Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

Тажикстан өзбек ишкерлерине жол ачты


"Ходжи Шариф" базары. Хатлон, 2018-жыл, июнь
"Ходжи Шариф" базары. Хатлон, 2018-жыл, июнь

Тажикстандын Хатлон облусундагы базарлардын биринде жакында өзбек ишкерлери да соода кыла башташат. Бул үчүн облус бийлиги 3 гектар жер бөлүп берди.

Хатлон облусунун администрация өкүлү өткөн аптада Бохтар шаарындагы "Ходжи Шариф" базарында Өзбекстандын расмий делегациясы болуп, кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлганын билдирди. Коңшу өлкөнүн 20 ишкери «Достук» деп аталган павильондо соода кылмай болушту.

Облус бийлиги базардан аларга 3 гектар жер бөлүп беришти. 2011-жылы ачылган «Ходжи Шариф» рыногунун жалпы аянты 10 гектардан ашат, анда 14 миңдей киши продукциясын сата алат.

Хатлон облусунун Соода-өнөр жай палатасынын төрага орун басары Шараф Санговдун айтымында, үй тиричилик техникасы, азык-түлүк, килемдер сапаты текшерилгенден киийн сатылып турмакчы:

- Өзбекстандык соодагерлер бизде иштей башташат деп макулдашылды. Алар Самарканд жана башка аймактарда өндүрүлгөн товарларды сунуш кылышат. Биздин продукция да алардын ички рыногунда сатылат. Кыскасы, эки өлкөнүн тең товарлары бири биринин рынокторунда сатылмакчы.

«Ходжи Шарифтин» администрациясы өзбекстандык ишкерлер менен кызматташтык тууралуу маалыматты бышыктады. Базардын өкүлү Хабибулло Валиев алар калгандардай болуп эле салыктарды, соода жайынын ижарасын төлөп турушарын, өздөрү рыноктун мейманканасында жашай турганын айтты:

- Биз аларга 3 гектар жер бөлүп бердик. Алар бизге бир жолу келип кетишти. Өз товарларын көргөзүп, сатышкан. Ал иш Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган. Жакында кайтып келишет.

Бирок айрым эксперттер кошуна өлкөнүн ишкерлери өз продукциясын арзаныраак сатышса, анда жергиликтүү соодагерлер адилетсиз атаандаштыкка туруштук бере албай калышарын белгилешет.

“Өзбектер өздөрү өндүргөн продукцияны сатышса, тажиктер Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдөн товарларды алып келишет. Бул алда канча кымбатка түшөт. Соодагерлер ортосунда пикир келишпестиктердин алдын алуу зарыл”, -дешет адистер.

«Ходжи Шарифтеги» сатуучулардын бири Анваршох өзбек товарлары арзан сатылат деген ойго кошулбайт:

- Алар жүктү алып келүү үчүн, бажы төлөмдөрүн, салыктарды, турак жайдын ижарасын төлөшөт да. Албетте мунун бардыгы товардын баасына таасир этет. Андыктан биз анча камтама болгон жокпуз. Тескерисинче, өзбектер келсе, базарда кардарлар көбөйөт дейбиз.

​Өзбекстандык өндүрүүчүлөрдүн товарлары бир жылдан бери тажик рынокторунда сатылып жатат. Өлкө түндүгүндө Өзбекстандын бизнес-борбору иштей баштады.

20 жылдан ашуун убакыттан бери эки коңшунун мамилелери, анын ичинде соода алакалары абдан начарлаган. Мындан эки жыл мурун Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери жагдай өзгөрдү.

Быйылкы жылдын 9 айында Тажикстан менен Өзбекстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 220 миллион долларга чамалады. Тараптар жакын арада бул көрсөткүчтү бир миллиард долларга жеткирүүнү көздөшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG