Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Керч: өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган каргаша


Керч, Крым.
Керч, Крым.

Крымдын Керч шаарындагы коллеждеги жардыруудан курман болгондордун саны 19га жетти. Алардын көбү өспүрүмдөр. Элүүдөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жараат менен ооруканага жеткирилди.

Мурдараак Крым жарым аралын аннексиялап алган Орусиянын тергөө комитети окуяны алгач Кылмыш кодексинин “теракт” беренеси боюнча иликтеп, кийин “адам өлтүрүү” беренесине алмаштырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, оор жараат алгандарды Москвадагы жана башка ири шаарлардагы алдыңкы ооруканаларга жеткирүүнү буюрду:

- Орусиянын Керч шаарында каргашалуу окуя болду. Атайын даярдалган жардыруучу зат ишке келтирилип, көп адам өмүрүн алды. Жараат алгандар да арбын. Мен курман болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандар тез айыгып кетет деген үмүттөмүн. Бул үчүн бардык аракетти көрөбүз.

Соңку маалыматтарга ылайык, курман болгондордун саны 19га жетти. Элүүдөн ашуун адам ооруканага жеткирилди. Алардын 35инин абалы оор деп мүнөздөлүп жатат. Окуя Керч шаарындагы политехникалык коллежде студенттер чоң танаписке чыккан маалда болгон. Алгач ашканада жарылуу болуп, андан кийин ок атылган.

Керч. 17-октябрь, 2018-жыл.
Керч. 17-октябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети кылмышка шектүүнүн ысымын атады. Ал ошол эле политехникалык коллеждин төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков болуп чыккан.

18 жаштагы студент окуядан кийин өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйган. Анын сөөгү коллеждин ичинен табылган. Группалаштарынын айтымында, Владислав ошол күнү окууга эки рюкзак менен келген. Бирок сыр бербей, өзүн токтоо алып жүргөн. Учурда анын үйүндө тинтүү жүрүп жатат.

Курмандыктардын көбү октон мерт болгонун Тергөө комитети билдирди. Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов шектүү жалгыз өзү жалгыз аракеттенгенин ырастоодо.

Бирок окуяга күбө болгондор эки же үч адам кол салганын айтышууда. Журналист Екатерина Кейзо күбөлөр менен сүйлөшкөн соң “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- Күбөлөр эки эркек киши киргенин айтып жатат. Алардын бири чоң танапис учурунда ашканага барып, өзүн жардырган. Ал жерде балдар көп болгон. Ал эми экинчиси кабинеттерди кыдырып, алдынан чыккандардын баарын туш келди аткылаган.

Крымда үч күндүк аза күтүү жарыяланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Керч картада.
Керч картада.

17-октябрда болгон жардыруу Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын басып алгандан берки эң чоң каргашалуу окуя.

Керч шаары жакында эле курулган Орусия менен Крымды байланыштырган көпүрөнүн бир башында жайгашкан.

Орусия 2014-жылы жарым аралда Украина жана АКШ баш болгон 100дөн ашуун мамлекеттер тааныбаган референдум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен Крымды аннексиялап алган. Крымды Орусиянын бөлүгү деп саналуу гана өлкө эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG