Улуттук банк акча которуу тармагына өзгөртүү киргизип, Кыргызстандан чет өлкөгө АКШ долларын алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле валюта рыногунда жасалма доллар көбөйүп кеткенин эскертүүдө.
Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Улуттук банк 18-апрелде таркаткан маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы төлөм системасы штаттык режимде иштеп жатат. Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтырууну максат кылаары белгиленген.
Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева киргизилген өзгөртүүлөрдү мындайча чечмеледи.
«Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана өлкө аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды аныктайт. Которулган акчаны жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Мисалы, Орусия Федерациясынан алардын улуттук валютасы рубль менен гана жиберилип, Кыргызстанга келген учурда алуучу кааласа рублди алса болот. Же болбосо, банктын белгиленген курстарына ылайык башка валютага алмашытырп алса болот. Мисалы, сомго же АКШ долларына алмаштырып ала алышат».
Улуттук банк экономикалык коопсуздукту, финансы жана банк системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн буга чейин бир катар чектөө чараларын киргизген. Финансы-кредит уюмдары тарабынан нак АКШ долларын чыгаруу убактылуу токтотулган, сомго карата орус рублинин расмий курсунун рыноктук курсу белгиленген, финансы-кредит уюмдары үчүн казак теңгесин сатып алуу курсу убактылуу төмөндөтүлгөн, финансы-кредит уюмдары үчүн теңге боюнча операцияларды жүргүзүү көлөмү убактылуу чектелген.
Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева АКШ долларын чет өлкөгө чыгарууга салынган тыюу банктар менен микрофинансылык уюмдарга тийиштүү экенин билдирди.
«Улуттук банк тарабынан банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана акча алмаштыруу жайларына тыюу салганбыз. Анткени, «Банк иши жөнүндө» мыйзамга ылайык Улуттук банк лицензия берген финансы-кредиттик уюмдарга гана тыюу сала алат. Башка, мисалы, жарандарга, ишканаларга бул бөгөт жайылтылбайт».
Анткен менен жарандар үчүн да АКШ долларын чет өлкөгө чыгарууга чектөө киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, кыргыз жараны 10 миң доллар, чет элдик жаран 5 миң доллардан ашык сумманы өлкө сыртына чыгара албайт.
Каржы маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев Улуттук банктын акча которууларга киргизип жаткан өзгөртүүлөрүн валюта рыногун көзөмөлдөө аракети деп эсептейт.
«Бул долларга эмес, башка валюталарга тийиштүү. Мисалы, рубль же теңгеге. Ошолор которулуп, анан сом менен алына турган болсо, анда банк системасы бөлөк валюталардын Кыргызстанга келишин көзөмөлдөй алат. Кыргызстанда сомдун рубль менен теңгеге болгон курсу төмөн. Бул спекуляциялык аракеттерди да ооздуктоо үчүн дагы колдонсо болот. Анткени, Кыргызстанга рублди которуп, доллар же евро сатып алышы мүмкүн. Ушундай тобокелчиликтер бар. Ошондуктан, сом аркылуу башка валюталарга конвертация кылсын деген сигнал болушу мүмкүн».
Муну менен катар, Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгын маалымдады.
Бир жума мурда акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда доллардын таңкыстыгы жаралганы кабарланган. Акча алмаштыруучулардын маалыматында, буга көпчүлүк банктардын долларды сатууга чектөө киргизиши себеп болгон.
Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскуловдун айтымында, учурда валюта рыногундагы абал мурункуга караганда бир кыйла турукташып калды. Кийинки кездери рубль көбүрөөк айлана баштаганы байкалат. Рыскуловдун баамында, мындан бир жума мурда ири көлөмдөгү жасалма акчаны алмаштыруу аракети орун алды.
«Жасалма доллар боюнча кез-кезде болуп турат. Азыр көпчүлүк акча алмаштыруу жайларында банкноттун аныктыгын текшере турган ультра нурлуу акча саноочу машинелер турат. Ага карабай эле, жасалма акча дагы деле кездешип турат. Бир жума мурда акча алмаштыруучу жайга бир кардар беш миң доллар алып келген экен. Элүү долларлык купюралар да бар болчу. Улуттук банктын текшерүүчүсү ассоциациянын жетекчиси катары мени чакырды. Барып, фактыны каттап, 102ге чалып, милицияга тапшырып бергенбиз. Андан кийинки тагдыры кандай болгонун билбейм. Жаш эле бала болчу. Ар кандай болуп калат да. Соода-сатыкта жүрүшөт, балким бирөөдөн алганбы».
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2021-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2 млрд. 756,2 млн. доллар которгон. 2022-жылдын январь-февраль айларында мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары 364,7 млн. долларды түзгөн. Бул былтыркы ушул мезгилге караганда 36,1 миллионго көп. Мигранттардын өлкөгө которгон каражатынын 97% ашууну Орусияга тиешелүү.
2022-жылдын башынан тартып 13-апрелге чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284,30 млн. АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жана 19,90 млн. АКШ доллары суммасына доллар сатып алуу боюнча эки интервенция жүргүзгөн.