Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Макрон өзөктүк келишимди коргойт


Эммануел Макрон Вашингтонго келген учур. 23-апрель, 2018-жыл.
Эммануел Макрон Вашингтонго келген учур. 23-апрель, 2018-жыл.

Франциянын президенти Эммануел Макрон мамлекеттик сапар менен Кошмо Штаттарга барды. Бүгүн анын Ак үйдө президент Дональд Трамп менен расмий сүйлөшүүлөрүндө Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимдин тагдыры башкы темалардын бири болору күтүлүп жатат. Вашингтон буга чейин келишимди оңдоо зарыл экенин, болбосо андан чыгып кетерин эскерткен.

Эммануэл Макрон АКШга аттанаар алдында Ирандын өзөктүк дымагын токтотуу үчүн азыркы келишимден башка план жоктугун ачык айтты. Америкалык Fox news телеканалы менен маегинде Макрон Ирандын баллистикалык ракета программасы жана анын аймактагы таасирин токтотуу үстүндө иштөө ниети бардыгын билдирди.

Андыктан, айрым баяндамачылар Франциянын жаш президентинин Вашингтонго сапарын 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимди сактоо миссиясына да салыштырып жатышат.

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда түзүлгөн келишимди кескин сынга алып жүрөт.

Ал келишим Ирандын баллистикалык ракеталарды өнүктүрүүсүн токтото албаганын жана анда уранды байытууга он жылдык гана чек коюлганын баса белгилеп келет.

Трамп менен анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет.

Буга байланыштуу АКШ президенти келишимге катышкан Британия, Франция, Германиядан өзү атагандай “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Бул талабы аткарылбаса, келишимден чыгарын да эскерткен.

Ушундан улам бул маселе азыр аталган үч өлкө менен АКШ ортосунда сүйлөшүлүп жатат.

Француз президентинин Вашингтондогу сапарына тушташ Улуттар уюмунун Женева кеңсесиндеги конференцияда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Кристофер Форд төмөнкүлөргө токтолду:

- Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча глобалдык тартип азыр реалдуу коркунучка кептелип турат, атүгүл бул жолкусунда ага Ирандан өтө узак мөөнөттүү коркунуч келүүдө. Бул өлкө өзөктүк куралды жашыруун жана мыйзамсыз жасоого жылдар бою аракеттенип келди. Куралдануу ишин өтө оор кесепеттерге кабыларда гана токтотууга аргасыз болду. Уранды байытууну БУУнун Коопсуздук кеңешинин талаптарын бузуу менен улантып турду жана бир нече жылда эле куралга ыкчам ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

Өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси боюнча БУУдагы конференция. 23-апрель, 2018-жыл.
Өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси боюнча БУУдагы конференция. 23-апрель, 2018-жыл.

Бирок Европа державалары 2015-жылкы келишимден АКШнын азыркы администрациясы байкаган коркунучтарды көрбөгөндөй. Буга чейин Британия, Германия дагы Вашингтонду Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербөөнүн эң жакшы жолу катары келишимден чыкпоого үндөшкөн. 23-апрель күнү Женева конференциясында Евробиримдиктин өзөктүк куралды жайылтпоо маселелери боюнча атайын чабарманы Ятцек Билитса мындай деди:

- Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча глобалдык тартипти чыңдаган, эл аралык жана аймактык тынчтык менен коопсуздукка оң салым кошкон, эл аралык коомчулукка Ирандын өзөктүк программасы тынч гана мүнөздө экенин кепилдеген келишимди сактап калуу биздин орток кызыкчылыгыбыз. Биз Иранды келишимге кошумча протоколду тезинен ратификациялоого, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2231-резолюциясына шайкеш келбеген баллистикалык ракета атуулардан карманууга чакырабыз.

2015-жылкы өзөктүк келишим кайра каралуусуна Иран менен катар анын башка дагы эки катышуучусу: Кытай менен Орусия каршы. Мындай турумду орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кытай тышкы иштер министри Ван И дүйшөмбү күнү Бээжиндеги сүйлөшүүлөрүндө дагы бир жолу ырасташты.

Иранда Армия күнүнүн белгилениши. Тегеран, 18-апрель, 2018-жыл.
Иранда Армия күнүнүн белгилениши. Тегеран, 18-апрель, 2018-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф 23-апрелде Европа лидерлерин президент Трампты “өзөктүк келишимде эле калбастан, анын аларга тиешелүү бөлүгүн ак ниеттүүлүк менен аткара баштоого" көндүрүүгө чакырды. 9-апрелде Иранда Өзөктүк технология күнү белгиленип жатканда президент Хасан Роухани АКШ келишимден чыкса “өкүнүп” каларын айткан.

- Иран өзөктүк келишимди бузбайт, бирок эгер Кошмо Штаттар келишимден кетсе, алар бул үчүн өкүнөт. Биздин жооп алар элестеткенден да күчтүү болот жана алар муну бир жума ичинде эле көрүшөт.

АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Конгресске келишим шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын токсон күн сайын ырастап, ага катар Иранга америкалык санкциялардан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет жана Вашингтондун жаңы чечими ушул күнгө тушташ белгилүү болору күтүлүп жатат.

2015-жылы Иран жана дүйнөнүн ири алты державасы кол койгон келишимге ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG