Кытайдын Элдик банкы юанды ушул шейшембиде 2% девальвациялады. Бул кытай акчасы үчүн 1994-жылдан бери бир күн ичиндеги эң ири нарксыздануу болгон эле. Бирок шаршемби, 12-август күнү юань дагы 1,6% арзандатылды. Девальвация 13-августа да улантылып, алмашуу курсу дагы 1% төмөндөтүлдү. Муну менен кытай акчасынын америкалык долларга карата катнашы акыркы төрт жылдагы эң төмөнкү чекке түштү.
Юандын кунун атайылап кетирүү дүйнөнүн баалуу кагаз жана чийки зат базарларын кыйсыпырга түшүрүп, Индонезия, Малайзия, Австралия, Жаңы Зеландия өңдүү өлкөлөрдүн валюталарын да артка сүйрөдү. Айрымдар Бээжиндин күтүүсүз кадамын базар реформасын жана каржылык либералдаштырууну көздөй чара деп сыпатташканы менен кытай экспортуна дем берүүчү мындай чарадан улам “валюта согушу” чыкпайбы деген да талкуулар жаралды. Бирок кытай экономикасы боюнча талдоочу Жефф Льюис мындай дейт:
- Бул окуянын мааниси өтө эле көбүртүп-жабыртылууда. Айрым гезиттер бүгүн “Юандын девальвациясы дүйнөнү солкулдатты” деген баш сөздөр менен чыгышты. Бирок юандын долларга карата катнашы 2% эле өзгөрдү да. Бул эч нерсе эмес. Ири валюталар мындай өзгөрүүгө дээрлик күн сайын кабылышат. Маселен, биз юандын такай туруктуулугуна көнүп калганыбыз да. Капиталдын кыймылын либералдаштыруу жөнүндөгү сөздөргө карабай, юандын курсу азыр деле белгиленип турат да. АКШ доллары чыңдалгандыктан Кытай өзүнүн атаандаштык кубатын жоготуп коюп жатпайбы. Мен азыркы девальвация кытай жетекчилиги экономика тикелей коркунуч алдында турат деген ойдо экенинин белгиси деп эсептебейм. Ооба, акыркы кездери экспортерлор бир аз басым алдында калды. Азыркы чара ошону жеңилдетүүнүн бир жолу.
Юандын девальвациясы экспортту жөлөөгө жардам берерин Кытайдын Соода министрлиги да моюнга алды. Анын үстүнө бул чара көрүүлөр алдында ачыкталган маалыматтар дүйнөнүн экинчи ири экономикасындагы кыйынчылыктарды шардана кылган болчу.
Июль айында кытай экспорту 8%, товар өндүрүшү 6% азайып кеткен, ал эми каржылык чыгымдар 24% көбөйгөн. Каржылык чыгымдын көбөйгөнү –Бээжиндин экономиканы стимулдаштыруу аргасы. Кытайдын мамлекеттик маалымат борборунун Макроэкономикалык болжолдоо департаментинин директору Ни У Ли 12-августта мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу жагдайды мындайча чечмеледи:
- Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү бир аз азайганы менен өкмөттүн өсүштү стабилдештирүү боюнча бир катар чараларынан улам компаниялардын инвестициялык кубаты жана буга каалоосу өстү. Азыр биз инфраструктурага инвестицияны негизги каражаттарга инвестициянын маанилүү бөлүгү катары кароодобуз. Инфраструктурага инвестициянын тездик менен өсүшү негизги фонддорго инвестициянын туруктуу өсүшүнө алып барат. Мунун баары быйылкы жылдын экинчи жарымында макроэкономикалык өсүштү туруктуу деңгээлде кармайт.
Мурда жылына 10% тегерегинде өсүп келген кытай экономикасы азыр 7% өсүшкө түшүп калды. Акыркы девальвацияга чейин Кытайдын элдик банкы юандын курсун тышкы факторлорго карабай эле койчу. Эми мындан ары курс дүйнөлүк базарлардагы кырдаалды эске алуу менен белгиленерин айтууда.
Бирок британдык Financial Times гезити жазгандай, юанды эл аралык резерв акчага айлантуу мүдөөсүн көздөгөн Кытай валютасынын эркин соодаланышына чын эле жол береби, бул азырынча чоң суроо жараткан маселе.
Кошмо Штаттар кезинде Кытайды соода артыкчылыгын алуу максатында валютасынын курсун жасалма жол менен төмөн кармаганы үчүн дембе-дем сындап жүргөн болчу. Бээжиндин азыркы девальвациясы да айрым америкалык мыйзамгерлердин сынына кабылды. Ал эми Эл аралык валюта кору муну “туура кадам” катары кубаттады.