Эки мамлекет ортосундагы алакага мындай баасын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-октябрда башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясы уюштурган жыйындагы докладында берди. Ошондой эле бул абалдан чыгуу Украина кризисин жөндөө менен байланышта болорун белгилей кетти.
Орусия-Батыш, анын ичинде АКШ алакасы Кансыз согуш жылдарындагы тонун кийгени быйыл мартта Крымды Орусия Украинадан аннексиялап алгандан кийин көп айтыла баштаган. Ал эми Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер куралдуу күрөшүн баштап, Москва аскерлерин Украина чек арасына топтогон соң, Евробиримдик - Москва, Вашингтон -Москва мамилеси ого бетер начарлаган. Себеби, алар Кремлди орусиячыл жикчилдерге каруу-жарактан жардам берүүдө деп, бир катар санкцияларды киргизген. Өз кезегинде Москва да тийиштүү кадамга барган. Бул жагдай тууралуу 29-сентябрда Евробиримдиктин соода боюнча жаңы комиссары болуп дайындалып жатып, Сесилия Мальмстроем айым буларды айткан эле:
- Бир нече жыл илгери Орусия менен соодада жана кызматташуунун башка тармактарында оң көрүнүштөр бир кыйла көп болчу. Өкүнүчкө карай, Украинага басып киргенден мурда эле өз ара алака жаңылыш багытта бараткан. Ошондой эле Орусиянын ичиндеги жалпы жагдай: демократиянын абалы, бейөкмөт уюмдардын укуктары, фундаменталдык укуктар, сөз эркиндиги жана башкалар бизди тынчсыздандырып жаткан...
Вашингтон-Москва арасындагы азыркы абалга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-октябрда өз баасын берди. Ал Москвада башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын демилгеси боюнча өткөн жыйында доклад жасап, эки ортодогу мамиле жетер чегине чейин начарлаганын, бирок мындан да паска түшпөйт деген үмүтүн айтты. Бирок ал ортодогу мамилени Кансыз согуш деп мүнөздөй албасын астейдил эскертти:
- Дайыма кайсы бир образды, кайсы бир терминди табууга азгырыласың. Мисалы, бул экинчи Кансыз согушпу же эски Кансыз согушка кайрылуубу деп сурашат. Албетте, бул Кансыз согуш эмес. Бул мамилелер кайда алып баратат деп сураса жөндүү болмок. Билесиздер, алар ушунча алыс жана ушунча терең кетти. Мен өз ара чогуу аракеттенүүнүн бул төмөндөгөн деңгээли анын кайсы бир түбүнө жетти деп үмүт кылам.
Лавровдун сөзүнө караганда, Орусия-АКШ ортосундагы мамиленин оңолуусу Украинанын чыгышындагы Донбасс регионундагы москвачыл жикчилдер менен апрелден бери жүрүп жаткан согуштун токтотулушуна жана алар менен расмий Киев ортосундагы саясый мунасанын табылышына багыныңкы болот. Жана Лавров Батыштын санкциялары Кремл менен биргеликте Украин кризисинен жол табууга жардамдашпай, тескерисинче, зыян гана кыларын айта кетти:
- Биздин өз ара мамилебизде азыр келген мезгил узак болот. Украин кризиси канча бир убакытты алгандан башка да баарыбыз бир жактуу санкциялар жөнүндө эле эмес, конструктивдүү нукта да ойлонуубуз керек болот.
Сергей Лавров “Украинада болгон сценарий” Молдовада жана Кишиневдун амирин тааныбаган Приденстровьеде дагы кайталанышы мүмкүн деди. Эгер Молдова бейтарап болбой, Киевчесинен Евробиримдик менен коюн-колтук болууга багыт алса, Приднестровье өз тагдырын өзү аныктоого укуктуу деп, Кишиневду сестендирди Орусиянын тышкы иштер министри.
Батыш, анын ичинде АКШ менен Кремл ортосундагы мамиле начарлап кеткени жана анын кесепетинен түзүлгөн геосаясый абал Орусиянын экономикасына тескери таасир этүүдө. Мындай көрүнүшкө Эл аралык валюта фондунун Орусиядагы миссиясынын башчысы Антонио Спилимберго 1-октябрда Москвадагы маалымат жыйынында кабарчылардын көңүлүн бурган:
- Азыр геосаясый бүдөмүктүктөн улам Орусиянын иш жүзүндө тышкы базарга чыгуусу өтө чектелүү, атүгүл чыга албайт. Ошо эле учурда белгисиздиктен улам инвесторлор Орусияга капитал салууга көп шыктанышпайт.
Украин кризисинен улам, же Орусия Крымды аннексиялап, Москва Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдогонго байланыштуу Евробиримдик менен Кошмо Штаттар Орусияга каршы удаа-удаа санкция жарыялаган. Анын натыйжасында Орусияда инфляциянын жылдык деңгээли 8 процентке чыгып, рубль бир кыйла кунун жоготту жана үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айында 75 миллиард доллар өлкөдөн тышка чыгарылып кеткен. Орусияга инвестиция салуу жайлаган.