Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

АКШ күчтөрүнүн Ооганстанда калуу мөөнөтү узарды


Барак Обама Ооганстан боюнча жарыя жасап жатат. Вашингтон, 15-октябрь, 2015-жыл.
Барак Обама Ооганстан боюнча жарыя жасап жатат. Вашингтон, 15-октябрь, 2015-жыл.

АКШ аскерлери Ооганстанда 2016-жылдан кийин да кала турган болду. Президент Барак Обама мындай чечимин Ооганстанда "Талибан" кыймылы кайра күчөп, ооган аскерлеринин ага каршы күрөшүү жөндөмү боюнча тынчсыздануулар күчөгөн чакта жарыялады.

Барак Обама бейшемби күнү Вашингтондон билдиргендей, Кошмо Штаттар азыр Ооганстанда турган 9 миң 800 аскерин 2016-жыл ичи да ал жерде кармайт. 2017-жылга барып гана алардын саны 5,5 миңге азаят.

2016-жылдан кийин АКШ аскерлери Кабулдун түндүк тарабындагы Баграм аба базасында, чыгыштан Жалалабад, түштүктөн Кандагар шаарынын жанында турушмакчы.

Обама белгилегендей, АКШ аскер күчтөрүнүн Ооганстандагы миссиясы учурдагыдан өзгөрбөйт:

- Бүгүн АКШ аскер күчтөрү Ооганстандын кыштактары менен талааларын кайтарган жок. Биздин аскерлер "Талибанга" каршы кургактан жүргүзүлгөн негизги уруштарга тартылган жок. Бул милдет бүгүн оогандарга тиешелүү. Өлкөсүнүн коопсуздугун камсыздоого алар толугу менен жоопкер. Бирок мен буга чейин деле айткандай, АКШнын Ооганстандагы согуштук миссиясы балким бүттү. Бирок биздин Ооганстан жана анын эл алдында алган милдеттенмебиз калып жатат. Куралдуу күчтөрдүн командачысы катары террорчулар Ооганстанды биздин өлкөгө кайрадан кол салуучу жай катары пайдалануусуна жол бербейм. Андыктан, биздин күчтөр абдан кууш, бирок маанилүү милдетти аркалоодо. Ооган күчтөрүн машыктырып, “ал-Каиданын” калдыктарына каршы контртеррористтик операцияларга колдоо көргөзүп жатат.

Барак Обама америкалык күчтөрдү 2016-жылдан кийин да калтыруу чечими улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер жана Ооганстандын өкмөтү менен консультациялардан соң кабыл алынганын кошумчалады:

- Ооган өкмөтү биздин жардамды каалап турган өнөктөш. Ооган элинин басымдуу бөлүгү да биздин максаттарды бөлүшөт. Бизде кызматташтыгыбыз үчүн нускоо болгон эки тараптуу коопсуздук келишими бар.

Бейшемби күнкү жарыя АКШнын азыркы администрациясынын жана президент Обаманын мурдагы планы өзгөргөнүн көргөзүүдө.

Кабулдагы америкалык аскерлер. 22-август, 2015-жыл.
Кабулдагы америкалык аскерлер. 22-август, 2015-жыл.

Кезинде Ооганстанда саны 100 миңден ашкан америкалык аскерлердин басымдуу бөлүгү 2014-жылдын соңуна карата чыгарылгандан кийин калган 9 миң 800 аскер да 2017-жылдын январына карата кетип, АКШнын Кабулдагы элчилигинде аскерий өкүлчүлүк гана калмак.

Обаманын айтуусунда, азыркы чечимди өзгөрүп жаткан шарт-жагдайга байланыштуу мурдагысын түзөтүү катары бааласа болот:

- Быйылкы жыл ичи эле көптөгөн карапайым оогандардын катарында миңдеген аскерлердин, полицейлердин өмүрү кыйылды. Ошол эле учурда ооган аскерлери анчалык кубаттуу эмес. Алар чалгын жүргүзүү, логистика, авиация, башкаруу боюнча жөндөмүн арттырууда. Бул аралыкта талибдер өзгөчө айыл аймактарында ийгиликке жетишти. Алар али шаарларга, анын ичинде Кабулга да кол салыша алат. Бул нерселердин көпчүлүгү күтүлгөн.

АКШ аскерлери Ооганстанда 2016-жылдан кийин да калары туралуу жарыя "Талибандын" кубаты артканы көрүнүп, ал эми “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин Ооганстанда пайда болушу тынчыздануу жараткан кезде жасалды.

Сентябрь айынын соңунда "Талибан" Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарын кыска убакытка ээлеп алганга жетишкен. Провинция борборлорунан Газни жана Маймана шаарларына да кирүүгө аракеттенишкен. Кундуздун "Талибанга" өтүп кетиши Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн ишинде олуттуу кемчиликтер бардыгын көргөзгөн.

Кундуз шаары. 14-октябрь, 2015-жыл.
Кундуз шаары. 14-октябрь, 2015-жыл.

Кундузду кайра бошотуу учурунда ооган күчтөрүнө жардам иретинде АКШ армиясы абадан сокку урганда Чек арасыз дарыгерлер уюму башкарган ооруканага да бомба тийип, 24 адам өлгөн эле.

Бул АКШнын Ооганстандагы колбашчысынын жаңылыштыгы катары бааланып, аны аскерий кылмышка теңеп иликтөө чакырыгы да айтылган болчу.

Америкалык расмий өкүлдөр Обаманын жарыясы алдында кабарчыларга билдиришкендей, аскерлердин Ооганстанда туруу мөөнөтүн узартуу маселеси ооган президенти Ашраф Ганинин Вашингтонго мартта жасаган сапарынан тарта талкуулана баштаган.

9 миң 800 америкалык аскерге кошумча Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнүн 1000ден ашуун жоокери да бар.

Өткөн аптадагы жыйында Кошмо Штаттардын коргоо министри Эштон Картер өлкөлөрдү аскерлердин саны боюнча маселеде ийкемдүүлүккө чакырган.

НАТО башкатчы Йенс Столтенберг Ооганстандагы аскерлердин саны аларды чыгаруу боюнча мурда мерчемделген убакытка эмес, коопсуздук кырдаалга көз каранды болушу керектигин белгилеген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG