Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Ал-Абади Ирактын жаңы өкмөтүн түзөт


Эрбилдеги ирактын жоокерлери Мосул шаарынан келген качкындарды өткөрүүдө. Ирак. 2014-жыл.
Эрбилдеги ирактын жоокерлери Мосул шаарынан келген качкындарды өткөрүүдө. Ирак. 2014-жыл.

Ирак президенти Фуад Масум жаңы өкмөттү түзүүнү шиит саясатчысы Хайдар ал-Абадиге тапшырды. Ал эми премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан Нури -ал- Маликинин жактоочулары буга каршы Багдадда демонстрация өткөрдү.

"Ислам мамлекети" уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндөгү дагы бир шаарды ээледи. АКШнын тик учактары жана пилотсуз учактары күрт аскерлери-пешмаргелерди колдоп, Эрбил шаарынын айланасында согушчандарга сокку урду.

Хайдар ал - Абадиге жаңы өкмөттү түзүү аны шииттердин Ирак парламентиндеги негизги блогу - Улуттук альянс 11-августта бешимден кийин премьер-министрликке көрсөткөн соң жүктөлдү.

Суннилер, күрттөр жана кээ бир шиит саясатчылары 2006-жылдан бери өкмөттү жетектеген Нури-ал- Маликини өлкөдө жаатташтыкты күчөтүп жиберди деп күнөөлөп, үчүнчү мөөнөт премьер-министр болуусуна ынанбай жаткан.

Ал-Абади 30-апрелдеги шайлоодон кийин парламент төрагасына экинчи колго салуудан кийин гана орун басар шайланган. Ошондуктан, ирактык журналист Хашим-Али-Манди мындай саясатчыга жаңы өкмөттү түзүү тапшырылганы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду дейт:

Хайдар-ал-Абади
Хайдар-ал-Абади

- Баарын таң калтырганы Нури-ал-Малики башындагы блоктогу ага ишенимдүү адамдардын бири ал-Абадинин премьер-министрликке көрсөтүлгөнү болду. Себеби, кечээге чейин аны эч ким каалаган эмес. Хайдар ал-Абадиге жаңы өкмөттү түзүү мандатын берүү Ирактагы саясий жагдайды ого бетер татаалдантат. Парламенттеги негизги блоктун ичинде дагы күрөш болот. Бул саясий жагдай дагы начарлай турганын каңкуулайт. "Ислам мамлекети" уюму кырдаалды курчутуп жатпайбы.

Малики жетектеген саясий блок президенттин чечимине макул экенин билдирди. “Бул конституцияны бузуу, биз Федералдык сотко даттанабыз”,- деди Рейтер агенттигине Маликинин күйөө баласы Хусейн Малики.

Андан көп узабай Нури-ал-Маликинин колдоочулары Багдадда демонстрацияга чыгышты.

- Малики башындагы Мыйзамдуу мамлекет блогу шайлоодо көпчүлүктүн добушун алган парламенттеги эң чоң блок. Премьер-министр үчүн 3, 5 млн. адам добуш бергендиктен, алар эмнеге Маликинин үчүнчү мөөнөткө премьер болуу укугун танышат?- дейт Адил ал-Самави деген митингчи.

11-августта эртең менен Маликиге ишенимдүү аскерлер Багдаддын стратегиялык жактан маанилүү жайларына жайгаштырылган.

Бириккен улуттар уюму болсо ал-Абади премьерликке көрсөтүлгөн соң Ирактын коопсуздук күчтөрү бийлик алмашууга кийлигишпей туруусу керек экенин эскерткен.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 11-августта эртелеп, Малики үчүнчү мөөнөткө премьерликке барбайт деген үмүтүн билдирген:

- Ирактагы стабилдүүлүктү жана тынчтыкты камсыздоодо өкмөттү түзүү абдан маанилүү деп ишенебиз. Малики мырза бул сууну үчүнчү жолу чайпалтпайт деп үмүт кылабыз.

Ал-Абади өзү жарандарды "Ислам мамлекети" уюму “баштаган террордук өнөктүккө каршы чогуу күрөшүүгө” үндөп, кеңири коалиция түзөм деп сөз берди.

АКШны колдогон ирактык тарсалардын демонстрациясы. Ирак. 11-август.
АКШны колдогон ирактык тарсалардын демонстрациясы. Ирак. 11-август.

Согушчандар июндан бери Ирактын түндүгүндө жана батышында чоң аймакты басып алды. Күрт аскерлери-пешмаргелерге көмөктөшүү үчүн АКШнын тик учактарын жана пилотсуз учактары 11-августта Күрт автономиясынын борбору Эрбилдин тегерегиндеги жихадчыларга сокку урду.

Президент Обама Күрдистандагы АКШнын кызыкчылыктарын, ошондой эле бозгун езиддер менен тарсаларды коргоо үчүн согушчандарга абадан сокку урууга уруксат берген.

Езид жамаатынын лидери Жаувар Али Бектин айтымында, Синжар тоосунда 80 миңдей адам тамак-ашсыз жана суусуз кыйналууда. 11-августка чейин качкындар үчүн абадан 70 миң адамдык тамак-аш, 60 миң литрге жакын суу ташталганын АКШ аскер жетекчилиги маалымдады.

Вашингтон күрттөрдү каруу-жарак менен түздөн-түз камсыздай баштаганы да маалымдалды. Өткөн аптада АКШ абадан сокку ура баштагандан бери пешмаргелердин абалы бир аз жакшырды. Бирок алар 11-августта согушчандарга Багдаддан 117 чакырым түндүк чыгыштагы Жалаула шаарын жана коңшулаш эки кыштакты калтырып кетти.

XS
SM
MD
LG