Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Каспаров 12 жылдан кийин шахматка келди


Гарри Каспаров (солдо) оюн учурунда. 14-август, 2017-жыл
Гарри Каспаров (солдо) оюн учурунда. 14-август, 2017-жыл

Шахмат боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Гарри Каспаров бир нече күнгө чоң шахматка кайтып келди.

АКШнын Сент Луис шаарында өтүп жаткан турнирде гроссмейстер биринчи күнү үч оюнда атаандаштары менен тең чыкты. 2005-жылы спорт карьерасын аяктаган Каспаров саястатка аралашып, Орусия оппозициясынын негизги фигураларынын бирине айланган.

12 жылдык тыныгуудан кийин кыска мөөнөткө профессионалдуу шахматка кайтып жатканын Гарри Каспаров июлдун башында жарыялаган. Американын Сент Луис шаарындагы Grand Chess Tour турнирине Орусиянын желеги алдында катышууда.

Оюндун алдында гроссмейсттер чоң спортко кайтуу ниети жоктугун, ушул мелдеште гана күч сынап көрүүнү чечкенин, түшкөн кирешесин кайрымдуулукка, атап айтканда Африкада шахмат оюнун өнүктүрүүгө жумшаарын билдирди.

Тез шахмат жана блиц боюнча турнирге дүйнөдөгү эң күчтүү 10 шахматчы катышып атат. Арасында дүйнөдөгү номур экинчи шахматчы Хикару Накамура, Сергей Карякин, Вишванатан Ананд бар. Бирок Каспаров мурда машыктырган дүйнө чемпиону Магнус Карлсен Сент Луистеги этапка катышпасын билдирген.

Жарыштын биринчи күнүндө үч беттешүүнү теңме-тең бүтүргөн Каспаров "эч качан мындай жыйынтыкка ушунча кубанбаганын, алгачкы күндү коштогон стрессти жеңүү максатына жеткенин" Твиттерге жазды.

Экс-чемпион 14-августта кубалык Леньер Домингес, орусиялык Сергей Карякин жана америкалык Хикару Накамура менен ойногон.

Гарри Каспаров оюн учурунда. 14-август, 2017-жыл
Гарри Каспаров оюн учурунда. 14-август, 2017-жыл

2005-жылдан бери биринчи жолу ири турнирде шахмат тактасы алдына отуруп жатып Каспаров “кана, көрөлү, фигураларды жылдырганды унуткан жокмунбу” деп тамашалады. Ошол эле маалда гроссмейстер бул турнирде аны бардыгы жеңүүгө аракеттенишерин жакшы түшүнөөрүн айтты.

Дүйнөнүн 13-чемпиону Каспаров 2005-жылы карьерасын аяктап жатканын билдирип саясатка аралаша баштаган. Ошондон бери жалаң көргөзмө мелдештерге катышып келген.

Каспаров 1985-жылы мекендеши Анатолий Карповду тарыхый матчта жеңип, эң жаш дүйнө чемпиону болгон. Ошондон бери 2006-жылга чейин ФИДЕнин рейтингинде баш сапта болуп келди. Анын 1999-жылы койгон рекорду 2013-жылы гана Карлсен тарабынан жаңыланды.

Гроссмейстер президент Владимир Путиндин режимине активдүү туруштук берүү керектигин айтып келгендердин бири. Оппозициялык саясатчы катары Бириккен жарандык фронт жана "Тилектештик" кыймылы өңдүү бир нече уюмдарды түптөөгө катышкан:

- Орусиядагы бардык саясий процесстерди Кремл өзү көзөмөлдөйт. Бирок бул Кремл ошол процессти кантип башкаруу керектигин так билет дегенге жатпайт. Мисалы, Алексей Навальныйдын кампаниясы бийликтегилерден бирөөлөр муну менен режимди бекемдесе болот деп эсептегендиги үчүн гана уланууда. Балким алар жаңылышып жатат, менимче, чынында бул жаңылыштык. Навальный социалдык тармактар аркылуу уюштуруп жүргөн нааразылык акциялары иш жүзүндө режимдин пайдубалын солкулдатууга кудуреттүү. Себеби ал көчөгө жаштарды алып чыгууда, аларды каршылык кыймылына тартууда, - деген Каспаров июндун башында "Азаттык" радиосунун орус кызматына берген интервьюсунда.

Гарри Каспаров (ородо) Орусиядагы акциялардын биринде. 2012-жыл
Гарри Каспаров (ородо) Орусиядагы акциялардын биринде. 2012-жыл

2012-жылы оппозициянын Координациялык кеңешине шайланган Каспаров бир жылдан кийин бийликтин куугунтугунан чочулап Орусиядан кетүүнү чечкен. Ушу тапта Нью-Йоркто туруктуу жашайт. Анда Хорватиянын да жарандыгы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG