Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:36

Түркия орус ракеталарын алууну тездетет


Крымдагы С-400. Сүрөт 2018-жылдын 13-январында тартылган.
Крымдагы С-400. Сүрөт 2018-жылдын 13-январында тартылган.

Орус-түрк президенттеринин Анкарадагы жолугушуусунда ири энергетикалык долбоорлордон тышкары курал келишими тууралуу сөз болду. Анда Орусиянын зениттик-ракеталык системасын Түркияга сатууну тездетүү макулдашылганын эки президент тең ырастады. Бирок ал канчалык тездетилгени, кайсы датада башталары белгиленген жок. Буга чейин системаны экспорттоо 2020-жылдын мартында башталаары кабарланган.

- Аскердик-техникалык тармакта “С-400 Триумф” зениттик-ракеталык комплексин Түркияга жеткирүү келишимин аткаруу башкы багыт. Тиешелүү өкмөттүк комиссиянын алдыдагы жыйынында орусиялык заманбап аскердик жарак-жабдыктарды Түркияга жеткирүүнүн келечеги өзүнчө талкууланат, - деди Орусиянын президенти Владимир Путин.

Путин менен Эрдоган. 3-апрель, Анкара.
Путин менен Эрдоган. 3-апрель, Анкара.

Келишимге өткөн жылдын аягында кол коюлган. Түркия 2,5 млрд. долларга С-400дөн төрттү сатып алат. Буга Түркиянын НАТОдогу өнөктөштөрү тынчсызданууда. Айрымдары муну Түндүк Атлантикалык альянсты мазактоо катары кабыл алган.

Анын үстүнө Украина менен Сириядагы кризистен улам Орусия менен НАТОнун мамилеси чыңалып турат.

Буга карабастан түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган С-400 эле эмес, С-500 ракетасын да сатып алуу боюнча сүйлөшүү болгонун мурда ачыкка чыгарган. 3-апрелде да ал ошону кыйытты:

- Бул кадамга удаа эле коргонуу индустриясындагы башка да пункттар боюнча кызматташтык болот. Бул үчүн орусиялык компаниялар ачык экенин көрдүк. Тараптар, анын ичинде биздин коргоо өндүрүшү боюнча катчылык бул туурасында сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Түркия С-400 боюнча комментарийинде мындай куралга чукул муктаждыгы бар экенин билдирген.

Ушу тапта түрк аскерлери Сириянын түндүгүндөгү күрт аймактарына кирип барып сокку уруп жаткан учуру. Сириянын түндүгүндөгү күрт жана араб кошуундарынан куралган "Сирия демократиялык күчтөрүн" Түркия террорчу деп эсептейт. Аларды Анкара бери дегенде Африн аймагынан сүрүп чыгарды. Ошол эле учурда “Ислам мамлекети” баштаган террор топторуна каршы күрөшкөн ал уюмду АКШ колдоп келген. Бирок 3-апрелде Доналд Трамп Сириядагы миссиялары аяктаганын айтып, америкалык аскерлер “абдан жакын арада” ал жактан чыгарыларын билдирген.

Талдоочулар ушундай шартта Түркия Сириядагы аскердик операциялары үчүн Иран менен Орусиянын колдоосун алууга умтуларын белгилеп жатышат.

4-апрелде Иран президенти Хасан Роухани да Анкарага келди.
4-апрелде Иран президенти Хасан Роухани да Анкарага келди.

Анын үстүнө бүгүнкү Анкарадагы жолугушууда Ирандын, Орусиянын жана Түркиянын лидерлери сүйлөшчү негизги тема Сириянын келечеги болмокчу. Андан тышкары президенттер согуштан эбегейсиз жабыр тарткан бул өлкөдөгү өз таасирин сактоону талкуулашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG