Өзбекстандын өкмөтү тийиштүү токтомду 1-августта чыгарды. “Анын маани-мазмунун түшүндүрүүнү өкмөт авиакомпанияларга тапшырган”, - деди “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясына өкмөттүн маалымат-кызматынын өзүн Бактыяр деп тааныштырган өкүлү.
Ал эми Ташкен аэропортунун маалымат кызматынын атын атабаган өкүлү кабарды ырастады.
“Эртеңден тарта билеттер валютада гана сатыла баштайт, - деди ал “Азаттыкка”. – Чет мамлекеттерден Өзбекстанга келиш үчүн билет чет өлкөлөрдүн валютасында сатылат. Өзбекстандан сыртка чыгыш үчүн билет өзбек суму менен сатылмакчы”.
Жарымы сум, жарымы доллар
Жаңы эреже чет өлкөлүктөргө гана эмес, өзбек жарандарына да тиешелүү. Маселен, өзбек жараны өлкөнүн кайсыл бир облусунан Ташкен-Москва-Ташкен каттамында билет алам десе, анда Москвага чейинки бөлүгү үчүн сум менен, ал эми Москвадан Ташкенге чейинки бөлүгү үчүн чет өлкөнүн валютасы менен төлөйт.
Токтомдун өзүндө кайсыл валюта жөнүндө сөз болуп жатканы такталган эмес. Бирок аналитиктер АКШ доллары, евро жана Кытайдын ийени тууралуу айтылса керек дешет. Азырынча билеттерде бааны сум жана евро менен көрсөтүп жүрүшөт.
Өкмөттүн чечими тууралуу сүйлөп жатып, ташкендик аналитик Дмитрий Поваров муну менен өкмөт өзбекстандыктар буга чейин колдонуп келген мүмкүнчүлүктөрдүн бирин кыскартты дейт.
“Өзбекстанда чет өлкөнүн валютасынын расмий курсу менен анын базардагы баасынын ортосунда айырма чоң болгондуктан, чет мамлекетте жашагандар Өзбекстандагы туугандарынан билет сатып алдырышчу. Ошондо алар 50-80 доллардай акча үнөмдөп калышкан, - дейт экономист. - Эгерде “Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын Москвадагы бөлүмүндө билет кымбатыраак, ал эми Өзбекстанда арзаныраак болсо, Москвадагылар бул жакка заказ беришчү. Мына ушул айырманы көрүп, өкмөт бул кичинекей боштукту толтуруну буйруду. Жараяндын өзү Өзбекстандын экономикасына, транспорт бөлүмүнө валютанын агымынын түшүшүндө проблемалар бар экенин көрсөтөт. Ошондуктан бул аракеттер чет өлкө валютасынын көлөмүн кеңейтүү максатында жасалып жатат десе болот”.
Өзбекстанда, мыйзамга ылайык, соода-сатыктын баары улуттук валютада гана ишке ашырылат. Мындай болсо, өкмөттүн жаңы токтому ал мыйзамга каршы келип калбайбы?
Экономист Дмитрий Поваровдун ишениминде андай эмес: “Эгерде өзбек жарандарына мамлекеттен башка жакка чыгардагы билеттерди сум менен алууга тыйуу салынганда, муну мыйзам бузуу десек болмок. Азырынча андай буйрук жок”.
Алгачкы кадам эмес
“Өзбекстан аба жолдору” ишканасынан билдиришкендей, азырынча токтом каржы департаменти тарабынан изилденип жатат, андыктан кеңири маалымат таркатыла элек. Бул улуттук компаниянын учактары дүйнөдө 40 ашуун мамлекетке каттайт.
Дегинкиси, өзбек өкмөтү өзүндө улуттук валютанын күчүн кетирген бул өңдүү чараны алгачкы жолу көрүп жаткан жок. Маселен, GM-Өзбекстан биргелешкен ишканасы чыгарып жаткан автомобилдердин айрымдары АКШ долларында сатылып жүрөт.
Андан сырткары, Ташкенде убактылуу каттоого турууну самаган чет-өлкөлүктөр мамлекеттик чыгымдарды жалаң АКШ доллары менен төлөшөт.