Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Обама Ирактын жаңы премьерин колдойт


Обама Ирак премьерин жаңы өкмөттүн курамын тезирээк түзүүгө чакырды.
Обама Ирак премьерин жаңы өкмөттүн курамын тезирээк түзүүгө чакырды.

АКШ президенти Барак Обама Хайдар ал-Абадинин Ирактын премьер-министрлигине көрсөтүлүшүн "алга үмүттөндүргөн кадам” деп баалады. Обама премьерди жаңы өкмөттүн курамын тезирээк түзүүгө чакырды.

Обама Массачусетс штатында эс алып жүргөн жеринен Ирактын премьер-министрлигине көрсөтүлгөн Хайдар ал-Абадини колдоорун айтып, билдирүү жасады. Кошмо Штаттардын президенти Абадини бардык ирактыктардын кызыкчылыктарын коргогон өкмөттү тезирээк түзүүгө чакырды.

“Бүгүн президент премьер-министрлик кызматка Хайдар ал-Абадини дайындады. Ирактын конституциясына ылайык, бул өлкөнүн бардык бөлүктөрүн бириктирген маанилүү кадам болушу мүмкүн”, - деген Обама Ирак азыр кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жатканын белгилеп, өлкөнүн саясий жетекчилигин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып аракеттенүүгө чакырды.

Президент Обама өз билдирүүсүндө Ирактын мурдагы премьер-министри Нури ал-Малики тууралуу сөз козгогон жок.

“Жаңы бийликтин алдында оор сыноолор турат. Ал кайра элдин ишенимине кирип, тез чаралар аркылуу өзүнүн чечкиндүүлүгүн көрсөтүшү керек”, - деди президент.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри 11-августта Сиднейде сүйлөп жатып, АКШ жаңы, көптү үмүттөндүргөн Ирак өкмөтүн, анын “Ислам мамлекети" радикалдык тобу менен күрөшүн колдоого даярдыгын белгиледи.

Ирактын президенти Фуад Масум вице-спикер Абадиге жаңы өкмөт түзүүнү 11- августта сунуштады. Бул чечимди мурдагы премьер Нури ал-Малики «конституцияны бузуу» катары баалады. Ал үчүнчү мөөнөткө премьер болууга умтулганы менен аны кызматтан чегинүүгө чакырыктар да айтылып жаткан. Мындай чакырыктар өлкөдөгү сунни, күрт топторунан жана айрым шииттерден айтылган.

Саясий каршылаштар болсо ал-Маликини Иракта исламчыл согушкерлердин баш көтөрүп, бир топ аймактарды ээлеп алуусуна жеткирген диний араздашууга, кыянатчылыктарга жол бергени үчүн айыпташууда.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ирактыктардын Конституцияга ылайык “жаңы өкмөт түзүү кадамын" жогору баалады.

11-августта Жогорку Сот ал-Маликинин «Мыйзамдуу мамлекети» блогу жаңы парламентте көпчүлүктү түзгөндүктөн, Маликинин премьер - министрлик ордунда калуусун чечкен.

Өкмөт башчылыкка Абадинин талапкерлигин шиит партияларынын башын бириктирген «Ирак улуттук альянсы» көрсөткөн.

Ирактагы Күрдистан аймагынын борбору Эрбил шаарында Кошмо Штаттар Ирак күчтөрүнө аскерий көмөк көрсөтүп, куралдуу исламчыларга каршы таамай соккуларды урууда.

Исламчыл экстремисттер июнь айынан бери Ирактын түндүгү менен батышында бир топ жерлерди ээлеп алууга жетишти.

Америкалык атын атабаган расмий өкүлдөр билдиргендей, АКШ ирактык күрттөргө исламчыл согушкерлер менен күрөшүүдө жардам иретинде курал -жабдык берген.

Дүйшөмбүдө радикал күчтөр Багдаддын түндүк батышында жайгашкан Жалаула шаарын басып алганын полиция билдирди.

Барак Обама 8-августта исламчыл топ көзөмөл орноткон аймактагы он миңдеген езиддер менен христиандарды, Ирактагы АКШнын кызыкчылыктарын жана жарандарын коргоп, Ирактын коопсуздук күчтөрүнө жардам көрсөтүү максатында абадан таамай соккуларды урууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG