Саясатта, экономикада либералдашуу, бийликти башкаруудагы ачыктыгынан улам Шавкат Мирзиёев башкарган Өзбекстан 2016-жылдан бери эл аралык коомчулукта кадыр-баркка ээ боло баштады. Британиянын "Economist" журналы Өзбекстанды ар тараптан өнүгүп бараткан "жылдын өлкөсү" деп атады.
22-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо тууралуу "The Diplomat" басылмасынын талдоочусу Кэтрин Пуз бир катар дипломаттар менен эксперттердин пикирин топтогон.
Пуз өз макаласында: "Өнүгүүнүн добулбасы кагылып жатканда кемчиликтер да болбой койбойт. Жаңылануунун добушун бардыгы эле бирдей уга бербейт. Реформанын жолу өтө татаал, аны ишке ашыруу көп күчтү талап кылат. Парламенттик шайлоону айрымдар кубанып, толкунданып күтсө, кээ бири прогресске ишене албай кыйналууда.
АКШнын Өзбекстандагы элчиси Даниел Розенблюм "дипломатиялык коомчулук акыркы мезгилде өзбек бийлигинин ачыктыгы, атаандашууга туруштук берүүсүн бааласа да парламенттик шайлоодон көп нерсени үмүттөнбөйм" дейт. Анын оюнда өлкөдөгү саясий реформа башка тармактардан алда канча артта калууда.
Пистбург университетинин окумуштуусу Женнифер Муртазашвили өзбек коомчулугу саясий көз карашын билдирүү үчүн саясатта активдеше баштаганын айтып "саясий маселелерде атуулдардын көз карашына карата бийликтин чыдамкайлыгы мени кубандырууда. Жай айларында тургундар үй-жайын бузууга каршы чыкканда бийлик аларды жазалаган жок. Бул жакшы жышаан", - деген оюн айтты.
"Улуттук кайра жаралуу" партиясынын өкүлү Забихулла Саидов: "Эл мурда саясат тууралуу сүйлөгөндөн чочулап турчу. Азыр бул коркуу жоголо баштады", - деди.
Эксперттер шайлоо кандай гана аяктабасын, Өзбекстан азыр демократияга, өнүгүүгө карай бет алганын бир ооздон белгилешти. Жекшембидеги добуш берүү бул багытта жасалган биринчи кадам болмокчу. Мирзиёевдин бийлигинен өз эли гана эмес, дүйнө коомчулугу да саясий, экономикалык кайра жаралууну күтүп турган чагы", - деп жазды.
Эл аралык уюмдардын эскертүүсү
Журналисттерди коргоо комитети, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк, Норвегиядагы Хельсинки комитети жана Адам укугу боюнча Хельсинки фонду Кыргызстанда сөз эркиндигине жасалган бийликтин кысымын токтотууга чакырды.
Кайрылууга кошулган Cтокгольмдогу адам укугун коргоо уюму кыргыз бийлигинен сөз эркиндигин басмырлоону, журналисттерди куугунтукка алып, соттоп, сайттарга чабуул койгонду токтотууну талап кылды.
"Соңку учурдагы окуялар эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда. 10-декабрда Бишкекте сот бир нече медиа уюмдун банк эсептерин камакка алды. Ошондой эле адам укугун коргогон активисттер, журналисттер опузага кабылууда. Биргелешкен билдирүүдө “биз кыргыз бийлигине эл аралык мыйзамдарды сактап, журналисттердин, адвокаттардын, активисттердин коопсуздугун, эркиндигин камсыз кылыш керектигин эскертебиз” деп айтылат.
Журналисттер менен активисттерге болгон кысым «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдөн соң курчуп кетти. Иликтөөлөрдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун аты аталган. Медиа уюмдардан тышкары укук коргоочу Нурбек Токтакуновду белгисиз адамдар коркутууда.
17-декабрда Factchek.kg сайтынын Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу буюмдарын иликтеген материалынан кийин "Клооп", "Кактус Медиа", Factchek.kg сайттары DDoS чабуулга учурап, убактылуу иштебей калды. Factchek.kg сайты 24 сааттай иштебей турду. Коррупцияга карата бийликтин мындай аракети элди толкутуп, Бишкекте эки жолу митингдер болду", - деп жазды укук коргоочу эл аралык уюм.
Путинден кийин эмне болот?
Германиянын улуттук ARD телеканалынын "Tagesschau" аттуу берүүсүнүн сайтына “Орусиянын 2024-жылы болчу көйгөйүнө" байланыштуу аналитикалык макала чыкты.
Анда: "Учурда Орусияда "Владимир Путин бийликтен кеткенден кийин эмне болот, ким ордун басат?" деген суроо көптү түйшөлтүүдө. 2000-жылы Борис Ельцинден кийин такка отурган Путин ар түрдүү ыкмалар менен 20 жылдан бери бийликти бербей келатат. Путиндин мураскору кайра эле өзү болушу ыктымал. Анын ордуна коргоо министри Сергей Шойгу же тышкы иштер министри Сергей Лавров келиши мүмкүн деген сөздөр айтылууда. Бирок саясат таануучу Дмитрий Орешкин Владимир Путиндин бийлигин өзү гана мурастай аларын айтат. Бирок мыйзамдарга ылайык Путин кайра шайлана албайт.
Ошентсе да Орешкин Путин бийликте калыш үчүн ал төмөндөгү үч сценарийдин бирин ишке ашырат деп божомолдоодо. Биринчиси - 2008-жылы Дмитрий Медведев менен болгондой бийликти алмаштыруу саясаты. Анткен менен 71 жаштагы Путин үчүн бул өтө кыйын. Экинчиси - Конституцияны өзгөртүп, президенттик мөөнөттү узартуу варианты, же Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин ыйгарым укуктарын арттыруу менен бул орунга Путиндин келиши. Үчүнчүсү - акыркы мезгилде Орусия менен Беларустун биригиши тууралуу имиштер көп айтылууда. Кокус, эки өлкө биригип калса, анда жаңы союзга жаңы президент катары кайра эле Путин келиши ыктымал.
Москвадагы Карнеги борборунун өкүлү Андрей Колесников мындай божомолдорго азырынча эрте деген ойдо. Ал “Путин ушул тапта өзү да келечек кандай болорун билбейт жатат” дейт. Кремл азыр элдин маанайына байкоо салып жатат. Колесников Путин бийлик мураскорун шайлоо алдында тез эле таап, күтүүсүз жерден эле элге алып чыгышы ыктымал деген ойдо. Путинди эч кимге ишенбеген адам катары билишет. Мураскору ким болгон күндө да ал өз коопсуздугуна толук кепилдик болмоюнча аны такка отургузбайт".
Буту сынган аял тез жардамды күтүп, көз жумду
"The Independent" гезити Британиянын Уэлс аймагында буту сынып калган аял алты саат бою тез жардамды күтүп жатып, жан бергенин кабарлады.
Абердейр шаарчасына жакын кыштактардын биринин тургуну, 47 жаштагы Донна Гилби бутун сындырып алып, “Тез жардамга” кайрылган. Коңшулары менен жакындары аны ордунан жылдыруудан коркушуп, дарыгерлерди күтүшкөн. Алты саат бою тез жардам келбей, кечигип келгенден кийин ооруканага алып барары менен аялдын жүрөгү кармап, каза тапты. Анын 74 жаштагы атасы кызынын өлүмүн кечиккен тез жардамдан көрүүдө. Себеби дарыгерлер келгенче кызы аябай кыйналып, жүрөк оорусу козголгон. Уэлстин “Тез жардам” кызматы маркумдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, окуяны териштирерин билдирди.