Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Майкл Пенс АКШнын вице-президенти катары ант берди.
Майкл Пенс АКШнын вице-президенти катары ант берди.

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Вашингтондо ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. 70 жаштагы Трамп АКШнын 45-президенти.

Трамп ант бергенден кийин буларды айтты: "Биз дүйнө алдында берген убадабызды аткарышыбыз керек. Биз жолду аныктап, кыйынчылыктарды жеңебиз, бирок милдетибизди аткарабыз.

Биз президент Обамага жана биринчи айымга бийликти өткөрүп бергени үчүн ыраазыбыз.

Биз бир партиядан экинчи партияга бийликти өткөргөн жокпуз. Биз Вашингтондон силерге – элге бийликти өткөрүп жатабыз.

Саясий истеблишмент адамдарды эмес, өзүн коргоду".

Сенаторлор жана саясатчылар Капитолийдин жанында сөз сүйлөп жаткан чакта нааразылык акциясына чыккандар дүкөндөрдү талкалап жатышат. Полиция менен кагылышуулар башталды. Адамдарга көздөн жаш агызуучу газ колдонулду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG