Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

ЖАПОНИЯ КОСМОСКО ЖАҢЫ КЕМЕ УЧУРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 14-сентябрда Жапония Айга өзүнүн биринчи кемесин учурууда. Айдын үстүндө ал эң алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Акыркы жылдарда Жапониянын космос программасы дээрлик токтоп калган, бирок эми Токио бул тармакта Бээжин менен атаандашууга даяр.

"Кагуя" деп аталган кеме 14-сентябрда Тынч океандагы Танегашима деген аралдан Жапония өзү өндүргөн ракета менен учурулууда, Жерди эки айлангандан кийин ал Айды көздөй бет алат. Кеме Айды айланып жүргөндө, андан эки кичине кеме бөлүнүп, Айга барып конот жана бир жылдын ичинде алар Айдын үстүндө изилдөө жүргүзүп, Жерге көптөгөн илимий маалымат жиберээри күтүлүүдө.

Америкалык адис Крейг Коволдун айтымында, бул эксперимент илимий жана саясий жактан дагы өтө маанилүү: "Токиого ал саясий да пайда алып келет, анткени космосту изилдөө тармагында Азия-Тынч океан аймагында Жапония Кытайдан кем эмес экенин көрсөтө алат. Анын технологиялык пайдасы дагы зор, анткени учурулуп жаткан кеме - ичинде адамы жок космос кемелеринин ичинен азыр тарыхтагы эң алдыңкы үлгүдөгү кеме", - дейт Ковол.

Анын айтымында, АКШ менен СССР Айга учурган кемелер Жапония азыр учуруп жаткан кемедегидей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эмес жана эксперимент ийгиликтүү ишке ашса, ал космосту изилдөө илиминдеги алдыга жасалган орчундуу кадам болот.

Аны менен катар бул окуя геосаясий дагы мааниге ээ: "Космосто азыр Кытай, Индия жана Жапония ортосунда мелдеш жүрүп жатат. Бул мамлекеттердин жетекчилери, албетте, аны моюнга албайт, бирок сырттан караганда, алар ортосунда атаандашуу бар экени айкын. Жаңы кадамдар менен илимий жетишкендиктер тууралуу да мактанса болот, Азия элдеринин көңүлүн дагы алуу мүмкүн", - дейт Ковол.

Эксперттин айтымында, азырынча алдыда Кытай, анткени акыркы эки жылдын ичинде космоско ал эки космонавт учурду, андан тышкары, үстүбүздөгү жылы Бээжин Айга да кеме учурууга даярданып жатат. Алыскы пландарды алсак, 2024-жылга чейин Кытай Айга адам жиберээри тууралуу да жарыялаган.

Жапониянын пландары боюнча болсо, Айга ал өз адамын 2025-жылы учурушу мүмкүн. Башка мамлекеттер дагы Айды изилдөө программаларын акыркы мезгилде кеңейтип жатат. Мисал үчүн, АКШ өз астронавттарын Айга 2018-жылга чейин жиберебиз деп айткан, Орусия менен Индия дагы 2020-жылга чейин Айга адам учураары күтүлүүдө.

Эмдиги жылы Кытай өзүнүн үчүнчү космонавтын учурууга камданып жатат жана ал ачык космоско чыгууга тийиш. Жапония болсо эмдиги жылы АКШнын космос чөлмөгү менен Эл аралык космос станциясына өз илимий аспабын жиберүүнү пландаган. АКШ менен Орусия биргелешип пайдаланган Станция менен тогошкондо, ал - Станциянын тарыхында эң алдыңкы үлгүдөгү илимий эксперимент өткөрө алат.

Эң негизгиси болсо, Айга космос кемесин ийгиликтүү учуруу менен Токио өзүнүн акыркы жылдарда космосту изилдөөдө жолу болбой жаткандыгынан арылууну көздөйт. Азыркы кеме мындан төрт жыл мурда учурулушу пландалган, 1990-жылдардын аягында эки учуруу ийгиликсиз аяктаган, 2003-жылы Жапониянын бир спутниги жарылып кеткен.
XS
SM
MD
LG