Былтыр “Единая Россия” партиясынын депутаты Ирина Яроваянын антитеррордук мыйзамдар топтому кабыл алынгандан кийин жахабачылар, мормондор, евангелисттер сыяктуу чакан диний конфессиялардын ишине Орусияда кысым күчөгөн.
Орус бийлиги "Жахаба күбөлөрүнүн" бир катар басылмаларын “экстремисттик” деп тыюу салынган адабияттардын кара тизмесине да киргизген.
Эми Орусиянын Жогорку Соту 20-апрелдеги бүтүмүндө “Жахаба күбөлөрү” “адам укуктарына коркунуч келтирип, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууда, алардын ишмердүүлүгүндө экстремисттик белгилер бар” деп көрсөттү.
Өлкөнүн Юстиция министрлигинин арызынын негизинде кабыл алынган бул чечим - Орусияда каттоодон өткөн диний уюмга толугу менен тыюу салынып жаткан алгачкы учур.
"Жахаба күбөлөрү" Орусияда 1991-жылдан бери расмий иштеп келген. Алардын өлкөдө 170 миңдей жолдоочусу бардыгы маалымдалууда.
Жахабачылар шайлоого катышпайт, партияларга мүчө болушпайт, саясий ишмердүүлүккө кийлигишпейт, аскерде кызмат өтөбөйт. Ошондой эле кан алмаштыруу сыяктуу медициналык кызматтардан баш тартат.
"Жахаба күбөлөрүнүн" Орусиядагы борборунун өкүлдөрү Жогорку Соттун чечимин кайрадан карап чыгууну талап кылышарын жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз менен кайрыларын билдиришкен.
Акыркы айларда бул жерде "Жахаба күбөлөрүнө" жасалган мамилени АКШнын эл аралык диний эркиндиктер боюнча комиссиясы өз баяндамасында “орус өкмөтү бардык көз карандысыз диний ишмердүүлүктү өкмөттүк көзөмөлгө жана саясий туруктуулукка каршы коркунуч катары көрүүдө” деп баалаган.
Азыркы абал “совет маалындагы” көрүнүштөрдү эске саларын, андан башка “момун мусулман жана христиан диний топторуна дагы таасири тийиши мүмкүн” деп белгиленген.
Кыргызстандагы жахабачылар
Кыргызстанда "Жахаба күбөлөрү" уюмунун бөлүмү 90-жылдардын башынан бери иштейт. Маалыматтарга караганда, өлкөдө алардын 5 миңден ашуун жолдоочусу жана элүүдөй бөлүмү бар.
Теолог Кадыр Маликов жахабачылардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:
- Кыргызстанда "Жахаба күбөлөрү" экстремисттик уюмдардын катарына кирбейт. Алардын ишинде экстремисттик идеологияларды таркатуунун же экстремисттик ишмердүүлүктүн белгилери аныкталган эмес. Алардын ишинде саясий түзүлүштү бузуу, зордук-зомбулукка же жек көрүүчүлүккө чакыруу аныкталган эмес. Аларды эксперттер арасында христиан диний агымдарынан бөлүнүп калган деструктивдүү секта катары карашат. Ар бир өлкөнүн өзүнүн ыкмалары, шарттары бар, Кыргызстан суверендүү өлкө болгондуктан, биздеги экстремисттик уюмдардын тизмеси дагы Орусия, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Кыргызстандагы жахабачылардын так саны белгисиз, алар көп жайылган эмес. Алар көбүнчө Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ошто бар.
"Мигранттар билбестик айынан торго түшөт"
Орусияда жалпысынан 250дөн ашуун эл аралык жана жергиликтүү уюм экстремисттик деген тизмеге киргизилип, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кыргызстанда мындай тизмеде жыйырмадай диний агым жана уюмдар бар.
Юрист Мирбек Токтошев айрым кыргызстандык мигранттар алар жактаган диний агымдарга Орусияда тыюу салынганын билбегендиктен, кооптуу кырдаалдарга тушугуп жатканын белгиледи:
- Орусияга ишке келген мигранттардын айрымдары бул жакта экстремизм беренеси боюнча жоопко тартылып калышы дагы ушул эки өлкө ортосундагы экстремисттик уюм катары таанылган диний агымдардын айырмачылыгынан улам болуп жатат. Бул жакка китепчелери менен келип алып, өздөрүнүн диний ишенимдери тууралуу сүйлөшүп же текшерүү учурунда Орусияда тыюу салынган адабияттар табылып калса, экстремизм беренеси боюнча жоопко тартылып жатат. Кыргызстанда экстремисттик уюмдардын тизмесин карап чыгуу зарыл, же бул жакка эмгек миграциясына келе жаткан адамдарга Орусияда тыюу салынган экстремисттик уюмдар, адабияттар, бул жакта диний агымдарга үгүттөөнүн эрежелери тууралуу маалыматты толук берүү керек.
Жахабачыларга Кытай, Түндүк Корея, Сауд Араб өлкөлөрүндө, Борбор Азиянын ичинен Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда тыюу салынган. Ал эми Казакстанда апрелдин башында 60 жаштагы жахабачы Теймур Ахмедов өлкөнүн коопсуздук кызматы тарабынан “диний жана этникалык биримдикти бузган идеяларды таркаткан” деген айып менен сот жообуна тартылып, он жылга эркинен ажыратылган.