Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51

Улуттук китепканадагы министрлик кийлигишкен чыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кызматтан убактылуу четтетилди. Ал мындай чечимди кысым катары баалап жатат. Иманкулова жетектеген акыркы эки жылда китепкананын 52 кызматкери жумуштан мыйзамсыз алынганы айтылууда.

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өткөн жуманын соңунда Алыкул Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасынын жетекчиси тууралуу билдирүү таратты. Анда бул маданий жайды эки жылдай жетектеген Нуржан Иманкулованын мыйзамсыз иштери тууралуу сөз болгон.

“Ушул жылдын февраль айында Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, Улуттук китепканадагы бир топ мыйзам бузууларды аныктаган. Иманкулова директор кызматына киришкенден тартып коллективдеги чыр-чатактан улам 52 кызматкер иштен кетүүгө мажбур болгон. Сейрек жана өзгөчө баалуу китептер бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Мамбетказиева чыр-чатактын айынан инсульт алып, ушул жылдын 6-мартында каза болду”, - деп жазылган билдирүүдө.

Иманкуловага даттануулар көп

Өткөн жылы Маданият министрлиги китепкананы текшерүүгө алып, анын жыйынтыгы менен Иманкуловага эскертүү, кийин сөгүш берген.

"Ушул жылдын 17-февралында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку Кеңешинин депутаттары катышкан жыйын өтүп, Нуржан Иманкулованы кызматтан бошотуу маселеси жактырылган. Бирок директор ал убакта дарылануу үчүн эмгек өргүүсүнө кеткенине байланыштуу кызматтан алынбай калган".

Иманкулованын мыйзамсыз иштери тууралуу китепкананын кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарына бир канча жолу чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон.


Китепканада 13 жылдан бери иштеген Чолпон Чортекова жетекчинин кысымына чыдабай өз арызы менен кызматын тапшырганын айтууда.

“Декреттик өргүүдө болчумун. Жумушка 2021-жылы октябрь айында чыктым. Жетекчи жумушта жок экен. Кийинки жумада барып жолугуп, жумушка чыгайын деп келгенимди айттым. "Сизди кыргыз китеби бөлүмүнө бөлүм башчы кылып кое албайм. Толук экенсиз, мен чыптама тиктиргем, сиз ага батпайсыз" деди. Дагы бир күнү чакырып "Сизди эл аралык бөлүмгө башчы кылам" деди эле ишенген жокмун. Айла жок өз арызым менен иштен кетүүгө аргасыз болдум”.

Иманкулованын тушунда отуз жылга чукул китепканада эмгектенген экинчи топтогу майып Рыскүл Мамбеталива да жумуштан алынган. Ал мекемеде майыптардын квотасы менен иштеп келген.

Мамбеталива жумуштан алынгандан кийин Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, иш анын пайдасына чечилген. Бирок Иманкулова шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Мамбеталиеванын ишенимдүү өкүлү Жазгүл Атантаева директор кадрларды кызматтан алуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгонун айтууда.

“Кабинетине чакырат экен. Төрт-беш адамы аркылуу "сен мындай, тигиндейсиң" деп психикалык басым кылат экен. Жекеликке өтүп, кемсинтип "өзүң кет" деп мажбурлайт экен”.

Маданият министрилигинин расмий билдирүүсүнө караганда, 2021-жылы Эсеп палатасы аудиттик текшерүү жүргүзүп, Иманкулова реалдуу иштебеген 18 кызматкерге 763, 8 миң сомдон эмгек акы төлөп турганы аныкталган.

Мындан сырткары, 2023-жылдын февраль айында Башкы прокуратура кызматтык дайындоолор, мыйзамсыз финансылык иш-аракеттер, жоголгон китептер боюнча мыйзам бузууларды аныктап, кылмыш ишин козгогон.

“Азаттык” Нуржан Иманкуловага бир нече жолу телефон чалып, бирок байланыша алган жок.

Иманкулова ага чейин, 18-июнда “Новые лица” каналына маек курган. Анда ал баары мыйзамдуу болгонун, нааразы болгон кызматкерлердин айрымдары компьютер, интернет менен иштей албаганы үчүн кызматтан алынганын айткан.

Өзүнө карата Маданият министрлигинен басым болуп жатканын да белгилеген.

“Биз ички аттестация жүргүздүк. Анын жыйынтыгы көпчүлүк кызматкерлер компьютер, интернет эмне экенин билбей турганын көрсөттү. Кээде жогору жактан чалуулар болуп турду. "Эмнеге кызматтан алдың, ордуна коюп кой" дейт, макул дейм. Кадрлар бөлүмүнөн, эсепчиден сурасам "бул жак ушундай, Маданият министрлиги менен чырмалышкан" дейт. Мен мурда мамлекеттик структурада иштеген эмесмин, бул жакта ушундай болсо мейли дедим”.

Иманкулова ошондой эле мамлекетке келтирилген 700 миң сом зыяндын ордун төлөп бергенин да кошумчалаган.

"Бул иштер менин убагымда болуп, аны көзөмөлдөбөгөнүм үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип, бюджетке өз чөнтөгүмөн 700 миң сом төлөдүм. Бизнестен келгеним үчүн ишенчээк окшойм. Табелди мага кадрлар бөлүмү, анан ведомосту эсепчилер алып келишчү, мен кол коюп берчүмүн. Мурда болгон нерселерди эле мага түртүп калышты кийин. 2022-жылы китепканада инвентаризация жүргүздүк. Анын жыйынтыгы менен китептер 2018-жылы эле жоголгонун аныктадык. Мен ал китептердин жоголушуна эч кандай тиешем жок. Ал китептер кайсы жылы чыкканынан, кайда турганынан да маалыматым жок болчу".

Бирок Маданият министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев Иманкулова айткан дооматтарды четке кагууда.

“Министрлик тарабынан кысым болду" дегени чындыкка коошпойт. Эч кандай далилдери жок. Баары мыйзам чегинде. Ал министрликтин буйругунун негизинде кызматтан убактылуу четтетилген жана тиешелүү чечим кабыл алынат. Министрлик "жумушка тигини же муну ал" деп кийлигишпейт. Андай мыйзам бузууга барбайт. Ар бир мекеменин жетекчиси кимди жумушка алып же албоону өзү чечет”.

Нуржан Иманкулова деген ким?

Китепкананын сайтында жазылган маалыматка караганда, 54 жаштагы Нуржан Иманкулова Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, Президенттин алдындагы башкаруу академиясын жана Юридикалык академияны аяктаганы жазылган.

2017-жылдан 2021-жылга чейин Президенттин алдындагы башкаруу академиясында мугалим болуп эмгектенген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Саматбек Ибраевдин жубайы.

Алыкул Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасы 1934-жылы уюштурулган. Китепкананын фондунда 90 тилдеги 6 миллионго жакын адабият бар. Алардын арасында сейрек кездешүүчү китептер да орун алган. Учурда китепканада 200дөн ашуун кызматкер эмгектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG