Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Кытай-ЕБ: болот кантип курчуду?


Европалык болот өндүрүүчүлөрдүн Кытайды айыптаган нааразылыгы. Брюссель, 15-февраль, 2016-жыл.
Европалык болот өндүрүүчүлөрдүн Кытайды айыптаган нааразылыгы. Брюссель, 15-февраль, 2016-жыл.

Бээжинде Кытай менен Евробиримдиктин саммити жана бизнес форуму өттү. Тараптар эң ири соода өнөктөштөр болгону менен, ортодо талаштуу жана чалкеш маселелер да бар.

Ушу тапта Евробиримдик Кытай үчүн эң башкы, Кытай Евробиримдик үчүн экинчи эң ири соода өнөктөш.

Былтыркы жылдын жыйынтыгында тараптардын өз ара соода жүгүртүүсүнүн жылдык көлөмү 520 миллиард еврого жетсе, мунун 350 миллиардын Кытайдын импорту, 170 миллиардын гана Евробиримдиктин экспорту түзгөн.

Демек эки тараптуу соодадагы тараза ташы Кытайды көздөй кыйла эле ооп турат.

Бул жагдай Бээжин тараптын демпинг саясатынан же бааны атайлап эле арзандатуусунан жабыр тартып жатабыз деп санаган европалык өндүрүшчүлөр арасында нааразылык жаратканы жашыруун эмес.

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян 13-июль күнү Бээжинде Евробиримдик - Кытай бизнес форумунда соодада сөзсүз эле үстөмдүк кылууну көздөбөйбүз деп белгиледи:

Ли Кэцян
Ли Кэцян

- Биз Евробиримдик менен соодада андан артыкчылык кылууну эч качан көздөбөйбүз. Ошондой эле орто жана жогорку сапаттагы жана башка товарларды өндүрүү үчүн керектүү товарларды импорттоого даярбыз. Кытай европалык тарап биздин экспортко чектөөлөрдү жумшартат, соодада коргонуу чараларында токтоолукту көргөзөт деп үмүттөнөт. Бул эки тараптуу соодадагы стабилдүүлүк үчүн жакшы жагдай түзмөк.

Кытай менен Евробиримдиктин соодасындагы эң талылуу жана өзгөчө европалыктар үчүн саясий жактан сезимталдуусу - болот маселеси.

Анткени, Кытайда акыркы 10-15 жылда болот өндүрүшү боюнча кубаттуулук ашыкча түзүлүп калгандыктан, бул өз кезегинде болоттун дүйнөлүк баасынын арзандашына алып келгени белгиленүүдө:

Жан Клод Юнкер
Жан Клод Юнкер

- Мен биздин кытайлык кесиптештерибизге болот секторундагы ашыкча кубаттуулук алардын өзү жана европалыктар үчүн да көйгөй экенин түшүндүрдүм. Кытайдагы ашыкча кубаттуулук Европадагы бүткүл болот өндүрүштөн эки эсе көптүк кылат. Ушунун өзү эле биз кандай проблемага кептелгенибизди көргөзүүдө, - деди Бээжиндеги басма сөз жыйында Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер.

Юнкер быйылкы жылдын биринчи чейрегинде болоттун баасы 31% арзандаганына карабай, Кытайдын Евробиримдикке болот экспорту 28% көбөйгөнүн кошумчалады.

Биримдиктин соода боюнча комиссары Сесилия Мальстремдин айтымында, Кытайдагы ашыкча кубаттуулук европалык жана кытайлык болот өндүрүшчүлөрдү эч зарылдыгы жок эле бири-бирине каршылаштырууда.

Брюсселдин көз карашында, Бээжин ашыкча өндүрүш кубатын кыскартуу менен компанияларга мамлекеттен субсидия берүү тажрыйбасын жоюшу, өз базарын башкалар үчүн ачышы абзел.

Европалык болот өндүрүүчүлөрдүн нааразылыгы. Брюссель, 15-февраль, 2016-жыл.
Европалык болот өндүрүүчүлөрдүн нааразылыгы. Брюссель, 15-февраль, 2016-жыл.

Кытай премьери Ли Кэцян Бээжиндеги Евробиримдик-Кытай бизнес форумунда быйыл болот өндүрүшүнөн 45 миллион тонналык, алдыдагы бир нече жылда 150 миллион тонналык кубаттуулук кыскарарын айтып, бирок өкмөт атаандаштыкта артыкчылык алуу үчүн субсидия же демпинг жүргүзгөн жок деп кайрадан ырастады.

Ушул аптада АКШнын Соода министрлиги да Кытайдан аларга импорттолуп жаткан, дат баспай турган болотту өндүрүүчүлөр да субсидия аларын, буга жооп чара катары эми тариф киргизерин билдирген болчу.

Кытай азыр дүйнөдө өндүрүлгөн болоттун дээрлик жарымын чыгарат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG