Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:27
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Президенттик шайлоодо утулуп калган демократтардын талапкери, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон 45-президенттин ант берүү аземине күйөөсү Билл Клинтондун коштоосунда келди. Журналисттер андан өзүн кандай сезип жатканын сураганда ал “мыкты” деп жооп берди.

Барак Обама Дональд Трамптын инаугурациясынын алдында Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгып баратат.

Дональд Трамптын инаугурациясы нааразылык акциялары менен коштолууда.

Акциялар кечээ башталган. Вашингтондо митингдин катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар орун алды. Демонстранттар “Расизм” деген жазуусу бар үйлөнмө пилди көтөрүп басып, Трамптын “Американы кайрадан улуу кылабыз” деген урааны жазылган баш кийимди өрттөштү. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга мажбур болду. Бир адам камакка алынды.

Трамптын инаугурациясына каршы акция Нью-Йорктогу Trump International мейманканасынын алдында да өттү. Митингге белгилүү актерлор Роберт Де Ниро, Салли Филд, Синтия Никсон, Марк Руффало, кинорежиссер Майкл Мур, шаар мэри Билл Де Блазио катышты.

Эртең Вашингтондо Аялдар жүрүшү жана башка нааразылык акциялары өтөт деп күтүлүүдө.

Ант берүү аземи өтө турган Капитолийге сыйлуу коноктор келе баштады. Алардын арасында мурдагы президент Жорж Буш жана жубайы Лаура бар. Буштун атасы ооруканада жаткандыктан аземге келе алган жок. Инаугурацияга мурдагы президенттер Билл Клинтон жана Жимми Картер катышат деп күтүлүүдө. Сүрөттө: Жимми Картер Атлантадан Вашингтонго кадимки учак менен келди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG