АКШ 6-апрелде санкция салгандар арасында орусиялык миллиардерлерден Олег Дерипаска, Виктор Вексельберг, Сулейман Керимов, Игорь Ротенберг, Кирилл Шамалов бар.
Булардын ичинен Кирилл Шамалов - "Россия" банкына ээлик кылгандардын бири, президент Владимир Путиндин досу экени айтылып жүргөн Николай Шамаловдун уулу.
Быйыл январдын соңунда ал чет элдик медиада жана орусиялык интернет-басылмаларда, айрым гезиттерде «Путиндин кызы» деп сыпатталып жүргөн Катерина Тихонова менен ажырашканын "Bloomberg" агенттиги жазып чыккан. Ал эми Игорь Ротенберг президент Путиндин жакынкы чөйрөсүнө кирген ири ишкерлердин бири Аркадий Ротенбергдин уулу.
Санкцияга бул ирет мамлекеттик ВТБ банктын башчысы Алексей Костин, “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер, “Сургутнефтегаз” компаниясына ээлик кылгандардын бири жана башкы директору Владимир Богданов, “Газпромбанктын” башкармалык төрагасы Андрей Акимов кабылды.
Орусиялык ири чиновниктер менен депутаттардан бул ирет АКШнын “кара тизмесине” Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Росгвардиянын башчысы, президент Путиндин мурдагы жансакчысы Виктор Золотов, Тышкы чалгын кызматынынын мурдагы башчысы, мурдагы премьер-министр Михаил Фрадков, ички иштер министри Владимир Колокольцев, президенттин жардамчылары Сергей Фурсенко, Евгений Школов, Мамлекеттик Думанын депутаттары Константин Косачев, Андрей Скоч, Владимир Резник, Роскомнадзордун башчысы Александр Жаров, Тула облусунун губернатору, генерал Алексей Дюмин да кошулду.
“Орусиянын өкмөтү бүткүл дүйнө боюнча зыяндуу аракеттерди көрдү, анын ичинде Крымдын уланып жаткан оккупациясы, Украина чыгышында зордук-зомбулуктарды колдоо, өз жарандарын бомбалап жаткан учурда Асаддын режимин курал менен жабдуу, батыш демократияларын солкулдатуу аракеттери, кара ниеттикти көздөгөн киберишмердик бар. Бул коррупциялык элитадан пайда алган орусиялык олигархтар менен элита алардын өкмөтүнүн дестабилдештирүү аракеттеринен обочодо кала албайт, - деп айтылат АКШнын каржы министри Стивен Мнучиндин билдирүүсүндө.
АКШнын Каржы министрлиги ошондой эле орусиялык беш миллиардер ээлик кылган же аларга байланышы бар 12 компанияга да санкция салган. Булардын сегизи миллиардер Олег Дерипаска түз же кыйыр көзөмөлдөгөн компаниялар, кеминде бирөө - “En+Group” Кошмо Штаттарда жайгашкан.
Санкция Орусиянын мамлекеттик жана курал соодасы менен алектенген “Рособоронэкспорт” компаниясы менен коргонуу өнөр жайын тейлеген “РФК-Банк” банкына да киргизилди.
Орусия Думасынын эл аралык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий АКШнын жаңы чарасын ТАСС агенттигине комментарийлегенде бул үчүн “эч негиз жок” болчу, Москва буга “адекваттуу” жооп кайтарат деп белгиледи.
Мыйзам талабы
Конгресс былтыр жайда кабыл алган мыйзам талабына ылайык, Кошмо Штаттарда быйыл 30-январда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланган.
Расмий эмес “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 "олигархтын" ысымдары камтылган болчу.
Каржы министрлиги ал “кара тизмени" былтыркы мыйзамдын талабына ылайык даярдаган.
Президент Дональд Трамп анда кыйылып жатып кол койгон мыйзам “Американын каршылаштарына санкциялар аркылуу каршылык көрсөтүү жөнүндө” (CAATSA) деп аталган.
Мыйзамды Конгресс Орусия АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсүнө жооп чара катары ага басымды күчөтүү максатында кабыл алган.
Орус президенти Владимир Путин Вашингтон жарыялаган баяндаманы “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эле эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалаган.
Санкциялар таржымалы
Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялашынан, анын Украинанын чыгышындагы аракеттеринен жана "2016-жылы өткөн шайлоого кийлигишти" деген маалыматтардан улам АКШда ага каршы мурда президенттин жарлыгы менен санкциялар киргизилген. Былтыр жайында болсо ал санкциялардын топтому Конгресс тарабынан мыйзамдаштырылган.
Конгресс ошондой эле былтыр Орусиянын банк жана мунай-газ секторуна, адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар орус аткаминерлерине каршы жаңы санкцияларды кабыл алган.
АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын акыркы айлампасы буга чейин 15-мартта киргизилген. Каржы министрлиги анда "2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен жана эки жыл мурдагы киберчабуулдарга катышы бар" деген жүйө менен анда 19 адамды, беш уюмду, анын ичинде Орусиянын чалгын кызматтарын бутага алган.