Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында 18 жаштагы жигит (А.Р.) “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп, өзүн бычак менен сайып жибергенин билдирди.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 14-декабрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 18 жаштагы жигитке үч адам бычак менен кол салып, 287 миң сомун тартып алганы тууралуу арыз түшкөн
Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Тергөөдө арыздануучунун айткандары аныкталган эмес. Милиция 18 жаштагы жигит “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп жиберип, атасынан коркконунан бычак менен өзүнө залал келтирип, аны ыргытып жибергенин билдирди.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал өзүнө бычак сайышы мүмкүн экени аныкталган.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишин тергөө уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат берген жигитке юридикалык баа берилип, процессуалдык чечим чыгарыларын кабарлады.
Экинчи тарап окуя тууралуу комментарий бере элек.
“Ринго трейд” - коомчулукта кадимки казино катары сыпатталып, андан миллиондорду уттургандар болгон. Алардын Бишкек шаарында, Ошто филиалдары бар болчу. Кийин алар жабылып, аты өзгөртүлгөн. (BTo)
Шерине