Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:15
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Дональд Трамп президенттик кызматка 1 саат 5 мүнөттөн кийин киришет.

Билл жана Хиллари Клинтон инаугурацияга келишти.

Ант берүү аземине мурдагы президент Билл Клинтон жана жубайы Хиллари Клинтон да келишти. Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтон 8-ноябрда Дональд Трампка утулуп калган. Журналисттердин “маанайыңыз кандай?” деген суроосуна Клинтон жооп берүүдөн баш тартты.

Ал арада президенттик инаугурациялардан 2000-жылдан бери калбаган журналист Кристофер Хэйс салтанаттуу аземде адам азырынча аз экенин белгилейт:

Сегиз жыл мурда Жогорку Соттун төрагасы Жон Робертс Барак Обаманын антын алып жатып, сөздөрдү адаштырып алып, оңдоп, бирок кайрадан адашып калган. Шайланган президент төраганын сөздөрүн кайталаган эле. Ката өтө деле олуттуу эмес болчу, бирок баары бир Конституцияда жазылгандай болгон эмес. Юристтердин кеңеши менен ант берүү аземи Ак үйдө кайрадан өткөрүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG