Түндүк атлантикалык альянстын башкатчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги жыйынды утурлай жарыялагандай, анда альянска мүчө өлкөлөр НАТОнун “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалицияга расмий кошулуусун макулдашканы турат.
Мындай кадам, Столтенбергдин ырастоосунда, НАТОнун терроризмге күрөшүү жаатында алган милдеттемеси боюнча бекем саясий белгиси болот жана ИМ тобуна каршы күрөштөгү координацияны чыңдайт:
- НАТО терроризмге каршы күрөшкө көп жылдардан бери эле жигердүү катышып келе жатат. Биз бүгүн НАТОнун бул ишке салымын көбөйтүү боюнча аракеттенүү планын кабыл алабыз. Союздаш 28 өлкөнүн баары азыр эле глобалдык коалициянын мүчөсү. Биз бүгүн коалицияга НАТОнун өзүнүн кирүүсүн макулдашабыз. Бул НАТОнун терроризмге каршы күрөшкө берилгендигинин белгиси болот жана коалициянын алкагындагы координацияны чыңдайт. Бирок бул НАТО согуштук аракеттерге катышат дегенди туюндурбайт, - деди Столтенберг Брюсселдеги басма сөз жыйында.
Ал белгилегендей, НАТОго кирген 28 мамлекеттин баары ИМ тобуна каршы жалпысынан 68 мамлекет кирген, АКШ баштаган коалициянын мүчөлөрү. Бирок, НАТО өзү уюм катары АКШнын басымына карабай азыркыга чейин коалицияга кошулбай келген эле.
Буга чейин ачыкка чыккан маалыматтарда айтылгандай, Франция, Германия, Италия сыяктуу өлкөлөр мындай кадамга бир чети араб мамлекеттери менен мамилени бузуп алуу тобокелчилигинен, бир чети альянстын “Ислам мамлекети” тобу менен кургактагы согушка аралашып калбоосу үчүн каршы болушкан.
Эми НАТО башкатчысынын жана дипломаттарынын айтымында, альянс коалицияга расмий кошулуу менен “Ислам мамлекети” тобуна каршы операцияларды AWACS чалгын учактары аркылуу колдоосун кеңейтет.
Ошондой эле НАТО Европанын өзүндө терроризмге каршы күрөштү жакшыртуу үчүн аракеттенүү планын макулдашканы турат.
Альянстын баш кеңсесинде атайын бөлүм уюштуруп, анти-террористтик операциялар боюнча атайын координатор дайындамакчы.
НАТОнун азыркы саммити Британиянын Манчестер шаарында “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган жардыруудан 22 адамдын өмүрү кыйылган учурга туш келди. Британ бийликтери кол салууну террордук чабуул катары сыпатташкан.
НАТОнун Брюссел саммитиндеги дагы бир башкы маселе - коргонуу чыгымдарынын көбөйтүлүшү. Башкатчы Столтенберг бул маселеде да жылыш бар деп ырастоодо:
- Союздаштар 2014-жылы эле коргонууну жакшыртууну, чыгымды көбөйтүүнү макулдашкан. Мунун ичинде он жыл аралыгында ички дүң өнүмдүн 2% коргонууга сарпталуусуна жетишүү да бар болчу. 2015-жылдан тарта кыскартуулар токтоду. 2016-жылы Европада жана Канадада жалпы чыгымдардын көлөмү миллиарддаган долларга өстү. Биз бүгүн мына ошол импульсту сактоо боюнча чараларды көрөбүз. Ар жыл үчүн улуттук пландарды иштеп чыгууну макулдашабыз. Аларда НАТО боюнча союздаштар өз убадаларын кантип аткарары аныкталат.
Өзү учурдагы эсептер боюнча НАТО чыгымынын 70% Кошмо Штаттар көтөрөт.
Коргонуу үчүн кеминде ички дүң өнүмдүн 2% жумшалсын деген эрежени былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Британия, Польша, Эстония, Греция гана аткарган, Латвия, Литва, Румыния буга бир аз жакындаган.
Шайлоо өнөктүгүндө жана талапкер кезинде НАТОну “эскирген уюм” деп сынга алган АКШ президенти Дональд Трамп соңку кездери турумун бир аз жумшартып, атүгүл апрель айында НАТО “мындан ары эскирген уюм эмес” деп айткан жайы бар.
Буга Вашингтондогу азыркы бийликтин утур-утур эскертүүлөрүнөн соң НАТО өлкөлөрүнүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө ыкташы жана терроризмге каршы күрөштү альянстын миссиясына кошууга макул болушу алып барды окшойт.
Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон НАТО боюнча өнөктөштөрдүн милдеттемесин аткаруусу АКШ үчүн мааниге ээ экенин айтууда:
- Ички дүң өнүмдүн 2% алар буга чейин эле макулдашкан ченем. Менимче, силер президент (Трамп) бул маселеде абдан эле катаал болуп, карагыла, АКШ төрт пайызын коротууда, көп ишти биз жасап жатабыз, силердин коопсуздук, биргелешкен коопсуздук үчүн көп нерсени Кошмо Штаттардын эли жасоодо, эми силер да коопсуздугуңардагы үлүшүңөрдү өзүңөр көтөрүүңөрдү кепилдешиңер керек деп айтарын күтө аласыңар. Менимче, анын НАТОго кайрылуусунун өзөгү мына ушул болот.
НАТО саммити алдында Трамп Евробиримдиктин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Анын Бельгия борборуна АКШ президенти катары келишине тушташ нааразылык акциялар да уюштурулду. Брюсселдин көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн адамдар Дональд Трампты климаттагы өзгөрүүлөрдү, социалдык маселелерди жээригени, иммиграциялык саясаты үчүн айыпташты.