“Эркин тоо” гезити жаңы санын “2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына 800 млн. адам күбө болду” деген сүрөттүү баяндардын топтому менен ачып, 2014-жылдын 9-16-сентябрында өткөн 1-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 40 мамлекеттен 230 млн. адам көрсө, бул ирет дүйнө жүзү боюнча 800 млн. адам көргөнүн, дагы көрүп бүтпөй жатканын, адегенде “кандай болот?” деп чочулап турганыбызды, көрсө, кыргыздын колунан дүйнөлүк деңгээлдеги оюн-зоокторду өткөрүү кадимкидей келерине көз жеткенин, көчмөндөр оюндарынын ачылышын, миң комузчунун Атайдын “Маш ботоюн” бир кишидей чертип турган кезин, президент Алмазбек Атамбаев айткандай “2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урааны: “Күч биримдиги! Рух биримдиги!" Биздин оюндар күч менен акылдын, руханий күчтүн тең салмагын даңазалаганын тамшануу менен кеп кылды. Айтса айтпаса төгүнбү, чынында эле душмандын ичин өрттөп, туугандын жан дүйнөсүн эзип, көзүнөн кубанычтын жашын чыгарган зор окуя болду.
Гезит ошондойле 2-сентябрда “Ата Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде 16-жылы курман болгондордун урматына арналып тургузулган эстелик ачылганын, ал эстелик дагы мыкты жасалганын, президент барып куран окутуп, сөз сүйлөгөнүн кабарлады.
Гезиттен чет өлкөдө иштеп, жашап жүрүшкөн жердештерибиз интернеттен көрүп көздөрүнө жаш алганын, жетиналбай сүйүнүшкөнүн, мактанышканын айтып түгөтө алышпаганын, Кырчын жайлоосундагы кызыктарды да окуйсуздар.
“Фабула” гезити “Көптү кубанткан Көчмөндөр оюндары” деген ат менен ой-пикирлерди ортого салды.
Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин: - Ачылыштагы баянды Сулайман пайгамбардан эмес, чыныгы көчмөн тарыхтан, Манастан же хун мамлекетинин өкүмдары Бастуг Теңир-Куттан же Барсбектен башташса туура болмок, анткен менен көчмөндөр оюну майдаланып бараткан жан дүйнөбүздү кайрадан тирилтип, маңкурттукту жоюуга, эл аралык достук менен дүйнө элдеринин карым-катышын жакшыртууга эң сонун шарттарды түзөт, - десе,
Социология илимдеринин доктору Кусейин Исаев: - Евразиянын кең мейкиндигинде жашаган бардык элдер көчмөндөрдүн урпактары. Мына ошол элдердин ичинен биринчилерден болуп кыргыз эли көчмөн элдин жашоо-турмушу кандай болгонун, цивилизациясы, философиясы кандай болгонун дүйнөгө даңазалап жатат. Бул деген өлкөбүз үчүн чоң жетишкендик. Биз, кыргыздар, сыймыктанышыбыз керек. Эми токтобостон, көчмөн элдердин жашоо-турмушун түп-тамырынан бери изилдеп, баалуулуктардын баарын дал ушул көчмөн турмуштан алууга тийишпиз. Качанга чейин эле Батыштын, башкалардын баалуулуктарын, маданиятын туурап жашай беришибиз керек, - деп айтты.
Жазуучу Нуралы Капаровдун сандан-санга жарык көрүп келаткан “Мен билген Салижан” аттуу баяны аягына чыкты.
“Кыргыз туусу” гезити да бул санын көчмөндөр оюнуна арналган репортаж менен ачты. Гезит көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келишкен бир катар чет өлкөлүк делегациялардын башчыларын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алганын, жолугушуу учурунда Голливуд жылдызы, атактуу кино чебери Стивен Сигал мындан ары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярдуу элчи болуп берүүгө даяр экендигин билдиргенин маалымдады. “Кыргыз туусу” гезити “Кырылып бара жатып тирилдик биз, бөлүнүп бара жатып бириктик биз”. Мына ушул саптардын алдында Үркүндүн курмандыктарына арнап тургузулган эстеликтин ачылышы, андагы президенттин сүйлөгөн сөзүн жарыялады. КМШ мамлекеттеринин саммити эки жумадан кийин Бишкекте өтөрүн Нарынкүл Назаралиеванын макаласынан окуйсуздар.
“Кыргызстандын баркы дүйнөлүк деңгээлде көкөлөдү”деген сүрөттүү баян көчмөндөр оюндарына арналды. “Генийибиздин толук жарык көрбөгөн интервьюсу” деген рубриканын алдында улуу Чыңгыз Айтматовдун союз убагындагы “Неделя” деген жумалыктын кабарчысы, журналист Эльга Злотникке берген маеги басылып чыкты.
Жаңы санын көчмөндөр оюндары менен “Вечерний Бишкек” гезити да ачты. Анын баш сөзүндө: “”Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы эстен чыккыс болду . Биз бүткүл дүйнөгө өткөнүбүздү унутпаган, ата-бабаларыбыздын нарк-насилин, элибиздин салт-санаасын ар дайым эстеп, ага таазим кылып жүргөн эл экенибизди, жер шарындагы бардык элдер менен достукта жашагысы келген эл экенибизди көрсөттүк” деп жазылган.