Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Европа соту Грузиянын өтүнүчүн аткарды


Орусиядан депортацияланган грузиялыктар Тбилиси аэропортунда. 2006-жыл, 17-октябрь
Орусиядан депортацияланган грузиялыктар Тбилиси аэропортунда. 2006-жыл, 17-октябрь

Адам укуктары боюнча Европа сотунун чоң палатасы бейшемби күнү Орусияны Грузияга 10 миллион евро төлөөгө милдеттендирди. Тбилиси бул акчаны 2006-жылы Орусиядан депортацияланган грузин жарандарына кенемте катары бөлүштүрүп берүүгө тийиш.

Ошентип, 13 жылдан кийин грузин жарандарына кенемте төлөө чечими чыкты. Ага ылайык 1,5 миң кишиге запкы көргөнүнө жараша 2 миңден 15 миңге чейин евро тиймекчи.

Страсбург соту Европа конвенциясынын үч беренеси бузулган деп эсептейт. Атап айтканда, грузин жарандары коллективдүү депортацияга, эркиндиктен мыйзамсыз ажыратууга кабылып, ырайымсыз, ар-намысын тепсеген шартта кармалган.

- Сот 16 "ооба", бир "каршы" добуш менен жоопкер тарап доогерге үч ай ичинде 10 миллион евро төлөп берсин деп чечти. Ал каражат кеминде 1,5 миңдей грузиялык жаранга орду толгус зыян үчүн төлөнүшү керек, - деди Европа сотунун өкүлү.

Чоң палатанын чечими акыркы болуп саналат жана аны талашууга болбойт. Европа кеңешинин министрлер комитети чечимдин аткарылышына көз салып турушу керек.

2006-жылы Грузияда Орусиянын чалгын кызматынын төрт кызматкери тыңчылыкка айыпталып кармалган.

Көп узабай Москва "виза режимин бузду" деген шылтоо менен грузин жарандарын өлкөдөн чыгара баштаган.

Грузиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2006-жылдын сентябрынан 2007-жылдын январына чейин Грузиянын жарандарын чыгаруу жөнүндө 4 миң 600 указ жазылган. Эки миңден көп киши кармалып күч менен депортацияланган, калгандары Орусиядан өздөрү чыгып кеткен.

Москва бардык айыптоолорду четке кагып, мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу аракетин гана көргөнүн айтып келет.

2007-жылы Тбилиси Европа сотуна даттанып кайрылган.

Грузиянын арызы боюнча чечимди Чоң палата 2014-жылдын жай айында кабыл алган. Ошондо сот 2006-жылы күзүндө орус бийлиги Адам укуктары тууралуу конвенцияны бузуу менен грузиялыктарды кармоо жана өлкөдөн чыгаруу боюнча координацияланган саясат жүргүзгөн деген бүтүмгө келген.

Муну менен чет өлкөлүктөрдү чогуусу менен депортациялоого тыюу салган норма, эркиндикке жана кол тийбестикке укуктар, иликтөөнү натыйжалуу жүргүзүүнү камсыздоо милдеттенмеси одоно бузулган.

Бирок сот жеке жана үй-бүлөлүк жашоо укугу, чет өлкөлүктөрдү депортациялоонун процедуралык кепилдиктери, жеке менчикке жана билим алууга укуктар бузулду деген фактыларды аныктай алган эмес. Компенсация төлөө чечими ошентип кийинкиге калган. Тараптарга 12 айдын ичинде бул маселе боюнча позицияларын жана макулдашууну тапшырууга убакыт берилген.

Грузия каршы тараптан 70 миллион 320 миң евро талап кылганы менен Орусия ага макул болгон эмес.

Айтмакчы, Тбилиси Европа сотуна Орусияга каршы дагы бир нече доо арыз берген. 2008-жылкы согуш боюнча угуулар буга чейин эле өткөн. Былтыр Грузия жикчил Абхазия менен Түштүк Осетиядагы адам укуктарынын бузулушу боюнча Орусиянын үстүнөн дагы даттанган.

Андан тышкары депортацияга туш болгон адамдардын айрымдары Страсбургга жеке арыз тапшырышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG