Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

АКШнын акча саясатындагы бурулуш


ФРСтин жарыясынан кийин акциялар Кытайда, Гонконгдо, Индонезияда, Азиянын башка өлкөлөрүндө да өстү.
ФРСтин жарыясынан кийин акциялар Кытайда, Гонконгдо, Индонезияда, Азиянын башка өлкөлөрүндө да өстү.

АКШнын Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөктү 2006-жылдан бери алгач ирет чейрек пайызга көтөрдү.

Доллардын кубатын чыңдоочу бул кадам адегенде Азия менен Европанын биржаларында акциялардын баасын өстүрдү, ага катар кара майдын баасын дагы арзандатты.

Кошмо штаттарда Улуттук банк катары саналган Федералдык резерв системасынын кредиттер боюнча үстөгү 2006-жылдын декабрынан бери такай бир калыпта - 0-0,25%га чейинки аралыкта болчу.

ФРСтеги башкаруучулардын өткөн түнкү чечими менен бул көрсөткүч болгону чейрек пайызга жогорулады. Башкача айтканда, эми үстөк 0,25-0,5% ортосунда болот.

Кошмо Штаттардын башкы банкири Жанет Йеллен алар мындай чечимге азыр барып жатышканынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул чара Улуу депрессиядан берки эң оор каржылык кризис менен рецессиядан чыккан экономиканын калыбына келишин колдоо үчүн адаттан тыш жана федералдык кордун үстөгү нөлгө барабар болгон, жети жылга созулган мезгил аяктаганынын белгиси. Бул ошондой эле жумушчу орундарды калыбына келтирүү, кирешелерди көтөрүү, миллиондогон америкалыктардын экономикалык кыйынчылыктарын жеңилдетүү багытында олуттуу прогресс жетишилгенин тааныгандык. Бул биз экономика кубаттанарына ишенгенибизди да көргөзүп жатат.

АКШда кредиттер боюнча үстөктүн көтөрүлүшү доллардын башка эл аралык валюталарга карата курсу чыңдалат, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн улуттук акчалары дагы бир азга нарксызданат дегенди туюндурат.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан, АКШ да мүчө Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн (Nigel Paine) “Азаттык” менен маегинде Федералдык резерв системасынын чечими узактан бери күтүлгөнүн жана улам кийинкиге калтырып келгенин эске салып, үстөк пайызды дароо эмес, баскыч-баскыч менен көтөрүү маанилүү экенин жана бул жараян келерки жылы да уланышы ыктымалдуулугун белгиледи:

- Экономикалык кызматташтык жана Өнүгүү уюмунда биз такай алар биринчи кадамга баруусу керектигин айтып келгенбиз. Мындагы эң маанилүү маселе - үстөк пайыздарды нормалдаштыруунун кийинки ыргагы. Биз бул жерде 2016-2017-жылдардын аралыгында үстөктү көтөрүү баскыч-баскыч жана этияттык менен кетиши керек деп санайбыз. Үстөк пайыздын азыркыдай бир азга көтөрүлүшү глобалдык экономикалык активдүүлүктүн ыргагына жана глобалдык соодага анчалык чоң таасир болбойт. Менимче, жалпысынан АКШда монетардык саясат катаалданганын, ошол эле учурда башка ири экономикаларда - Кытайда, Европада жумшартылганын эске алганда алдыда америкалык доллар чыңдалат, башка валюталар алсызданат.

Федералдык резерв системасынын кредиттер боюнча үстөгү кезинде 3,5%ды түзгөн учурлар болгон.

Талдоочулардын болжолунда ФРС келерки жылы бул көрсөткүчтү азыркы 0,5%дан 1,5%га, ал эми 2017-жылы 2,5% чейин гана чыгарышы күтүлөт.

Доллардын чыңдалышы өз кезегинде кара майдын баасы дагы арзандайт дегенди билдирет.

Кара майдын бир баррели ушу тапта 37 доллардан да түшүп кетти.

Кара май баасы күндөн -күнгө арзандоодо.
Кара май баасы күндөн -күнгө арзандоодо.

Бирок, Азия менен Европада Федералдык резерв системасынын жарыясынан кийин баалуу кагаздардын баасы өстү. АКШнын өзүндө да алгач шаршембиде акциялар кымбаттаган, бирок бейшембидеги сооданын башталышында биржалык көрсөткүчтөр кайра ылдыйлады.

Азияда каржы саясатын аныктагандар АКШнын акча саясатындагы бурулушту кубатташып, бул кадам белгисиздикти жойгонуна көңүл бурушту.

Бюджеттеги негизги кирешесин мунайдан алган Орусиянын каржы министри Антон Силуановдун айтымында, аларга АКШда үстөк пайыздын жогорулоосунун таасири минималдуу болот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG