Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Барак Обама менен Дональд Трамптын унаалары Капитолийге келди. Инаугурациянын алдында кара кийимчен активисттер көчөдө чуркап баратканын, таштанды ташталган урналарды жыгып, банктын терезесин сындырып жатканы теледен көрсөтүлдү. Видеодон полиция кызматкерлери активисттерге мурч чачып жатканын көрүүгө болот.

Обама менен Трамптын жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

АКШнын 44-президенти Барак Обама Ак үйдөн расмий чыгып кетти.

Обама өлкөнү сегиз жыл башкарды. Ал Американын тарыхында алгачкы афроамерикалык президент катары калды. Обама Жорж Буштан рецессияга баткан, эки согушка толук кандуу катышып жаткан өлкөнү өткөрүп алган. Кызматына киришкенден кийин тогуз айдан соң 2009-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон. Эки жолку шайлоо өнөктүгүндө ал көптөгөн убадаларды берген. Алардын айрымдарын аткарса, кайсы бир бөлүгүн аткара алган жок.

АКШ президентинин инаугурациясына билеттер расмий сатылбайт. Бирок салтанаттуу аземдин демөөрчүлөрү акча алат. 250 000 доллар төлөгөндөр өлкөнүн жогорку жетекчилигинин үй-бүлөсү менен кечки тамакка катыша алышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG