Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Барселона техника ышкыбоздорун сүйүнттү


Барселонага келген меймандардын бири көз айнекти сынап жаткан учуру. 26-февраль, 2018-жыл.
Барселонага келген меймандардын бири көз айнекти сынап жаткан учуру. 26-февраль, 2018-жыл.

Испаниянын Барселона шаарында технологиялык акыркы табылгалар көрсөтүлүүдө. Смартфон айдаган автоунаа, көчкү жөнүндө эскертүүчү сенсор, экраны чоңойтулган телефон, 5G Интернетин колдонууга мүмкүнчүлүк ачкан аппарат көңүл борборунда.

Барселонада тоо башына орнотулуп, кымындай кыймылды сезе билип, зилзала же көчкү болоорун эскертип турган сенсорлор көрсөтүлдү.

Кытайдын "Хуавей" компаниясы болсо келечекте чыгат деп 5G Интернетин колдонууга мүмкүнчүлүк берген аппаратын сунуш кылды. Компания аны менен Интернеттин тездигин азыркы орточо ылдамдыктан 20 эсе көбөйтсө болот деп ишендирүүдө. 5G Интернетин сынай турган аппаратты дагы бир кытайлык ZTE компаниясы элге көрсөттү.

5G доору алыс эмес.
5G доору алыс эмес.

Дагы бир жаңылык - адамдын биометриялык маалыматы менен смартфондун айкалышы. Аны "Goodix Technology" компаниясынын технология бөлүмүнүн башчысы Пи Бо чечмелейт:

- Кийинки муундагы смартфондун бетинин баары экран болот. Ал жерде манжа тагы үчүн кнопкага орун калтырылбайт. Ал телефондун ичине жайгаштырылат. Манжа тагын таануунун эмки мууну - оптикалык технологияны колдонуу. Бул багытта биз ийгиликке жетиштик.

Смартфон башкарган автоунаа.
Смартфон башкарган автоунаа.

"Хуавейдин" дагы бир жаңылыгы - автоунааны башкарган смартфон. "Mate 10 Pro" түзүлүшүнүн жардамы менен автоунаа айдоочусуз эле жолдогу предметтерди таанып-билип, айланып өтө алат. "Бул телефондун камерасынын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү аркылуу ишке ашты" дейт компаниянын портативдик аппаратура бөлүмүнүн башчысы Арне Херкельманн:

- Биз аны 1000ге жакын объектти айрып-таанууга үйрөттүк. Камера жасалма интеллект менен жабдылгандыктан жаңы предметтерди эстеп калууга да жөндөмдүү. Телефон жолдогу кырдаалды сканерлеп алуу менен алдыда эмне болуп жатканын түшүнүп турат. Ошонун жардамы менен алдыдагы тоскоолдукка карап автоунаа реакция кылат.

Адамдардан макулуктарга чейинки тирүү жандар, топтон велосипедге чейинки буюм-тайымдар аппараттын эсинде сакталып калат. Аны кайсы бир нерсени эстеп калууга тарбиялоо процесси адамдыкына окшош.

- Балага китептеги сүрөттү көрсөтүп жатканда “бул машине, бул бала” деп айтасыз да. Жасалма интеллектти деле ошентип үйрөтөбүз. Окутуу процесси жүрүп жатканда ал албетте жаңылат. Оң натыйжага жетмейин үйрөтө беребиз, - дейт Херкельманн.

Албетте салт болуп калгандай акылдуу телефондордун жаңы үлгүлөрү да көрсөтүлдү. "Самсунг" акыркы үлгүдөгү "Galaxy S9" аттуу смартфонун коомчулукка көрсөттү.

"Samsung Galaxy S9".
"Samsung Galaxy S9".

"Нокиа" болсо Барселонадагы жыйында беш жаңы телефонун сунуш кылды. Анын бири - 90-жылдардын аягында көп колдонулган кнопкалуу телефон. Муну менен алар эскини эстегиси келгендердин да көөнүн табууну каалашкан.

"Nokia" телефондору.
"Nokia" телефондору.

"Мыкты келечекти түзүү” деген ураан астында өтүп жаткан конгрессте мындан тышкары да табылга көп. Жалпысынан 2300 экспонент катышууда. Алардын сунуштарынын арасында акылдуу шаар, эбегейсиз маалыматтар, пилотсуз учактар, жасалма интеллектти арттыруу жана башка технологиялар көңүл борборунда.

Конгресс бейшембиде жыйынтыкталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG