Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Иран өзөктүк келишимди кайра карабайт


Ирандын Бушер атомдук реактору. Архивдик сүрөт.
Ирандын Бушер атомдук реактору. Архивдик сүрөт.

Өлкөнүн тышкы иштер министри АКШ 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишим боюнча чечим кабыл алганы жаткан учурда ушундай жарыя кылды. Ал арада келишимге катышкан Европа державалары аны сактап калууга умтулганы менен АКШ келишимден чыккан учур үчүн даярдык көрө баштаганы кабарланууда.

Ирандын тышкы иштер министри, өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө Тегерандын башкы өкүлү болгон Мохаммед Жавад Зарифтин англис тилиндеги билдирүүсү Интернеттеги "YouTube" каналы аркылуу жарыяланды:

Мохаммад Жавад Зариф.
Мохаммад Жавад Зариф.

- Мен түшүнүктүү кылып айтайын: биз коопсуздугубузду башкаларга бербейбиз. Биз ак ниеттик менен ишке ашырган келишимди кайра карабайбыз жана ага кошумча киргизбейбиз. АКШ келишимди бир нече ирет бузду, өзгөчө башкалардын Иран менен кызматташтыгына бут тосуп, коркутту.

Мохаммед Жавад Зариф бул сөзүн АКШ 2015-жылы түзүлгөн келишим боюнча чечим кабыл алышына жакындап калган 3-майда айтты.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент 2015-жылдагы көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш. Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу зарыл. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет.

Президент Дональд Трамп жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет. Вашингтондогу азыркы администрация 2015-жылдагы келишимде өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу негизги зат болгон уранды байытууга Иранга он жылдык гана чек коюлганын баса белгилешет:

- Кептин баары келишим анткорлук менен түзүлгөнүндө. Иран алдыңкы чекте калп айтып турган. Ал ак ниет оюнчу болгон эмес. Андыктан келишим туура эмес нерселердин негизинде түзүлүп калды. Ирандын өзөктүк дарамети ал ишарат кылгандан озуп кеткени факт. Эгер азыркы келишим сакталса, жети жылдан кийин Иран өзөктүк куралды жасоого мурда мерчемдегенден эрте мүмкүнчүлүк алат. Ошол чоң маселе, - деди 1-майда Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдеги басма сөз жыйында. 30-апрель, 2018-жыл.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдеги басма сөз жыйында. 30-апрель, 2018-жыл.

"Иран өзөктүк келишим түзүлөрдө калп айткан" деп апта башында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да айткан.

Ал "Иран 2015-жылдагы келишим түзүлгөнгө чейин өзөктүк куралга ээ болууну көздөгөн" деген далилин Тель-Авивде видео слайддар менен коштолгон атайын басма сөз жыйынында көргөзгөн. Анда Израилдин чалгын кызматы 55 миң барактан, 55 миң файданл жана 183 CD-дисктен турган материалдардын так көчүрмөсүн Ирандын жашыруун кампасынан алганын билдирген.

АКШ Израилдин билдирүүсүн кубаттап, Иран болсо аларды “күлкү келтирет”, “калп” деп баалап, эски дооматтардын жаңырышы катары мүнөздөгөн. Евробиримдик Израил көрсөткөн материалдардын маанилүү экенинен күмөн санаган.

Өткөн аптада Франциянын президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Ангела Меркел Вашингтонго барып, алардын иш сапарынан соң эки лидер жана британ премьер-министри Тереза Мэй биргелешкен билдирүү тараткан. Алар 2015-жылы түзүлгөн келишимдин тууралыгын дагы бир жолу жакташкан. Бирок алар бул документти тынчсыздануу жараткан башка маселелер менен толуктаса болорун да белгилешкен:

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

- Биз келишим сакталышы керек деп эсептейбиз. Биз ошондой эле Иран менен анын Сириядагы саясий таасири, баллистикалык ракета программасы, 2015-жылдагы келишимдин бөлүктөрүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болору өңдүү кошумча маселелер чыгып жатканын да белгиледик. Буларды өзөктүк келишимге кошумча талкуулаш керек. Бул биздин жалпы көз карашыбыз, - деди немис канцлери Ангела Меркел 2-майда Берлиндеги басма сөз жыйынында.

"Рейтер" агенттигинин 3-майда жазганына караганда, Европа державалары Иран келишимин сактоого азыр да умтулуп, келерки аптада Вашингтонго бул үчүн жаңы планды сунуш кылууну мерчемдеп жатышат. Муну менен алар АКШ келишимден чыккан учур үчүн да даярдык көрө баштагандай.

"Рейтер" Вашингтон администрациясындагы ички талкуулардан кабары бар маалымат булактарына шилтеме кылуу менен президент Дональд Трамп Иран келишиминен чыгуу жолунда экенин, бирок аны кантип кыла тургандыгы анык эместигин да белгилейт.

Эгер АКШ келишимден чыкса, андан кетерин буга чейин Иран да билдирген. Келишимдин башка эки катышуучусу Орусия менен Кытай да аны өзгөртүүгө каршы.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG