Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Вашингтондо ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. 70 жаштагы Трамп АКШнын 45-президенти.

Майкл Пенс АКШнын вице-президенти катары ант берди.
Майкл Пенс АКШнын вице-президенти катары ант берди.

Биринчи болуп вице-президент Майк Пенс ант берди. Вице-президенттер АКШ президенттери менен чогуу ант берүүгө 1937-жылдан тарта катыша башташкан. Ага чейин өзүнчө, Сенаттын жыйындар залында ант беришчү. Конституция боюнча АКШнын вице-президенти номиналдуу түрдө Сенаттын башчысы болуп да эсептелет жана эгерде кайсы бир маселе боюнча сенаторлордун добушу тең болуп калса, анын добушу чечүүчү болот.

Дональд Трамптын ант берүү аземи расмий башталды. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн Конгресстеги инаугурация комитетинин төрагасы Рей Блант бүгүнкү күндү “жеңиштин эмес, демократиянын майрамы” деп мүнөздөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG