Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

ОшМУдагы макулатурага сатылган 29 тонна китептин чуусу


Коллаж.
Коллаж.

Ош мамлекеттик университетинин китепканасында тонналаган окуу китептери негизсиз түрдө жарактан чыгарылган. Мындай маалыматты аталган окуу жайдын окутуучулары айтып, нааразы болууда.

Алар макулатурага өткөрүлгөн окуу куралдардын ичинде керектүү усулдук китептер болгонун айтып жатышат. Бирок китепкананын жетекчилиги окуу куралдарын жараксыз болгондуктан макулатурага өткөрүлгөнүн билдирүүдө.

Ош мамлекеттик университетинин китепканасында 40 жылдан ашуун эмгектенген Бүсадат Раева жылдап чогултулган китептердин макулатурага тапшырылганына кейиди.

“Мен медицина факультетиндеги китепкананы түптөгөндөрдүн биримин. Ошол учурда Анжиян универстетинен, “Фармацевт без граница" жана "Сорос Кыргызстан" фонддорунан китептерди чогултканбыз. ОшМУнун алтын казынасына айланган байлыктарын акыркы убактарда жаңы директор Азимгүл Эсекеева эжеке “бактерия чыкты” деп, тонналаган китептерди макулатурага өткөрүп салды. Азыркы күндө жүз тонна китеп чыгарылды деген да маалыматтар бар”.

Китепканачы Раева айтып жаткан китептерди жарактан чыгаруу маселеси ОшМунун ичинде бир нече убакыттан бери талкууланып келет. Окуу жайдын китепканасындагы 29 тоннадан ашык китеп макулатурага өткөрүлгөн.

Китепкананын жетекчиси Азимгүл Эсекееванын айтымында, аталган окуу куралдары шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сунушу менен жок кылынган.

"Биз эми он миң китепти санэпидстанцияга алып бара албайбыз да. Биз ар биринен бирден гана китеп алып барып бердик текшерүүгө. Имараттын ичинде болуп жаткан жараянды текшергиле дедик. Анан ошол процесске жооп бериш керек да. Эгер өзүмдүн иш бөлмөмдөгү китепти алып барып берсем башка эле".

Вирус чыкты делген 29 тонна жакын китеп “Фемели Групп” деп аталган жеке ишканага макулатура үчүн килограммы 15 сомдон сатылган. Бирок бул чечим кабыл алынганда эле университеттин биология факультетинин бир катар окутуучулары бул аракетке каршы чыгып, китепкана жетекчилигине кайрылышкан. Алар жок кылынган адабияттардын арасында учурда окуу программасына керектүү китептер болгонун билдиришүүдө.

ОшМунун биология факультетинин окутуучусу Ибрагим Полотов “ошол китептерди өз каражатына сатып алууну" сунуштаганын айтууда.

“Бизге китепканачылардан “Окуу куралдарды иргелип, жокко чыгып жатат” деген маалымат келди. Ал китептер бизге керек экендигин айтып каршы турдук. Билдирүү жасап, кагаз жүзүндө да жазып бердик. Так илимдерде эскирген китеп болбойт. Бизге катуу эле тийди. Макулатурага канча сомдон тапшырды деген маселе да бар. Өзүбүз да алып койсок болмок. Мынчалык деңгээлде китептерди жок кылуу туура эмес”.

Факультеттин дагы бир окутуучусу Тилебалды Абдулазизов да китептердин жарактан чыгарылганын нааразы болгондордун бири.

“Ушул китептерди мага эле бергилечи. Өзүм тазалайын, өзүмө сактайын десем көнбөй койду”.

Ал тапта ОшМунун китепканасынын жетекчилиги китептердин жок кылышынын себебин санэпидкөзөмөл борборунун чечимине байланыштырганы менен көңүл буруучу дагы бир жагдай белгилүү болду. Ал жок кылынган китептердин санына барып такалат.

Ош шаардык санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак Мурзалиев былтыр мартта ОшМУдан китептер текшерүүгө келгенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, чындыгында ичеги-карын ооруларын чакырчу вирустар бар экени аныкталган. Бирок чыгарылган корутунду тонналаган китептер үчүн тиешелүү эмес дейт.

“Лабораториялык изилдөөлөр китепке гана таандык. Себеби биз келген окуу куралдарга гана корутунду чыгарып бергенбиз. Калган китептерге мунун тиешеси жок. Муну негиз кылып, калган китептерди өрттөп же башка нерсе кылуу туура эмес. Себеби жыйырмадай китеп, кийин дагы бешөө келген. Корутунду ошол китептерге гана таандык болот”.

Ош мамлекеттик университетинин китепканасын ушу тапта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун жубайы Азимгүл Эсекеева башкарып келет. Эсекеева бул иш боюнча прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети териштиргенин билдирүүдө. Бирок териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эч нерсе маалым эмес.

“Бизде СЭСтин корутунду бар. Документ жок эч нерсе кыла албайм. Алар МИТ факультетин текшерип, калган факультеттердин ар биринен китептерди алган. Окуу куралдар ошолордун негизинде чыгып жатат. Мен деле санэпидде иштесем ушундай айтмакмын. Ар-бир адам өзүн коргош үчүн айта берет. Тиешелүү документтер баары бар”.

Бирок санэпид борбору мынчалык көлөмдүү окуу куралдарды чыгыштоого корутунду бербегенин айтууда. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматкерлери берген маалыматтарга ишенгендигин билдирди.

“Мага айтышы боюнча 70-80-жылдардагы алынган китептер эскирип кетиптир. “Анда СЭСтен корутунду алгыла” дегем. Булар эми бир каанадагы бир китепти текшертип, анын корутундусу баарына жарайт дешкенби? Эгер, тактап мыйзам бузуу болсо, жетекчилерге чара көрүлөт",- дейт Кожобеков.

Негизи китептер кандай сакталышы керек? Адистер бул үчүн атайын нормалар бар экенин белгилейт.

“Китеп сакталган жерлерге күн тийбеш керек. Терезелер кара материал менен тосулсун деген талап бар. Өтө ысыкта, өтө суукта да сакталбашы керек. Муздак жерде турса нымдуулук пайда болот. Сактоо жайларында желдетип туруучу каражаттар болуусу абзел. Эгерде жүз миң, элүү миң китеп турган болсо, терезесиз бөлмөдө сакталат деген нормалар бар”,-деди Ош облустук китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева.

Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын жалпы фондунда 987 миң китеп бар. Бүгүнкү күндө тактоо иштери жүрүп жаткандыктан анын канчасы калганын так айта алышпайт.

ОшМУ Кыргызстандагы 80 жылдан ашык тарыхы бар, алдыңкы окуу жайлардын бири. Анда ​35 миңдей студент билим алат. Алардын ж​ети миңдейи чет өлкөлүктөр.

XS
SM
MD
LG