Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Чехтердин саамал кымызы - бурчак


Шарап майрамы - "Винобраниде" фермерлер жүзүмдү атайын аппаратка салып эзгени жатышат. Прага, 17-сентябрь, 2016
Шарап майрамы - "Винобраниде" фермерлер жүзүмдү атайын аппаратка салып эзгени жатышат. Прага, 17-сентябрь, 2016

Сентябрь Чехияда жаңы шарапты даам татуу мезгили. Ал “Винобрани” аталып, чоң шаан-шөкөттөр менен ачылат. Демейде улуттук кийимди кийген адамдар майрам өтчү жайга топ-тобу менен келишип, анан ыр-бийлер жана жаш шараптан даам татуу жана бурчак ичүү жөрөлгөсү башталат.

Көпчүлүк чехтер быйыл жасалган шараптардын даамын дал ушул майрамда татышат. Шарап майрамы сентябрдын экинчи жарымынан тартып, Чехиянын түштүгү - Моравиянын Микулев, Зноймо, Валтисе жана башка шаарларында, Ортолук Чехия - Богемиянын Мельник, Литомержице шаарларында, Карлштейн сепилинде, Праганын өзүндөгү үч жүзүмзарда жана аянттарда кезек менен өтөт.

Шарап майрамы быйыл ордолуу Прага шаарында сентябрдын биринчи ишембисинде башталды. Бул күнү адемдүү Пражский Граддагы топ ойноочу залда түрдүү винолордун дегустациясы болсо, Падыша багында каалоочулар жаңы жетилген жүзүмдүн эзилген маңызынан даам татып жүрүштү.

Өңү саргылтым тунук бул ичимдикти чехтер “бурчак” деп аташат. Бурчак эмне экенин түшүндүрүп берүүнү сурап, арак-шарап ичимдиктери боюнча адис Ян Тауэрге (Jan Tauer) кайрылдым.

Эзилген жүзүмдүн суусу жыгач челекке куюлууда. Прага, 17-сентябрь 2016
Эзилген жүзүмдүн суусу жыгач челекке куюлууда. Прага, 17-сентябрь 2016

- Бурчак жүзүмдүн маңыздуу суусу. Андан кийин шарап жасалат, бирок шарап жасалганга чейин бир нече стадиядан өтөт. Бурчак оболку абалында - стадияда алкоголу жок таттуу суусундуктай болсо, такай ачыгандыктан бешинчи стадиясына жеткен кезде анын курамында 5-7 процент алкогол пайда болот. Андан кийин жаш шарап болуп чыга келет.

Ошентип бурчактын даамы ар бир саатта өзгөрүп турат. Эгер багбандар бурчакты эми бизге эки алып келгенде алкоголу 1 процент болсо, сатылып бүткөнчө алкоголу 5 процент болуп калат. Аны 10-15 градус температурада кармаган жакшы. Бурчак муздаткычта ачыганын токтотот.

Ян Тауэр – Праганын тарыхый бөлүгүндөгү Koštovna u Počtů шарапканасынын же чехче айтканда винарнанын башкы шарапчысы. 1897-жылы негизделген бул шарапкана негизинен Моравиядан келген шараптарды сатат.

Орто кылымдык Борбор Азияда элге шарап куюп берчү сакы, винарна болсо шарап сатылчу майхана деп аталмак. Тарыхтан маалым болгондой, Орто Азияда жүзүмдөн чагар, ал эми кургатылган жүзүм-мейизден мусалла жасалган. Ал эми улуу жаангер Захириддин Мухаммед Бабур айтылуу китеби “Бабур-наме” Кабылдын жүзүм шарабын өзгөчө мыкты деп мактайт.

Чехияда бурчак негизинен Моравия жүзүмүнөн жасаларын айтып сөздү улантты Ян мырза.

Бурчак ичкени турган адамдар. Падыша багы. 17-сентябрь 2016
Бурчак ичкени турган адамдар. Падыша багы. 17-сентябрь 2016

- Бурчак август айынын башынан октябрь айынын аягына чейин болот. Чехияда бурчак адегенде жүзүмдүн эрте бышчу Моравия мускаты (Muskat moravsky), Ирсай Оливер (Orsay Oliver) сортунан жасалат. Ага чейин Велтинскинин көк жүзүмү (Veltinske zelene) менен Мюллер Тургау (Muller Thurgay) сорту да бышып калат. Аба ырайы жакшы болсо, жүзүм августтун башында эле бышып жетилет. Ошондо бурчак жасаса болот. Себеби, мыйзамда бурчакты 1-августтан жасаса болот деп айтылган.

Австрия жана Германиянын түштүк бөлүгүндө да жаңы бышкан жүзүмдүн ширесинен бурчактай ичимдик жасалат. Бирок, Евробиримдик бурчак деген ат менен Чехиянын бурчагын гана тааныйт. Бул жылы Чехия Евробиримдикке мүчө болуп кирген.

Чехтердин саамал кымызы

Бурчактын мекени деп, чехтер өздөрү өлкөнүн түштүк облусу - Моравияны билишет. Ошого шарап майрамында көбүн эсе моравиялык элдик ырлар менен бийлер аткарылат.

Шарап майрамындагы концерт. Прага, 17-сентябрь 2016
Шарап майрамындагы концерт. Прага, 17-сентябрь 2016

Айтылгандай, бурчак тирүү бактерияларга бай болгондуктан, анын курамында тамак-ашты сиңиргенди жана кандын айланышын жакшыртчу В жана С витаминдер мол болот. Бул эки витамин териге жана организмге таасир этип, ичеги-карындардын флорасын жаңылайт. Ошого адамда канча каны болсо, бир сезондо ошончо литр бурчак ичиши абзел.

Дарыгерлердин айтымында, адамда боюна жана салмагына жараша орточо 5-6 литр кан бар. Бурчак убакыт менен жарыша ачып, курамында кант жана алкогол пайда болуп, даамы да өзгөрүп ширин тарта баштайт, деди Ян Тауер.

- Ар бир бурчактын даамы ар башка. Бирөөгө алкоголу көп, башка бирөөгө алкоголу аз, үчүнчү адамга таттуу бурчак жагат. Эгер ал бурчак деп аталса, ал кайда жасалганын бажырайтып жазылып коюшу абзел. Бурчактын өңү күрөң тартып калса, аны бузулган ичимдик деп билиңиз. Бурчактын сапатын аныктоо кыйын иш. Бурчак ачып, бүлкүлдөй баштаса, муздаткычка салып коюу керек. Эң негизгиси температурага көз салып туруу зарыл.

Чех саамалы кымызы-бурчак
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:19 0:00

Масы жок шарап майрам

Шарап майрамы, ошондой эле бурчак майрамы Праганын көбүнчө түш чукул башталып, кечке дейре созулат. Аны шарап ичүү эмес, жаш шараптан даам татуу майрамы дегенимдин жүйөсү бар. Себеби, ал жерден напсини тыя албай, шарапты кулкунуна куя берип, анан көзү тунарып, дубал жөлөп же оонап калган, же көкүрөгүн жалжайтып алып, элди жөөлөп жүргөн эч кимди кезиктирбейсиң.

Менин бурчакты ашыкча көп ичсең, мас болуп калбайсыңбы деген суроомо Ян Тауэр мырза мындай жооп берди:

- Бурчак ачып, курамында 5 процент алкогол пайда болгондо, кубаты пивого теңелип калат. Аны 5 литр ичсең, мас болушуң мүмкүн. Бирок, ынак бурчакты чени менен ичкен адам мас болбош керек.

Шарап майрамы. Прага. 17-сентябрь 2016
Шарап майрамы. Прага. 17-сентябрь 2016

Мен өзүм бурчакты кадимки саамал кымызга окшоштурам. Анткени, жүзүмдүн маңызында обол алкоголу болбойт жана бурчак эми чыкканда бурчаккор-чехтер шарапканага күнүгө бир ирет баш багып, ичип турушат же үйүнө алып кетишет.

Бул саамалык 1-ноябрга чейин созулат. Бирок октябрь айында бурчак аз ичилип калат. Бурчак шарап сыяктуу эле фужерге 200 же 100 граммдан куюлуп берилет. Аны арак тейде тарс көтөрүп, түбүнө тамчы калтырбай жутушпайт. Жай сөз үстүндө кичинден уурттап эрмек кылышат.

Дегинкиси чехтер сыраканада пиво ичкенде да аны чоң уурттабайт. Улам-улам аз-аздан жутуп отурушат. Бурчак ичер алдында идиш кагышкан адамды көрсөңүз, аны чет элдик десеңиз жаңылбайсыз. Себеби, эзелтен келаткан салтка ылайык, бурчак ичкенде чөйчөк кагышпайт, деп түшүндүрдү Koštovna u Počtů шарапканасынын башкы шарапчысы Ян Тауэр мырза.

- Бурчак ичкенде стакан кагышпайт. “На здрави” (Саламаттык үчүн!) деп жана “Добрый хуть” (Жакшы даамдуу болсун!) деп гана айтылат. Биз чехтер шарап ичкенде “На здрави!” деп айтып туруп, анан стакан кагышабыз. "На здрави!"

Саламат бололу!

XS
SM
MD
LG