Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:00

КЫТАЙДА КОСМОСКО ЭКИ КОСМОНАВТ УЧУРУЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 12-октябрда эртең менен Кытайда космоско жаңы кеме учурулду жана анын ичинде эки космонавт бар. Анткен менен кеме Жерди беш жолу айлангандан кийин, ал өз орбитасын орчундуу өзгөрттү жана эксперттердин айтымында, Жерге ал мөөнөтүнөн мурда кайтышы мүмкүн.

Адамы жок кемелерди космоско Кытай мурда эле көп учурган, бирок биринчи кытайлык космонавт - Ян Ливей - 2003-жылдын октябрында учкан. Ал космосто 21 саат болуп, Жерди 14 жолу айланган. Эксперимент ийгиликтүү болоорунан күмөн санаган Кытай жетекчилиги ал учуруу тууралуу бир нече убакыт өткөндөн кийин гана жарыялаган.

Азыркы учуруу сыналгы-үналгы жана интернет аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү. Гансу провинциясындагы Гоби чөлүндө жайгашкан Цзюцюан космодромунан космоско учурулган "Шеньчжоу" деген кеменин ичинде 40 жаштагы Вэй Цзюнлун жана 41 жаштагы Не Хайшен деген космонавттар бар. Алар орбитада 119 саат болот жана ал убакыттын ичинде Жерди 80 жолу айланууга тийиш.

Кеменин узундугу 9 метир, салмагы 8 тонна. Эксперименттин өзгөчөлүгү - жаңы кеме эки бөлмөдөн турат, анын биринде космонавттар жашайт, экинчиси болсо илимий лабораторияга айлантылган жана ал экинчи бөлүк орбитада калат. Кийин Кытай кошумча кемелерди учуруп, ал космостук лабораторияга жаңы бөлмөлөрдү жалгаштырып отуруп, аны космостук станцияга айландырат.

Лондон шаарындагы космостук коллеждин эксперти Эндрю Коатстын айтымында, бул окуяны Кытайдын орчундуу жетишкендиги деп эсептеш керек:

- Космоско адам учуруу программасы толугу менен Кытайдын өзүндө даярдалган жана өлкөнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. Буга чейин космоско адамды Орусия менен АКШ гана учура алган жана эми алардын катарына Кытай дагы кошулду. Мындай аракеттин керек же кереги жок деген жагын алсак, бул программага Кытай өтө көп каражат коротту жана аны менен дүйнөгө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү калайт.

Кеме эллиптикалык орбитада айланып, Жерге жакындаганда 200 чакырым бийиктикте, алыстаганда 347 чакырым бийиктикте учат, бирок ал беш айлануу жасагандан кийин, бир топ орчундуу өзгөрүүлөр жасалды. Кеме эллиптикалык орбитадан тегерек орбитага өттү, мындай абалдан качан болбосун Жерге кайтуу башталышы мүмкүн. Экперттердин пикиринде, мүмкүн кандайдыр бир кыйынчылыктар пайда болду, бирок алар жоюлса, кеме космосто дагы беш күн болот.
XS
SM
MD
LG