Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Марска көлүк-робот конокко барды


Көлүк-робот "Curiosity" Марстын бетине конор замат жөнөткөн фотосүрөттөн аппараттын бир дөңгөлөгү көрүнүп турат. 6-август 2012
Көлүк-робот "Curiosity" Марстын бетине конор замат жөнөткөн фотосүрөттөн аппараттын бир дөңгөлөгү көрүнүп турат. 6-август 2012

Марс планетасына америкалыктардын өзү жүрчү космостук аппараты -“Curiosity” (Кюриёсити) ийгиликтүү кондурулду.

Эки жылга созулчу экспедициянын максаты - кызыл планета деп аталган Марстын бетинде жашаганга мүмкүнчүлүк бар экенин аныктоо.

1960-жылдардан бери түрдүү өлкөлөр Марска 30дан ашуун жолу космостук кемелерин кондурганга аракет кылып, анын теңинен көбү ийгиликсиз бүткөн. “Curiosity” Марстын бетине конор замат Жерге кара-ак өңдүү фотосүрөттөрдү бере баштады.

Дүйшөмбү, 6-августта Бишкек убактысы боюнча саат 11ден 30 мүнөт өткөн ченде америкалыктардын “Curiosity” көлүгү Марс планетасынын бетине конду.

“Жерге конгону тастыкталды. Биз аман-эсен Марстын бетиндебиз!” - деп жаңырды репродуктордун үнү Лос-Анжелестин ныптасындагы лабораториянын чоң залында. Космостук аппараттын Марска ийгиликтүү конгонуна сегиз айдан бери экспедицияны үзбөй көзөмөлдөп турган лабораториянын кызматкерлери шатыра-шатман кол чаап, сүйүнүчкө батышты.

Марстын илимий лабораториясында тартылган жасалма фотосүрөттө "Curiosity" илимий көлүгү Марстын бетинде иштеп жаткан учур көрсөтүлгөн.
Марстын илимий лабораториясында тартылган жасалма фотосүрөттө "Curiosity" илимий көлүгү Марстын бетинде иштеп жаткан учур көрсөтүлгөн.
Көлүк-роботту Марстын бетине кондуруу миссиянын эң татаал бөлүгү жана аны долборлоп жасаган инженер-илимпоздор үчүн “аябай маанилүү сыноо” болду. Анткени саатына 20 миң чакырым ылдамдыкта учуп барткан космостук аппарат Марстын атмосферасына киргенден кийин, планетанын бетине жайбаракат конгонго 7 мүнөт гана убактысы болду.

Жерге радиосигнал 14 мүнөттө жеткендиктен АКШнын космостук агенттиги - НАСА көлүктү автоматтык түрдө башкара албайт эле. Ошондуктан аппарат 7 мүнөт бою автоматтык режимде иштеди жана ылдамдыкты азайтуу үчүн артка тартчу атайын кыймылдаткычты, парашютту жана “аба тросторун” пайдаланып, Марс бетине конду.

Салмагы 1 тонналык саякатчы көлүк текшерүүдөн өтүп, кызыл планетанын бетиндеги экспедициясын баштаганга чейин дагы бир нече жума керек. “Curiosity” эки жылдык миссиясы маалында Марстын кыртышын жана таштын үлгүсүн чогултуп, Жерге алып келет. Топтолгон материалдарды окумуштуулар изилдеп көрүп, “Ал жакта жашоо мүмкүнбү?” деген суроого жооп алышат.

Бул жөнүндө саякатчы-робот Марстын бетине конгондон кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияда НАСАнын администратору Чарлз Болден мындай деди:

- Бүгүн, дал ушу тапта, “Кюриёситинин” дөңгөлөктөрү Марстын бетинде адам басчу чыйыр сала баштады. Азыр кызыл планетада жүргөн “Curiosity” буга чейин курулган саякатчы-көлүктөрдүн эң акылдуусу. Ал Марста жашоо барбы же болочокто планетада жашоо мүмкүнбү деген түбөлүктүү суроолорго жооп издейт.

НАСАнын Марсты изилдөө программасынын директору Дуглас МакКюстиондун маалымдашынча, чоңдугу жеңил автомобилдей, ядролук отун менен иштечү көлүк-роботтун 17 фотокамерасы чукул арада Жерге түстүү фотосүрөттөрдү жибере баштайт.

Акыркы 50 жылда түрдүү өлкөлөр отуздан ашуун ирет Аалам койнундагы жетинчи чоң планета эсептелген Марска көлүк-робот кондурмак болуп, анын теңинен көбү ийгиликсиз бүткөн.

АКШ президенти Барак Обама “Кюриёситинин” Марска кондурулушун “теңдешсиз технологиялык чеберчилик” деп атады.

Марска конуу акыркы жылдары бюджети азайтылып, жакында эле көп баскычтуу космостук кемелерди учуруу боюнча 30 жылдык программасы токтотулган АКШнын космостук агенттиги үчүн да чоң жеңиш.

Саякатчы-көлүк Марска былтыр ноябрда учурулуп, ага жеткенче Аалам койнунда 560 миллион чакырымдан ашуун жол басты. НАСА расмий түрдө “Марстын илимий лабораториясы” деп атаган бул долбоордун баасы - 2,5 миллиард доллар турат.

Бул АКШнын космостук агенттиги 1976-жылы Марска өзү жүрчү “Викинг” көлүк-роботун учургандан берки биринчи астробиологиялык экспедиция. “Викинг” Марстын бетинен биринчи түстүү фотосүрөттөрдү жиберген. Бирок алынып келген кыртыштан жашоонун ишенимдүү белгилери табылган эмес.


"Curiosity" Марска конду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00
XS
SM
MD
LG