Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиянын 26-апрелде жарыялаган жылдык баяндамасында Орусия дин жаатындагы "респрессиялык аракетин" бир гана өз аймагында жүргүзбөстөн, коңшу өлкөгө да жайылтканы айтылат.
Комиссия орус бийлиги "анти-экстремисттик" мыйзамды диний эркиндикти чектөө үчүн колдонуп жатат деп эсептейт.
Орусия 2016-жылы "Яровая пакети" атка конгон мыйзамдардын топтомун кабыл алган. Андагы жоболорго ылайык, мормондор жана христианчылыктын евангелисттик агымдары сыяктуу бир катар диний уюмдардын ишмердүүлүгү чектелген.
Жакында Орусиянын Жогорку Соту 1991-жылдан бери расмий иш жүргүзүп келген “Жахаба күбөлөрүн” экстремисттик уюм деп тапкан.
Комиссиянын төрагасы Томас Рииз бул жагдай Орусиядагы дин тутуу эркиндиги боюнча тынчсызданууларды күчөткөнүн Вашингтондогу маалымат жыйынында айтты:
- Бул абдан олуттуу укук бузуу. Орусия динге өлкө боюнча тыюу салууда. Ага ишенгендердин үй-мүлкүн тартып алганы жатышат. Эмнеге ишенүүнү өкмөт аныктап жатса, диний эркиндик урматалат деп айта албайбыз.
Томас Рииз Орусия мындай чектөөлөрдү 2014-жылы Украинадан аннексиялап алган Крым аймагында да колдонуп жатканын кошумчалады. Ал крым татарлары жана аймактагы католик чиркөөсү да ишенимдерин карманууда маселеге туш болгонун белгилеп, АКШ өкмөтүн буга көңүл бурууга чакырды:
- Кошмо Штаттар бул фактыны эске алышы керек жана диний эркиндикке каршы уланып жаткан чабуулга чыдабастыгын билдириши керек.
Орус расмийлери комиссиянын соңку баяндамасына жооп кайтара элек. Бирок алар экстремизмге каршы кабыл алынган мыйзамдар өлкөнүн коопсуздугун сактоого багытталганын баса белгилеп келишет.
Учурда диний эркиндиктин абалы өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкөлөрдүн катарында он өлкө турат. Алар: Бирма, Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Сауд Арабиясы, Судан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.
Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссия бул тизмеге Орусия баштаган дагы алты өлкөнү - Пакистанды, Борбордук Африка Республикасын, Нигерия, Сирия, Вьетнамды кошууну сунуштап жатат. Тизмени бекитүү маселесинде акыркы чечимди мамкатчы Рекс Тиллерсон кабыл алат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 11 жылдан бери бул тизмеден чыга элек. Түркмөнстан 2014-жылы, Тажикстан "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрүнө жасалган мамиледен кийин 2016-жылы "кара тизмеге" илинген.
Комиссиянын баяндамасына ылайык, Казакстан өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкөлөрдүн ичинде болбосо да диний эркиндик жаатында көйгөйлүү 12 өлкөнүн катарында турат.
Баяндамада Кыргызстанды диний эркиндик жаатында Борбор Азиядагы ачык өлкө деп мүнөздөлгөн. Бирок комиссия мүчөлөрү бул өлкөдө диний азчылыктардын маселеси жок эместигин белгилеп, башка диндеги маркумду жерге берүү учурунда чыккан талаштарды мисал келтирген.
Тогуз комиссардан турган бул комиссия 1998-жылы түзүлгөн. Ал жыл ичинде дүйнөдө катталган диний эркиндик жаатындагы өзгөрүүлөргө байкоо салып турат.