Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Янукович менен Путин Сочиде жолугат


Украина президенти Виктор Янукович Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушмакчы.

Эки лидер буга чейин 8-январдагы кездешүүдө Украинадагы кризисти талкуулашкан.

Янукович өткөн ноябрда Европа биримдиги менен тыкыс кызматташуу боюнча келишимге кол коюудан баш тарткандан көп узабай Киев өкмөтү Москвадан финансылык жардам алары жарыяланган.

Бул факт европачыл оппозициянын чырагына май тамызып, митингдер күчөгөн.

Сочиге аттанаар алдында Янукович АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен сүйлөшүү учурунда Конституциялык реформаларды жактаарын айтты. Европа менен интеграцияны колдогон демонстранттар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, президенттин ыйгарым укуктарын кыскартууну талап кылышууда. Бирок Янукович алымча-кошумчалар мыйзамдуу жол менен киргизилүүгө тийиш деп белгиледи.

Украин жетекчиси ошондой эле митингдер маалында кармалган активисттерди эркиндикке чыгаруу процессин ыкчамдатууну колдоорун кошумчалады. Янукович демонстранттар ээлеп алган коомдук имараттар бошотулганда гана мунаса берилерин айтып келет.

Ал тапта Нуланд АКШнын Киевдеги элчиси Жеффри Пайетт менен телефон сүйлөшүүсү ачыкка чыгып калгандан кийин Европа биримдигинин жетекчилигинен кечирим сурады.

Интернетте тарап кеткен сүйлөшүүдө АКШнын кризисти чечүүгө багытталган кадамдары жана украин оппозициясынын дарамети талкууланган. Сыягы, америкалык жогорку даражалуу дипломаттар январдын этегинде, Янукович оппозициянын лидери Арсений Яценюкка өкмөт башчы, ал эми Виталий Кличкого вице-премьер болууну сунуштагандан кийин баарлашкан.

Нуланд делген аял Кличконун жаңы өкмөткө кириши анча жакшы идея эмес деп айтат:

Виктория Нуланд
Виктория Нуланд
- Менимче, Яц (Яценюк) экономика, башкаруу чөйрөлөрүндө тажрыйбасы бар жигит. “Клич” (Кличко) менен Тягнибокту өкмөткө албаш керек деп ойлойм. “Клич” өтө эле тереңдеп бараткандай. Яценюк үчүн иштеп бере тургандай деңгээлге жетиши керек. Бул болбогон нерсе.

Ал сүйлөшүүдө Европа биримдигинин Киевдеги дипломатиялык аракеттерине ичи чыкпаганы да айтылып, катуу сөздөр колдонгон. АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки 4 мүнөттүк телефон сүйлөшүүсүндө чындап эле Нуланд менен Пайаттын добуштары жазылганын четке каккан жок жана бул тасма жасалма эмес болушу ыктымал деди:

Элчи Пайетт менен Мамкатчынын жардамчысы Нуланд Украина өкмөтү, оппозициясы, ишкелер жана жарандык активисттер менен иштеп жатышканы жашыруун эмес. Албетте, окуялардын өнүгүшүн, сунуштарды, акыркы кырдаалды талкуулашканы таң калычтуу болбошу керек.

Псаки аудиотасманы интернетке ким жайгаштырганынан кабары жоктугун айтты. Ошол эле маалда аны социалдык сайттарда жайылтып аткан Москваны сындап, муну орус конспирациясынын бир бөлүгү деп атады.

"Америкалыктардын бир тараптуу түрдө Украинанын ички иштерине кийлигишип жатышы келишимдин шарттарын одоно бузуу болуп саналат", - деди Кремлдин өкүлү "Коммерсант" басылмасындагы интервьюда. Глазьевдин айтымында, Вашингтон украин оппозциясы менен козголоңчуларга жумасына 20 миллион доллар берип жатат.

Ал “Жаңжал курчуганда гаранттар кийлигишүүгө тийиш” деп, Орусиянын да чара көрөрүн кыйытты.

XS
SM
MD
LG