Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Трамп жана Мелания Ыйык Иоанн чиркөөсүнө келишти. Жаңы шайланган президенттин жубайынын көйнөгүн Жаклин Кеннеди жактырган көйнөктөргө окшоштуруп жатышат (атүгүл бул фасондун атайын аталышы да бар - Jackie O. Dress).

Трамптын кабинети тууралуу кыскача маалымат. Вашингтон убактысы боюнча саат 12.01де жаңы президент ант бергенден кийин кабинеттеги бардык кызматтар бош болот – Обама администрациясынын мүчөлөрү кызматынан кетүү тууралуу арыз жазышты. Жаңы администрациянын мүчөлөрүн Сенат бекитиши керек (Ак үйдүн администрациясындагы кызматтарды ээлегендер – анын ичинде администрация башчысы Рейнс Прибус жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Флинн Сенаттын уруксатысыз ишке кирише алышат).

Трамптын президенттик кызматтагы алгачкы күнү Сенат болгону эки министрди – Пентагондун жаңы башчысы Жеймс Маттисти жана ички коопсуздук мекемесинин жетекчиси Жон Келлини бекитет деп күтүлүүдө.

Башталды. Трамп салтанаттуу аземге баратат. Ошондон кийин ал АКШнын президенти болот.

Дональд Трамп жубайы Мелания менен саналуу мүнөттөрдөн кийин Ыйык Иоанндын чиркөөсүнө барышат.
Дональд Трамп жубайы Мелания менен саналуу мүнөттөрдөн кийин Ыйык Иоанндын чиркөөсүнө барышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG