Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Саакашвили: Өч алыш үчүн келген жокмун


Михаил Саакашвили, 29-май, 2019-жыл.
Михаил Саакашвили, 29-май, 2019-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилинин партиясы парламенттик шайлоого катышат. Саакашвили бүгүн Киевге учуп келди.

29-майда «Борисполь» аэропортунда саясатчыны түмөндөгөн адамдар тосуп алышты.

«Украинанын абасы менен дем алып жатканыма жетине албай турам. Мен алып-сатаарлардын бийлигине, акыйкатсыздык менен уурулукка каршы үн катканым үчүн өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Мен сүйгөн мамлекетиме кайтып келдим. Мен бул жакта 12 жыл жашап, окуп, эки жыл армияда кызмат өтөгөм. Мен өч алуу, талкалоо же жазалоо үчүн келген жокмун. Мага Одессада жасаттырбай койгондорду аягына чыгаруу үчүн келдим».

Саакашвилини Киевге адвокаты Вячеслав Самсоненко менен Жогорку Раданын депутаты Виталий Куприн коштоп келишти.

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко Михаил Саакашвилини 2015-жылы майда Одесса облусунун өкмөттүк администрациясынын башчысы кылып дайындап, жарандык берген. Эки жылдан кийин эле саясатчы кызматынан алынып, жарандыгынан ажыратылган. Порошенко мындай чечимин Жарандык маселелер боюнча комиссиянын «Саакашвили жарандык алып жатканда Украинада жана чет өлкөдө тергөө иштерине кириптер болбогондугу тууралуу жалган маалымат берген» деген тыянагы менен негиздеген. Саакашвили Украинанын паспортун алганга чейин Грузияда камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарылганы маалым болгон. Грузиянын экс-президенти ал кезде чет өлкөдө жүргөн.

Саясатчы мындай чечимди Украинанын Баш мыйзамы менен эл аралык укуктарды бузуу катары баалаган. 2017-жылы сентябрда жактоочуларынын жардамы менен Украинанын чек арасынан өтүүгө аракет кылып, Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган. Кийин ага үч жылга өлкөгө кайтууга тыюу салынып, Польшага чыгарылган​.

Украинанын жаңы башчысы Владимир Зеленскийдин буйругу менен 28-майда ага жарандык кайтарылары кабарлангандан кийин эле саясатчы видеокайрылуу таратып, чукул арада Киевге бараарын билдирген. Варшавадагы элчиликте документ алып, бул кабар менен «Фейсбуктагы» баракчасында бөлүшкөн. Эми «Украина – менин үйүм» деп кайткан саясатчы Киевге келип, бийликке умтулбай турганын билдирди:

«Менин эч кандай дымагым жок. Украинаны ийгиликтүү кылгым келгени мен үчүн маанилүү. Биз үчүнчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек! Биринчи мүмкүнчүлүк алгачкы Майданда, экинчиси кандуу согушка алып барган экинчи Майданда болгон. Үчүнчүсү – электораттын төңкөрүшү! Ошон үчүн бардыгыбыз бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек!»

Саакашвили Зеленскийди «чечкиндүү жана татыктуу президент» катары баалап, анын бийликке келиши чоң ишеним жаратканын белгилеген. Буга кошумча жаңы президенттик администрацияга өзү кат жөнөтүп, жарандыкты кайтарып берүүнү суранганын айтты.

Саясат таануучу Алексей Гарань Саакашвилинин келишин парламенттик шайлоого байланыштырат. Профессордун айтымында, мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясы Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясына караганда көп добуш топтошу ыктымал.

«Анын саясий келечеги жок, - деди Гарань. - Ал мурун Украинада жүргөндө деле болгон эмес. Ал «Жаңы күчтөр кыймылын» түзүүнү эңсеп, бирок социологиялык сурамжылоолор ал кыймыл үч пайыздык көрсөткүчкө жете тургандай добуш ала албаганын көрсөтүп койгон. Ал өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Башка бир саясий күчкө кошулуп алса болот. Бирок азыркы кезде анын Украинанын саясатындагы орду бүдөмүк. Аны Порошенкону сындап, чыр чыгарууга гана колдонушат».

Саакашвили негиздеген «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясы 21-июлда өтө турган шайлоого катышаарын жарыялады.

«Биз, партия катары бул шайлоого барып, биз каалаган философия менен долбоорлорду коргойбуз. Бул шайлоого катышуу – шайлоочуларыбыздын алдындагы милдет», - дейт партиянын азыркы лидери, Украинанын мурунку башкы прокурорунун орун басары Давид Сакварелидзе.

«Порошенко эми Саакашвилиге алаксып, ага да күч коротушу керек», деп жазды саясат таануучу Алексей Минаков.

Ал эми саясий баяндамачы Александр Мусиенко Грузиянын экс-президентине премьер-министрлик кызмат сунушталат деп божомолдойт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG