Чет элден үйүнө кайткандардын катарынын өсүшүнө орус акчасынын кунунун түшүшү себеп болууда дейт Баткендеги кабарчыбыз. Анын сурамжылоолоруна караганда, кайтып келгендердин арасында дыйканчылыкка бел байлагандар да, иш таппай убара тартып жүргөндөр да бар. Теманы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров улантат.
Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын маалыматы боюнча ушул жылдын январь айында эмгек мигранттарынын агымы өткөн жылга салыштырмалуу 70 пайызга кыскарган. Ал эми бир айдын ичинде өлкөдөн 2 миллионго жакын чет элдик жаран чыгып кеткен. Орусияда миграциялык мыйзамдар менен экономикалык кризис күчөп турганда кыргызстандык мигранттар эмнеге үмүт кылып, кайда багыт алып жатышканы тууралуу Москвадан Лазат Такырбашева сураштырды.
Анткен менен кайтып келгендер арасында Орусиянын каржы кризиси өз өлкөсүндө ишкердикти эртерээк баштоого шарт түздү деп эсептеген кыргызстандык эмгек мигранттары да жок эмес.
Маселен, Ошто азыр мурдагы эмгек мигранттары көбүнчө ал жактан үйрөнгөн өнөрлөрүн ушул жакта өркүндөтүшүп, курулушта устачылык кылып, кафе-ресторандарда ашпозчу болуп, чакан бизнестерин жолго салышууда. Карасуулук Самат Абылов тапкан акчасына машине алып, көчмө дүкөн уюштурган. Ал базардан товар алып, айылдарды кыдырып сатып, акча таап жатат. Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов чакан ишкер тууралуу баяндайт.
Туугандарыңыз Орусиядан кайтып келип атабы? Келгендер эмне иш менен алек? Келишине, же ал жакта калышына кандай жагдайлар себеп? «Азаттыктын» ушул жана башка суроолоруна Бишкектин тургундары жана коноктору төмөнкүдөй жоопторду беришти.
Кыргыз өкмөтү Орусиядан ишин токтотуп мекенине кайтуу тенденциясы байкалбаганын маалым кылды. Эгер Орусиядан акча табуу кыйындап, миңдеген мекендештер кайра жол тартса, кыргыз өкмөтү кандай чараларды көрөт? Сабыр Абдумомуновдун баянында кеп болот.