Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

“Тула шекери” Трамптын сүрөтү менен продукциясын сатыкка чыгарды.

Алтындын буусуна кармалган айфон чыгарган орусиялык фирма Трамптын сүрөтү бар айфонду сата баштады.

Радикалдуу ураандар менен коштолгон шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн Дональд Трамп кызматына киришээр замат убадаларын четинен аткара баштарын айтып келген. Бүгүн ал Барак Обамадан президенттик кызматты өткөрүп алаары менен бир нече жарлыкка кол коет деп күтүлүүдө. Анын ичинде Обама киргизген бир нече чаралар бар болгонун Трамптын басма сөз катчысы Шон Спайсер билдирди.

Трамп 12 мамлекет кол койгон Транс-Тынч океан экономикалык келишиминен чыгаарын билдирген. Ал ошондой эле миграцияны чектеп, АКШ менен Мексиканын чегине дубал куруларын айткан.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Трампка кол коюуга 200гө жакын жарлык жиберилет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG