Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

«Айзек» бороону Флоридага жакындады


Республика партиясы дал ушул урагандын айынан Флориданын Тампа шаарында өтчү сьездин бир күнгө артка жылдырды.
Республика партиясы дал ушул урагандын айынан Флориданын Тампа шаарында өтчү сьездин бир күнгө артка жылдырды.

АКШнын Флорида штатынын бийликтери тропикалык «Айзек» бороону жакындап келатканын эскертип, аймакта чукул кырдаал жарыялады. Аталган бороондун капшабы Куба жана Гаитиде бери дегенде 8 кишинин өмүрүн алды.

«Айзек» деп аталган бороон-чапкындын жакындап калганына байланыштуу Флоридага учуп келчү жүздөгөн авиакаттамдарга тыюу салынды. Мунай жана газ чыгарчу ишканалар Мексика булуңуна ташуу иштерин токтотуп, «Айзектин» күчүнөн чочулап турушат. Жекшемби күнү Флорида штатынын губернатору аймакта өзгөчө абал режимин жарыялады, ага улай эле Луизиана жана Миссисипи штаттарынын жетекчилиги да чукул кырдаал жарыялашты.

Республика партиясы дал ушул урагандын айынан Флориданын Тампа шаарында өтчү курултайын бир күнгө артка жылдырды.

Эми партиянын Мит Ромнини президенттикке талапкер катары расмий көрсөтчү жыйыны шейшембиден башталат деди съезддин маалымат катчысы Кайл Дауни:

- Биз кырдаалга көз салуудабыз. Штаттын, федералдык жана жергиликтүү бийликтер менен байланышып жатабыз. Коопсуздук көңүл чордонунда турат. Шейшембиде съезддин ишин баштоого даярбыз.

Жакындап келаткан урагандан чочулаган Алабама штатынын губернатору, республикачы Роберт Бентли съездге катыша албай турганын билдирди.

«Азаттык» бороондун кесепети тийиши мүмкүн делип жаткан Флорида штатынын Тампа шаарында жашаган кыргызстандык Каныбек Ибраев менен байланышып, абалды сурадык:

- Түнү бою жаан жаап чыкты. Азыр Флориданын ар бир жараны бүгүн келет, эртең келет деп бороондон коркуп турушат.

- Сиз жашаган үйдө жарык барбы? Миңдеген адамдар жарыксыз калды деп уктук?

- Биздин үйдө жарык бар, бирок бийликтер жарык жана башка коммуналдык кызматтар өчүшү мүмкүн деп эскертип, тамак-ашыбызды камдап алууга үндөгөн. Чогулуп ток бергич (генератор) сатып алгыла, консерва сыяктуу эскирбеген азыктарды камдагыла деп сыналгыдан тынбай айтты. «Айзек» биздин шаарга да тийсе кесепети чоң болот деп эскертишти. Мен үйдү таштап кеткен жокмун, Кудайга тобокел кылып эле отурам.

«Айзек» бороонуна Мексика булуңунун жылуу суусу кошул-ташыл болуп материкке жеткенде ураган 2-категорияга айланып, шамалдын ылдамдыгы саатына 170 чакырымга жетет деп айтылууда. Азырынча бороон кайсы жерде жана кайсы убакта кургакчылкка жетээри анык эмес, бирок адистер жуманын ортосунда Флорида жана Луизиана штаттары чектешкен жерде болушу мүмкүн деп жатышат.

Бороон алдындагы катуу шамалдан улам азыр Флоридада алты миңден ашуун адам жарыксыз калды. Флорида-Кис аралындагы нөшөр жаан жана катуу шамал автотыгын пайда кылды. Жашоочулар үйлөрүнүн тегерегине топурак салынган каптарды тизип кырсыктан коргонушууда. Өзгөчө абал Кубада да жарыяланып, бийликтер алты провинциясынан миңдеген адамдарды коопсуз жайга көчүрдү.

«Айзек» бороону мындан жети жыл мурун «Катрин» ураганы талкалаган Жаңы Орлеан шаарына да тийиши мүмкүн деген чочулоолор бар. Жети жыл мурун Жаңы Орлеанда дал ушул айда катталган бороон 1800дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, миллиарддаган каражат чыгым алып келген.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG