Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

ИКУ: Чыгыш Иерусалим Палестинанын борбору


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Ислам кызматташтык уюмунун Стамбулдагы саммити "Иерусалимдин эркиндиги үчүн” деп аталган декларация кабыл алды. Уюмга кирген өлкөлөр АКШ президенти Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин “четке кагат жана айыптайт".

Ислам кызматташтык уюму “бүткүл дүйнөнү Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору" катары таанууга, АКШ президенти Дональд Трампты “мыйзамсыз жана аймакта хаос жаратышы мүмкүн болгон чечимин кайра кароого” үндөдү.

13-декабрда Стамбулда 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү чукул саммитке чогулду. Анын алдында Ислам кызматташтык уюму Вашингтондун мусулман дүйнөсүн толкуткан чечимине бирдиктүү позиция көрсөтөт деп айтылган.

Саммитти чакырган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган “оккупацияланган Иерусалимди Палестинанын борбору” деп таанууга үндөдү.

Саммиттин катышуучулары
Саммиттин катышуучулары

“Мен эл аралык укукту жана адилеттүүлүктү сыйлаган өлкөлөрдү Иерусалимди Палестинанын баш калаасы деп таанууга чакырам. Биз мындан ары күтүп тура албайбыз”, - деген Эрдоган ислам өлкөлөрү өз талабынан “эч качан кайтпай турганын” билдирди. Ал ошондой эле Иерусалимди Израилдин борбору деп таануу дүйнөнү “бүтпөгөн жаңжалга” кириптер кылат деп эскертти.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас саммитте сүйлөп, “Иерусалим Палестин мамлекетинин баш калаасы жана түбөлүккө ошондой болот. Ансыз Жакынкы Чыгышта тынчтык жана туруктуулук болбойт”, - деди.

Аббас президент Трамптын талаштуу чечиминен кийин АКШ тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук ролун жоготконун айтты, анткени ал калыстыктан тайып, Израилге тартып турат деп белгиледи.

Иордания падышасы Абдaлла II ​самиттин катышуучуларына "Иерусалим исламдагы эң ыйык жер" деп кайрылды. "Ал бардык мусулмандардын, ал бардык христиандардын жүрөгүндө. Бардыгыбызга – мусулмандар жана христиандар үчүн Иерусалим түбөлүк”, - деди.

Ал эми президент Хасан Роухани болсо “Иран ислам республикасы бардык мусулман өлкөлөрү менен эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр экенин” билдирди.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Курамына Сауд Арабиясы баштаган суннилер менен шииттердин Иран мамлекети кирген Ислам кызматташуу уюмунда бир позицияны кармануу кыйла татаал маселе. Стамбулдагы саммитке Ирандын президенти, Иорданиянын падышасы, Ливандын президенти жана Катар менен Кувейттин эмирлери келишти. Ал эми саудиялыктардын делегациясын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү баштап келди.

Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмуна 1992-жылы кирген. Стамбулдагы кезексиз саммитке биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев баштаган делегация катышты.

"Иерусалим шаарынын макамы боюнча бардык чечимдер эл аралык укук ченемдерине жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларына жооп берүүгө тийиш" - деген Кыргызстандын позициясын Шадиев жыйында билдирди.

Иерусалим шаары ондогон жылдар израил-палестин жаңжалынын эң талуу жери. Эл аралык документтерге ылайык байыркы шаардын макамы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында аныкталышы керек.

6-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин жарыялагандан кийин дүйнөнүн бир катар мусулман өлкөлөрүндө кайрадан митингдер өттү.

Трамп өз чечимин “реалдуулукту таануу” деп түшүндүрүп, бул АКШнын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянынан четтеши эмес деп түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG