар аймактарды бөлүп алууга бири-бирине уруксат берген 1939-жылдын августундагы “Молотов–Риббентроп пактынын” негизги кол коюучуларынын бири катары да калды.
Өздөрүнүн жанын өздөрү мурдараак кыйган Адольф Гитлер, Йозеф Геббелс, Генрих Гиммлер сыяктуу нацисттик лидерлер гана бул сот жүрүмүнө тартылбай калган. Бирок алардын согушта жеңилүү ызасын тарткандыгынын өзү да алар өлөөр алдындагы опол тоодой моралдык жаза эле.
Германия президентинин 75 жылдык мааракедеги сөзү
Бүткүл дүйнөнү, анын ичинде асыресе Батыш Европаны да алкымдаган коронавирустун экинчи толкунунун айынан 20-ноябрда Нюрнбергдин "Адилеттик сарайында" тарыхый отурум башталган чакан залда (600-сот залында) өткөрүлгөн мааракелик иш-чарага азыраак киши катышты.
Бул иш-чара маалында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер чыгып сүйлөп, дүйнө коомчулугун нацисттердин эң жогорку төбөлдөрүн эл аралык укукка ылайык жоопкерчиликке тарткан жана шериктеш мамлекеттеринин аскерлери тарабынан жүзөгө ашырылган аскер трибуналдарынын түрмөгүнүн “мурасын” кадырлоого чакырды.
Президент Штайнмайердин айтымында, Нюрнберг сот жүрүмү эл аралык кылмыш укугу жана кылмыш иштерин кароо боюнча эл аралык сот системасы жаатында пайдубал жаратып берди. Эми бул система мындан ары да эл аралык укукка кайчы келген бардык өзгөчө олуттуу кылмыштар жазасыз калбай тургандай болуп камсыз кылынууга тийиш.
“Нюрнберг соту болбогон чакта, Сербия, Хорватиядагы же Руандадагы колбашчылар кыргындар, кыйноолор жана зордуктоолор үчүн жазаланбай калышмак жана азыркы тапта геноцид - кылмыш түрү катары жазаланбай калмак”, – деди Штайнмайер.
Ошону менен бирге Германиянын президенти кылмыштарды адилет сот аркылуу жазалоого багытталган эл аралык система азыркы тапта улам жаңы көйгөйлөргө кириптер болуп жатат, “анын ичинде биерде, Европада да көйгөйгө кабылууда” деп белгиледи.
Президент Штайнмайердин баса белгилешинче, 2002-жылдан бери геноцид, согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыш сыяктуу укук бузууларды жүзөгө ашыргандарды сот адилеттигине алып келген дүйнөдөгү жападан жалгыз туруктуу жана көз карандысыз сот болуп саналган Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна (ЭКС) кошулуудан алигиче АКШ, Орусия, Кытай жана башка ондогон мамлекеттер баш тартып жатышат.
Ал эми азыркы президент Доналд Трамптын тушунда Кошмо Штаттар Гаагадагы трибуналга каршы күрөш жүргүздү. Ак Үй Ооганстандагы америкалык жоокерлердин болжолдуу согуш кылмыштарга тийешеси бардыгын иликтөөгө тийиш болгон Гаага сотунун башкы прокуроруна жана анын негизги жардамчыларынын бирине чектөө салды.
Нюрнберг сотунун айрым жагдайдары жана тарыхый сабактары
Нюрнберг сот жүрүмүнүн биринчи айлампасы (1946-жылдын 1-октябрына чейин) 316 күнгө созулду.
Сот жүрүмү бир учурда удаа төрт тилге (синхрондуу) – англис, немис, орус жана француз тилдерине которулуп жатты. Бул синхрондуу котормо – ошол кездеги саамалыктардын бири болчу (буга чейин Женевада Эмгекти эл аралык уюштуруу уюмунун бир бөлүмүндө колдонулган экен).
Нюрнберг сотунда АКШ тарабынан башкы айыптоочу (прокурор) болгон Роберт Жексондун (1892–1954) уулу Уильям Нью-Йорктогу IBM компаниясы менен байланышып, андан эл аралык котормо системасынын (International Translator System; ITS) жабдуусун сураган. 5 тилге чейин бир учурда котормо уюштурган жабдуу 200 кишини тейлөөгө ылайыкташкан экен. Компания бул жабдууну Нюрнберг сотуна бекер өткөрүп берген.
Нюрнберг сотунун ар тараптуу материалдары 40 томдон ашуун стенограмма тексттеринен жана ар кыл далилдерден турат.
Алигиче бул сот жүрүмү изилдөөчүлөр жана башка адистер тарабынан ар кыл нукта талданып келет.
Бир жаатындагылар Нюрнбердеги бул сот жүрүмүн мыйзам үстөмдүгүн камсыз кыла алган эл аралык кызматташтыктын мыкты өрнөгү катары жогору баалашкан. Албетте, алардын арасында нацисттик режимдин ырайымсыз кыргындарынын курмандыктарынын тирүү калган жакындары, согуштан азап чеккен элдердин миллиондогон өкүлдөрү бар.
Аларга кайчы пикир билдиргендер Нюрнбергдеги сот жүрүмү тек гана согушта жеңгендердин салтанатынын бир беткей “адилеттик соту” болду дешкен.
Үчүнчү тараптагылар – сот жүрүмү керек болчу, бирок аны аскердик талаа трибуналынын сыңарындай шашылыш өткөрбөстөн, соттолуучуга өз укугун коргоо үчүн акыйкат мүмкүнчүлүк жараткан бейтарап адилет сот системасы катары жүргүзүү керек эле деп чыгышкан.
Маселен, АКШнын сенатору Боб Тафт 1946-жылы 6-октябрда Огайодогу бир жыйында чыгып сүйлөп жатып: “Жеңгендердин жеңилгендердин үстүнөн соту, канчалык ал адилеттиктин түрлөрүнө чектелбесин, баары бир эч бейтарап боло албайт... Бул бүтүндөй соттук чечимде өч алуунун руху турат, ал эми өч алуу – сейрек учурларда гана адилеттикти туюнтат... Бул сот жүрүмдөрүндө соттун максаты тууралуу орусиялык идеяны – өкмөттүк саясат жүргүзүү аркылуу эч кандай адилеттикти камсыз кылбоону – англис-саксон мурасына дээрлик караандабаган идеяны кабыл алып салдык”, – деп кейип айткан.
Кийинчерээк президент Жон Кеннеди сенатор кезинде жарыялаган “Каармандык өрнөктөрү” китебинде белгилегендей, Тафттын бул сөзүн көптөгөн америкалыктар кескин сынга алышкан.
Маселен, Кливленддеги “Плейн Диилер” басылмасы өзүнүн редакциялык баш макаласында мындайча жазган: Тафт “балким, техникалык жактан туурадыр”, бирок бүткүл дүйнөлүк тарыхтагы эң коркунучтуу баш кесерлердин тобун байланган чынжырынан бошотуу... негизделишине адамзат ушунчалык суусап турган залкар принципти – баскынчыл согушка беленденүү жана аны жүзөгө ашыруу адамзатка каршы нагыз кылмыш болуп саналат деген принципти – дүйнө жүзүнө орнотуу аракетин майнапсыз кылмак”.
Бул сыяктуу Тафтты айыптаган пикирлерди санап берүү менен бирге, Жон Кеннеди: “...биз азыр өзүнүн Нюрнберг сот жүрүмүн айыптагандыгы жаатында Тафт туура кылганбы же жаңылышканбы? деген суроого башыбызды оорутуп отурбайбыз. Мында назар бурууга арзырлык нерсе – бул Тафт өзү туура деп санаган маселе боюнча коомдук пикирдин агымына каршы туруу үчүн өзүнүн кебелбес каармандыгына таянган чыгып сүйлөөсү аркылуу шөкөттөлгөн өрнөк”.
Эми Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери 75 жылдын жүзү болду. Бул согуш аяктаар алдында жана аяктаган соң нацисттик Германияны кантип жазалоо керектиги тууралуу ага каршы согушкан ар бир мамлекет өз алдынча жана айырмалуу көз караштарга ээ болгон.
СССРдин лидери Иосиф Сталин 1943-жылы Тегерандагы айтылуу үч тараптуу жыйында немис нацисттеринин 50 миңдей жетекчисин атып салуу керек деп айтып, Рузвельт менен Черчиллдин оозун ачырган экен. Кийинчерээк Сталин жана тышкы иштер министри В.Молотов бул сөз азил катары айтылган деп чыгышкан. Маалыматка караганда, Черчилл анча-мынча нацист төбөлдөрүн атып салуу идеясын дурус көргөн, бирок сталиндик өлчөмдөгү кыргынга каршы турган. Британ тышкы иштер министри Энтони Иден атылууга тийиш болгон 41 нацист төбөлүнүн тизмесин Черчилл үчүн түзгөн дешет.
Нюрнберг сотуна катышкан айыптоочулар тобу да ар бир жеңүүчү өлкөнүн коомдук турумун жана саясий элитасынын көз караштарын чагылдырган экен.
СССРден келген прокурорлордун бир даары 1930-жылдардагы сталиндик жазалоолорду уюштурган мектептен зор тажрыйба алышкан. Алардын бир чоң кемчилиги – олуттуу маселелерди чечүүнө келгенде Кремлден жооп күтүп маалкатууга жол коюшкан. Ал эми АКШ, Британия жана Франциянын прокурорлору ашыкча бюрократтык кармалуусуз өз ара сүйлөшө калып, кечирээк айтылган советтик жүйөөнү четке кагууга жетишкен учурлар болгон экен.
Нюрнберг сот жүрүмүндөгү айыптоодо “геноцид” сөзү алгачкы жолу англис тилинде расмий колдонулган.
Бул терминди 1944-жылы теги поляк болгон америкалык профессор Рафаэл Лемкин (Raphael Lemkin; 1900–1959) өзүнүн “Каратылып алынган Европада Үчилтиктин башкаруусу” (Axis Rule in Occupied Europe) деген китебинде сунуштаган болчу.
(Лемкиндин кол жазма мурасында сакталган бир макалада СССРдин өзүндө да геноцид учурлары катары Украинадагы “Голодомор”, б.а. совет бийлиги тарабынан таңууланган ачарчылык, Крым-Татар республикасынын жоюлушу, дон жана кубан казактарынын кыргынга учурашы ж.б. саналып берилген).
Башкы аскердик кылмышкерлердин үстүнөн жүргөн сот жүрүмү революция болуп калды; ал укук тарыхына гана кирбестен, дүйнөлүк тарыхка да кирди.Ф-В. Штайнмайер
Нюрнберг сот жүрүмүндөгү дал ушул “геноцид” аныктамасы XX кылымдын соңундагы Босния-Герцеговинадагы, Руандадагы этностук айырмачылыкка негизделген кыргындардын уюштуруучуларын жазалоо үчүн өрнөк болгон.
Германиянын президенти Штайнмайер 2020-жылдын 20-ноябрындагы сөзүндө Нюрнберг сот жүрүмүн эл аралык укук талаасындагы ыңкылапка теңеди:
“Башкы аскердик кылмышкерлердин үстүнөн жүргөн сот жүрүмү революция болуп калды; ал укук тарыхына гана кирбестен, дүйнөлүк тарыхка да кирди”.
Нюрнберг сотунун эң башкы сабагы – мындан ары адамзат эл аралык кылмыштарга жол койгон тараптарды жазасыз калтырбоого тийиш. Эл аралык сот – адилет жазага тарткан эл аралык укук механизми катары улам жаңы тажрыйба аркылуу өркүндөтүлө бермекчи.