Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Ант берүү аземи: тарых жана салттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Владимир Путин Дональд Трамптын инаугурациясын көрбөшү ыктымал. Бул тууралуу орусиялык президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип, ТАСС кабарлайт. “Ал түз эфирди көрүүнү пландап жатат деп ойлобойм. Анткени бул узакка созулчу иш-чара эмеспи”, - деди Кремлдин өкүлү. Анын айтымында, Путин албетте бул окуя менен “жаңылык форматында” таанышат.

Бирок инаугурация күнү – бул президент Трампка каршы нааразылык акциялар күнү.

Дональд Трамптын АКШ президенти болгон күнү Твиттерге жазган алгачкы билдирүүсү.

"Баары бүгүн башталууда! Ант берүү аземинде жолугушабыз. КЫЙМЫЛ УЛАНУУДА – ИШТИ БАШТАДЫК!"

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG