Трамп исламчыл радикалдарды жок кылууга сөз берди.
Дональд Трамп: “АКШ – силердин өлкөңөр. Мамлекетти кайсы партия башкарганы эмес, эл башкарганы чындап маанилүү. Бул күн адамдар өзүнө бийликти кайтарып алган күн катары АКШнын тарыхына кирет. Унутулган аялдар жана эркектер мындан ары унутта калбайт".
Президенттин айтымында, Америка буга чейин башка өлкөлөрдүн чек арасын коргоп келгени менен, өзүнүкүн коргой алган эмес. Мындан ары Американын кызыкчылыктары биринчи орунда турат.
"Мен акырына чейин күрөшөм жана силердин үмүтүңөрдү актайм. Америка буга чейин болуп көрбөгөндөй кайрадан жеңе баштайт. Биз жумушубузду, чек араларыбызды, байлыгыбызды жана кыялдарыбызды кайтарып алабыз”, - деди Трамп.
"Америка ынтымактуу болсо аны эч ким токтото албайт. Биз коркпошубуз керек. Бизди аскерибиз, тартип коргоо кызматкерлерибиз жана кудай коргойт, - деди Трамп. – Куру сөз бүттү. Иш жасай турган учур келди".