Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Меркел: Германия АКШ менен Британияга таяна албайт


Канцлер Меркел менен президент Трамп Сицилияда жолугушууда, 26.05. 2017
Канцлер Меркел менен президент Трамп Сицилияда жолугушууда, 26.05. 2017

Европа эми президент Дональд Трамптын башкаруусундагы АКШга жана “Брекситти” баштаган Британияга “таяна албастыгын” Германиянын канцлери Ангела Меркел Мюнхенде шайлоо алдындагы жолугушуулардын биринде айтты. Ага чейин немис канцлери Брюсселде жана Италияда дүйнөлүк лидерлер менен жолугушкан.

28-майда Меркел эл менен жолукканда немистер үчүн АКШ жана Британия менен достук алака маанилүү экенин белгилеп, ошол эле маалда эми аларга “толук таянууга” болбой калганын, европалыктар “өз тагдырын” өз колдоруна алышы зарылдыгын айтты.

“Биз башкаларга таянган маал өттү. Мен буга соңку күндөрү күбө болдум. Европалыктар өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүбүз керек” деди Меркел Мюнхенде чогулгандардын узак кол чабуусунан кийин.

28-майда чет өлкөдөгү алгачкы сапарын жыйынтыктап барган АКШ президенти Дональд Трамп “Европадан жаңы эле кайтып келдим. Сапар Америка үчүн ийгиликтүү болду. Жакшы жыйынтыктарды берген татаал иштер жасалды” – деп жазды Твиттер баракчасына.

Германиядагы Регенсбург университетинин трансатлантикалык мамилелер боюнча эксперти Стефан Бирлинг "Вашингтон Пост" гезитине берген маегинде Меркелдин жогорудагы сөзүн “Трамптын администрациясы жалпы баалуулуктарга болгон ишенимди талкалады” деп анализдеген.

“Европа Трамп инагурациясынан кийин салмактуу саясат жүргүзүп, "Чоң жети" жана НАТОнун көз караштары менен эсептешет деп ишенген. Бирок тескерисинче болду. Ал азыр деле шайлоо кампаниясын улантып жаткандай” деп баалайт немис эксперти Трамптын саясий жүрүм-турумун.

Канцлер Меркел мындай эмоционалдуу сөзүн Сицилияда аяктаган “Чоң жетинин” саммитинин эртеси айтты. Италияга чогулган жети өлкөнүн лидерлери Париж келишими боюнча бир пикирге келе алган жок. Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүнү көздөгөн 2015-жылы Парижде жетишилген келишимди талкуулоо өтө татаал өткөнүн Меркел дагы белгиледи.

Трамп Твиттер баракчасына “Париж келишими боюнча акыркы чечимди кийинки аптада кабыл алам” – деп жазды. Ошондой эле лидерлер соода алакалары жана качкындар маселесинде дагы бир пикирге келе алышкан жок.

26-майда Брюсселде Евробиримдиктин лидерлеринин саммитинде Трамп Германия НАТОго кошчу акчалай салымды төлөбөй жатканын көтөрүп, немис автоунаалары боюнча дагы айтканын медиа каражаттары жазышты.

Бул маселеде сентябрда өтчү шайлоодо Меркелге атандаш боло турган Мартин Шульц немис канцлери менен тил табышкандай. ARD берген маегинде европалык өлкөлөр Трамптын мындай жүрүм-турумуна “чогуу каршы турушу керектигин” айткан Шульц америкалык президент “башкаларды кемсинткиси келген авторитардык лидердей көрүнөт" деп мүнөздөмө берди.

Ангела Меркел болсо ушул тапта Берлин үчүн Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэл Макрон менен мамиле артыкчылыктуу экенин айтты. Коомдук сурамжылоолор сентябрда Германияда өтчү шайлоодо Ангела Меркел төртүнчү мөөнөткө кайра шайланат деп божомолдойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG